БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкекте өтүүчү дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына 32 өлкөнүн спортчулары катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт.
Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтөт. Чемпионат Олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында.
Жарыш Эл аралык дзюдо федерация бекиткен алгоритмге ылайык өткөрүлөт. Бардык санитардык эрежелер сакталып, көрүүчүлөр киргизилбейт. Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулмакчы.
Видео UFC Russia YouTube-каналына жүктөлдү.
Валентина Шевченко беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. Муну менен кыргызстандык мушкер биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болгон.
Ошол эле жылы америкалык Лиз Кармушту калыстардын чечими менен жеңген. Ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен утса, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны упайдын эсебинде жеңди.
Ушул дем алышта Шевченко бешинчи ирет титулун коргомокчу. Аны менен минималдык салмак категориясынын мурдагы чемпиону Жессика Андраде беттешет.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. 1-майда Ала-Арча капчыгайында "Альпиниада – 2021" эл аралык мелдеши болот. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен билдиришти.
Анын катышуучулары өз тандоосуна жараша Комсомол чокусуна, Рацек үйүнө жана Адигине көлүнө бара алат. Ага чет өлкөлөрдөн жана жергиликтүү спортчулардан 200дөй кишинин катышары күтүлүп жатат.Иш-чаранын негизги максаты — спорттун альпинизм, аскага чыгуу сыяктуу түрлөрүн пропагандалоо, спортчулардын квалификациясын жогорулатуу жана элди сергек жашоого үндөө.
Комсомол чокусуна жашы 16дан өткөндөр гана бара алат. Жалпысынан жүрүшкө спортчулар топ-топко бөлүнүп катышат. Ар бир топто бештен онго чейин киши болушу керек.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.