Кыргызстанга атаандаш Япониянын футбол командасы Монголияны 14:0 менен утту

© REUTERS / ISSEI KATOФутбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Япониянын курама командасы Монголиянын оюну
Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Япониянын курама командасы Монголиянын оюну - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
Кыргызстандын командасы дагы үч оюнга чыгышы керек. Атаандаштарынын арасында Япония менен Монголия да бар.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Япониянын курама командасы Монголиянын оюнчуларын 14:0 эсебинде жеңип алды.
Оюн Монголияда өткөрүлмөк, бирок пандемияга байланыштуу Японияда болду. Биринчи таймда Монголиянын футболчулары дарбазасына беш топ өткөрүп жиберди. Экинчи бөлүктө япониялыктар алты гол камсыздаган, ал эми кошумча берилген мөөнөттө дагы үч топ киргизишти.
Кыргыз курама командасынын күйөрмандары футболдук беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Футбол: КР олимпиадалык курама командасы эл аралык мелдештеги алгачкы оюнда утулду
Учурда "F" тобунда 15 упай менен Япония алдыда бара жатат, экинчи сапта 10 балл менен тажикстандыктар, кыргызстандыктар жети упай менен үчүнчү орунда. Мьянма алты балл алган, Монголия үч упай менен эң акыркы орунда турат.
Ар бир команда сегизден беттеш өткөрүшү керек, Кыргызстандын командасы кирген "F" тобунда бештен сегизге чейин оюн өткөргөндөр бар. 
Улуттук команда 7-15-июнь күндөрү Дүйнө чемпионатына тандоонун алкагында дагы үч ирет оюн талаасына чыгат. Андагы атаандаштарынын арасында Япония менен Монголия да бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0