UFC Антонина Шевченко менен Андреа Линин беттешинин расмий постерин чыгарды

© Фото / Roger AllenUFC уюму кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко. Архив
UFC уюму кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Жазылуу
Уюмдагы кыз-келиндердин жеңил салмактагы рейтингинде кыргызстандык мушкер 12-катарда болсо, аттандашы 11-сапта турат.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. UFC уюму кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко менен америкалык Андреа Линин беттеши тууралуу расмий постерин чыгарды. Кыздар 16-майда UFC 262 мелдешинин алкагында таймашарын ufcrussia Instagram баракчасына жазды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Кыз-келиндердин жеңил салмактагы (57 килограмм) рейтингинде Антонина Шевченко 12-катарда болсо, аттандашы Андреа Ли 11-сапта турат.
Бир чапканда жарык да өчтү. АКШда өткөн ММА беттешиндеги окуянын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Бир чапканда жарык да өчтү. АКШда өткөн ММА беттешиндеги окуянын видеосу
Аталган уюмда 2019-жылдан бери күчүн сынап келген кыргызстандык спортчу төрт беттеш өткөрүп, анын экөөсүн уткан. Акыркы жолу былтыр ноябрда UFC 255 турниринде ал бразилиялык Адриана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алган. Мыкты, кызыктуу беттеш көрсөткөнү үчүн UFC уюму ага 50 миң доллар бонус берген.
Антонинанын атаандашы Андреа Ли кикбоксинг спортунун чебери болгон. Кийин ММА спортуна өтүп, 2018-жылдан бери UFC уюмунун мелдештерине чыгып келет. Аралаш мушташ спортунда ал жалпысынан алты беттеш өткөрүп, акыркы үчөөндө жеңилүү ызасын тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0