Бишкектеги велосипедчилердин жүрүшү

Бишкекте велосипедчилердин жүрүшү болду. Сүрөт

(жаңыланган 22:08 04.04.2021)
Велосипедчилер басып өткөн шакекче сымал болгон маршруттун узундугу болжол менен 10 чакырымга чукулдап барды.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Борбор калаада 2021-жылдагы биринчи веложарыш болду.

  • Участники велопробега здоровья в Бишкеке. 04 апреля 2021 года
    Борбор калаада 2021-жылдагы биринчи веложарыш болду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек Шамбетов
  • Участники велопробега здоровья в Бишкеке. 04 апреля 2021 года
    Колонна "Адинай" паркынан чыгып, Айтматов проспекти менен жүрүп отуруп, Масалиев көчөсүнө чейин барды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек Шамбетов
  • Участники велопробега здоровья в Бишкеке. 04 апреля 2021 года
    Ал жерден чыгышты көздөй бурулуп, Токомбаев — Жетикашкаева көчөсүнө чейин жетип, кайра Токтоналиев көчөсүндөгү "Ден соолук" паркына келди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек Шамбетов
  • И. о. мэра Бактыбек Кудайбергенов на велопробега здоровья в Бишкеке. 04 апреля 2021 года
    Шакекче сымал болгон маршруттун узундугу 10 чакырымга чукулдап барды. Веложарышка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да катышты
    © пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек Шамбетов
  • Маленький участник велопробега здоровья в Бишкеке. 04 апреля 2021 года
    Велосипедчилердин коопсуздугун ЖКККБнын үч автонуаасы менен бир тез жардам көзөмөлдөп жүрдү
    © пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек Шамбетов
1 / 5
© пресс-служба мэрии города Бишкек Улукбек Шамбетов
Борбор калаада 2021-жылдагы биринчи веложарыш болду

Колонна "Адинай" паркынан чыгып, Айтматов проспекти менен жүрүп отуруп, Масалиев көчөсүнө чейин барды. Ал жерден чыгышты көздөй бурулуп, Токомбаев — Жетикашкаева көчөсүнө чейин жетип, кайра Токтоналиев көчөсүндөгү "Ден соолук" паркына келди.

Шакекче сымал болгон маршруттун узундугу 10 чакырымга чукулдап барды. Веложарышка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да катышты.

Велосипедчилердин коопсуздугун ЖКККБнын үч автонуаасы менен бир тез жардам көзөмөлдөп жүрдү.

Белгилер:
велосипед, веложарыш, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекке Япония менен Кореянын дзюдочулары чемпионатка катышууга келди. Сүрөт
Кыргызстандын футбол адистери АФКнын беттештерин тейлөөгө дайындалды

Толкун менен жарышып сёрфинг тепкен спортчулардын бүйүр кызыткан видеосу

Динамикалуу музыканын ыргагында сёрфинг тепкен спортчулар укмуштуудай трюктарды жасап жатканын көрүүгө болот.

Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.

Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.

Белгилер:
толкун, спорт, серфинг
Тема боюнча
Болбогон жерден жем болду… Чалынып кетип арстанга кармалган эликтин видеосу

Дүйнөдөгү эң бай 15 киши. Сүрөттөр

  • Ларри Пейж менен Сергей Брин дүйнөдөгү эң популярдуу Google издөө системасын иштеп чыгышкан. Байлардын тизмесинде сегизинчи катарда турган Ларри Пейждин мүлкү 91,5 миллиард доллар
Forbes журналы жакында эле жыл сайын жарыялоочу дүйнөнүн эң бай адамдарынын рейтингин чыгарды. Байлыгына сан жетпеген кишилер кандай болорун, алардын мүлкү тууралуу Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн окуңуз.

Эң байлардын тизмесинде дагы деле Amazon интернет-ритейлердин башкы директору Жефф Безос көч баштоодо. Анын байлыгы бир жыл ичинде 64 миллиард долларга көбөйгөн. Учурда анын мүлкү 177 миллиард долларды чапчыйт.

Tesla компаниясынын ээси, жеке ишкер Илон Маск экинчи сапта турат. Өткөн жылы анын компаниясынын акциялары 720 пайызга кымбаттап, рейтингдеги 31-катардан дароо экинчиге көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.

LVMH мода үйүнө үй-бүлөсү менен ээлик кылган Бернар Арно үчүнчү сапка жайгашып, мүлкү 150 миллиард долларга бааланууда. Эскерте кетсек, россиялык супермодель Наталья Водянова Бернардын уулу Антуан Арнонун жубайы болот.

Рейтингге бардыгы болуп 2 755 миллиардер кирген. Алар былтыркыдан 660 кишиге көбөйгөн. Миллиардерлердин мүлкү жалпы жонунан 13,08 триллион долларга бааланууда. Бул рекорддук көрсөткүч.

 

  • © REUTERS / Joshua Roberts

    Планетанын эң бай адамы Жефф Безос 2018-жылы Вашингтондо өткөн экономикалык клубдун жыйынында сүйлөп жаткан учуру

  • © AP Photo / Richard Drew

    Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск автоунаанын жанында турат. 2020-жылы ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде болуп көрбөгөндөй секирик жасаган

  • © AFP 2021 / Gabriel Bouys

    Рейтингде үчүнчү сапта LVMH мода үйүнө ээлик кылган Бернар Арно жана үй-бүлөсү турат. Сүрөттө: Бернар Арно өмүрлүк жары, уулу Антуан жана келини россиялык супермодель Наталья Водянова

  • © AFP 2021 / Tobias Schwarz

    Microsoft компаниясын негиздеген Билл Гейтс 124 миллиард доллар мүлкү менен төртүнчү орунда турат. Ал жубайы менен дүйнөдөгү эң ири кайрымдуулук фондду жетектешет. Мындан сырткары, АКШнын 19 штатында дыйканчылык жерлери бар

  • © AP Photo / Bob Edme

    Бешинчи сапты Марк Цукерберг ээлеген. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсүнүн мүлкү 97 миллиардды чапчыйт

  • © AP Photo / Eric Francis

    Уоррен Баффеттин байлыгы Цукербергдикинен бир миллиард долларга аз. Ал белгилүү Berkshire Hathaway инвестициялык мекемеге жетекчилик кылат. Уюм 60тан ашык компаниянын үлүшүнө ээлик кылат

  • © AFP 2021 / Getty Images North America / Ezra Shaw

    Миллиардер Ларри Эллисондун негизги кирешеси Oracle компаниясынан түшөт. Мекеме программалык камсыздоо менен алектенет. Эллисондун мүлкү 93 миллиард доллар деп бааланат

  • Ларри Пейж менен Сергей Брин дүйнөдөгү эң популярдуу Google издөө системасын иштеп чыгышкан. Байлардын тизмесинде сегизинчи катарда турган Ларри Пейждин мүлкү 91,5 миллиард доллар
    © AP Photo / Jeff Chiu

    Ларри Пейж менен Сергей Брин дүйнөдөгү эң популярдуу Google издөө системасын иштеп чыгышкан. Байлардын тизмесинде сегизинчи катарда турган Ларри Пейждин мүлкү 91,5 миллиард доллар

  • © AFP 2021 / Getty Images North America / Justin Sullivan

    Сергей Бриндин 89 миллиард долларлык мүлкү бар. Анын атасы 1977-жылы Советтер Союзунан жер которуп кеткен

  • © REUTERS / Amit Dave

    Индиялык Мукеш Амбани ааламдагы эң байлардын тизмесиндеги алдыңкы ондукка кирген азиялык жалгыз өкүл. Ал ири мунай компаниясынын акционери болуп саналат. Мындан сырткары, 4G-интернет кызматын көрсөтүүчү компанияга ээлик кылат

  • © AP Photo / Iago Lopez

    Inditex корпорациясын негиздеген испаниялык Амансио Ортега 11-сапта турат. Ал бир катар дүйнөлүк бренддерди башкарат, алардын эң атактуусу – Zara

  • © AP Photo / Francois Mori

    Франсуаза Беттанкур-Майерс L'Oreal косметикалык бизнес-империясын негиздеген адамдын небереси болуп саналат

  • © AFP 2021 / STR / CNS

    Кытайлык Чжун Шаньшань суусундук чыгаруучу компанияга жана медициналык корпорацияга ээлик кылат

  • © AP Photo / Mark J. Terrill

    Microsoft компаниясынын мурдагы башкы директору Стив Балмер рейтингде 14-сапта

  • © AP Photo / Kin Cheung

    Ма Хуатэн Tencent Holdings интернет-холдингге ээлик кылат. WeChat мессенжери дал ушул уюмга таандык. Кытайлыктын ошондой эле дүйнөдөгү башка ири долбоорлордо да үлүшү бар.

Белгилер:
мүлк, рейтинг, миллиардер, байлык, Forbes
Тема боюнча
Дүйнөнүн эң бай беш кишиси аныкталды. Жаңы рейтинг
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда кырсык

Чүйдө эки унаа кагышып, жети адам жаракат алды. Видео

(жаңыланган 17:12 14.04.2021)
Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында болгон жол кырсыгынан жаракат алгандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени айтылды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда катталган автоунаа кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 14-апрель күнү саат 14:00дөр чамасында Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында болгон.

"Mercedes-Benz унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жаракат алган. Куткаруучулар унаага кыпчылып калган аялды чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.

Жабыркагандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилгени жана алардын абалы орточо экени айтылды.

Белгилер:
Торугарт, Нарын, Бишкек, ӨКМ, жол кырсык
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Чүйдө төрт унаа кагышып, эки адам жабыркады. Кырсыктын видеосу
Түптөгү үрөй учурган жол кырсыгы: төртүнчү бала ооруканадан көз жумду
Сокулукта Lexus жолдо турган унааны сүзүп, бир адам каза тапты. Видео