БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкекке Япония менен Кореянын курама командалары дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 6-9-апрель күндөрү Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Ага 32 мамлекеттин спортчулары катышат.
"Чемпионатты коронавирус шарттында өткөрүү протоколуна ылайык, ар бир командага өзүнчө транспорт, медициналык текшерүү, ПЦР-тест жана 24 саат байкоо жүргүзүү шарты каралган", — деп айтылат маалыматта.
Азия жана Океания мелдешине Австралия, Бахрейн, Кытай Тайбэйи, Фиджи, Гуам, Гонконг (Кытай), Индия, Иран, Япония, Иордания, Казакстан, Кирибати, Кувейт, Кыргызстан, Ливан, Монголия, Непал, Жаңы Зеландия, Пакистан, Кытай, Филиппиндер, Катар, Түштүк Корея, Сауд Аравиясы, Сирия, Тажикстан, Таиланд, Тонга, Түркмөнстан, Бириккен Араб Эмирлиги, Өзбекстан жана Йемен өлкөлөрүнөн атлеттер катышат.
Жарыш Эл аралык дзюдо федерациясы бекиткен алгоритмге ылайык өткөрүлөт. Бардык санитардык эрежелер сакталып, көрүүчүлөр киргизилбейт. Бишкекте күйөрмандар үчүн фан-зона уюштурулмакчы.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынан алтын медаль утуп алды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Тыныбекова финалда монголиялык балбан менен кез келип, натыйжада 11:0 эсеби менен жеңишти камсыздады.
Ал 62 килограммдык салмак категориясында күрөштү. Этаптык беттештерде Индия, Казакстан, Корея жана Өзбекстандын спортчуларын жеңип, финалга чыккан.
Айсулуу Тыныбекова ушуну менен төртүнчү ирет Азия чемпиондугун багындырууда. Буга чейин Таиланддагы (2016), Индиядагы (2017) жана Кытайдагы (2019) турнирлерден алтын менен кайткан. Ал эми былтыр Нур-Султанда дүйнө чемпиону болуп, Токио Олимпиадасына жолдомо алган.
Абанын табы +8 гана градус болгонуна карабай сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү.
Иш-чара өткөн курортко келе албаган спортчулар ага онлайн-форматта катышты. Уюштуруучулар атайын тиркеме иштеп чыгып, иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы жеринде туруп катышкандар болду.
BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат. Ага миңдеген спортчулар купальник кийип катышышат. Негизги максат — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо.
Кышкы карнавалга 700 сноубордчу жана лыжа тебүүчү катышты
Абанын табы +8 гана градус болгону эч кимди чочулаткан жок
Сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү
Музыканын коштоосунда жүздөгөн спортчу "учуп" жөнөштү
Иш-чарага онлайн-форматта катышкандар дагы болду
Онлайн катышууну каалагандар үчүн уюштуруучулар атайын теркеме иштеп чыккан
Сууктан коркпогон катышуучулар
Онлайн-форматтагы иш-чарага чет өлкөлүк спортчулар гана эмес, россиялыктар дагы катышты
BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат
Карнавалдын негизги максаты — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо
Катышуучулар медициналык кароодон өтүп жатат
Катышуучу аял
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте өткөн митингге байланыштуу эртең Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде кеңейтилген жолугушуу болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн ондогон медицина кызматкерлери Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артем Новиков кабыл алды.
Ал медиктерге компенсация төлөө боюнча маселенин үстүндө атайын комиссия иштеп жатканын белгиледи.
"Эртең Саламаттык сактоо министрлигинде биз медицина кызматкерлеринин, министрликтердин өкүлдөрүнүн, кенемтелерди төлөө боюнча комиссия мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрөбүз. Анда көйгөйлүү маселелердин баары кылдат изилденет. Биз өз кезегинде компенсацияларды төлөө боюнча маселенин мүмкүн болушунча тезирээк чечилиши үчүн болгон аракеттерди көрөбүз.
Экономика жана финансы министрлиги медициналык кызматкерлердин базалык эмгек акысын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзөт. Биз мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянабыз", — деген Новиков.
Медиктер пандемияда кызматтык милдетин аткарууда коронавирус илдетин жуктуруп алгандарга компенсация төлөө, эмгек акынын аздыгы, коргоо жана коопсуздук кепилдигине байланышкан көйгөйлөрдү ортого салышты.