Айсулуу, Жоламан, Улукбек Казакстандагы эки башка мелдешке катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөш боюнча өлкөнүн чемпионаты. Архив
Грек-рим күрөш боюнча өлкөнүн чемпионаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Олимпиада оюндарына жолдомо алган Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азисбеков Азия чемпионатына катышат. Лицензиясы жокторго өзүнчө турнир каралган.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар күрөштүн түрлөрү боюнча Казакстанда өтө турчу Азия чемпионатына жана Азия аймагындагы лицензиялык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Олимпиада оюндарына лицензия бере турган турнир 8-17-апрель күндөрү Алматы шаарында өтөт. Ага грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев, Эламан Догдурбек уулу, Улукбек Жолдошбеков жана башкалар катышат. Ал эми кыздардан Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Назира Марсбек кызы күч сынашат. Толук тизмени агенттиктин сайтынан көрүүгө болот.
Дзюдо боюнча чемпионатка катышуучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Бишкекке Япония менен Кореянын дзюдочулары чемпионатка катышууга келди. Сүрөт
Ал эми Азия чемпионаты 13-18-апрель күндөрү болот. Мелдешке эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков, Алибек Осмонов, Айаал Лазарев, грек-рим күрөшүнөн Урмат Аматов, Руслан Царев, Кайрат Түгөлбаев, Амантур Исмаилов, Атабек Азисбеков, Мурат Рамонов жана башкалар катышат. Кыздардан Айсулуу Тыныбекова менен Нураида Анаркулова күч сынашат. Толук тизме агенттиктин сайтында
Спортчуларды улук жана башкы машыктыруучулар коштоп барат. Жалпысынан алты машыктыруучу жөнөйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0