Кыргызстандын футбол адистери АФКнын беттештерин тейлөөгө дайындалды

© AFP / LAURENCE GRIFFITHSФутболчу. Архив
Футболчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Жазылуу
АФК мелдештерин тейлөөгө жооптуу болгон ата мекендик футбол адистери бири беттештерге комиссарлык кылса, дагы бири калыстардын ишин көзөмөлгө алат.
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Өлкөнүн футбол адистери Кемел Токабаев менен Виктор Колпаков Азия футбол конфедерациясынын алкагында өтүүчү эл аралык беттештерди тейлөөгө чакырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.
Футболдук союздун аткаруу комитетинин мүчөсү Кемел Токабаев АФКнын Чемпиондор лигасы мелдешинин "В" тайпасындагы беттештерине комиссарлык кылат. Оюндар 14-29-апрель күндөрү Бириккен Араб Эмирлигинин Шарж шаарында борборлоштурулган форматта өтөт.
Кыргызстандын футболдук союзунун (КФС) президенти Канатбек Маматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
КР футболунун 100 жылдыгы, өлкөгө келчү Жанни Инфантино. КФС президентинин маеги
Кыргызстандык дагы бир футбол адиси Виктор Колпаков АФК кубогу мелдешинин "Батыш" зонасынын плей-офф баскычындагы "Аль-Амари Центр" менен "Кувейт СК" командаларынын оюнуна инспектор болуп дайындалды. Беттеш 20-апрелге белгиленген.
Эскерте кетсек, комиссар командалардын коопсуздугун, кийген формаларын аныктоодон тарта, оюндун өз убагында башталып, бүтүшүнө чейинки бардык иштерге жооптуу болот.
Ал эми инспектор футболдук беттешти тейлеген калыстардын ишин көзөмөлгө алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0