БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Мария Коробицкая менен Дарья Маслова Ташкент марафонунда алтын медаль утушту. Маалыматты Жеңил атлетика федерациясы Sputnik агенттигине тастыктады.
Үчүнчү эл аралык марафон бүгүн, 28-мартта, Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында өттү.
Мария Коробицкая 42,195 чакырымдык аралыкка чуркоодо биринчи келип, алтын медаль тагынган. Ал эми Дарья Маслова 21,1 чакырымдык жарым марафондо баарынан озуп, алтын байге утту. Дагы бир кыргызстандык жөө күлүк Гульшаной Сатарова марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды.Эркектер арасында кыргызстандык спортчу Илья Тяпкин марафондук аралыкка жарышып, экинчи орунду ээлеген.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынан алтын медаль утуп алды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Тыныбекова финалда монголиялык балбан менен кез келип, натыйжада 11:0 эсеби менен жеңишти камсыздады.
Ал 62 килограммдык салмак категориясында күрөштү. Этаптык беттештерде Индия, Казакстан, Корея жана Өзбекстандын спортчуларын жеңип, финалга чыккан.
Айсулуу Тыныбекова ушуну менен төртүнчү ирет Азия чемпиондугун багындырууда. Буга чейин Таиланддагы (2016), Индиядагы (2017) жана Кытайдагы (2019) турнирлерден алтын менен кайткан. Ал эми былтыр Нур-Султанда дүйнө чемпиону болуп, Токио Олимпиадасына жолдомо алган.
Абанын табы +8 гана градус болгонуна карабай сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү.
Иш-чара өткөн курортко келе албаган спортчулар ага онлайн-форматта катышты. Уюштуруучулар атайын тиркеме иштеп чыгып, иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы жеринде туруп катышкандар болду.
BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат. Ага миңдеген спортчулар купальник кийип катышышат. Негизги максат — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо.
Кышкы карнавалга 700 сноубордчу жана лыжа тебүүчү катышты
Абанын табы +8 гана градус болгону эч кимди чочулаткан жок
Сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү
Музыканын коштоосунда жүздөгөн спортчу "учуп" жөнөштү
Иш-чарага онлайн-форматта катышкандар дагы болду
Онлайн катышууну каалагандар үчүн уюштуруучулар атайын теркеме иштеп чыккан
Сууктан коркпогон катышуучулар
Онлайн-форматтагы иш-чарага чет өлкөлүк спортчулар гана эмес, россиялыктар дагы катышты
BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат
Карнавалдын негизги максаты — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо
Катышуучулар медициналык кароодон өтүп жатат
Катышуучу аял
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн жасалуучу "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жасалат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Мамлекеттик резиденцияда атайын имарат бөлүнүп берилди, ал толук тазаланган жана талаптагыдай жабдылган. Кайнатма чөп ошол жерден жасалат, атайын жабдуу бар. Ал жерде медицина кызматкерлери бар, министр өзү да катышууда. Медиктер 300дөй ыктыярчыны дарылап сакайтты. Саламаттык сактоо министри өзү бул аракетти колдоп, акырындык менен пайдаланылып жатат", — дешти президенттик аппараттан.
Алар кайнатма чөп кустардык ыкма менен куюлбай турганын белгилешти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү чөптөрдүн катарына кирет. Тажрыйбалуу медиктер коронавирустан мурда бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунушташууда.