Кыргызчандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив

АФК кыргыз футболуна берчү жардамын 2022-жылдан тарта жандантат

(жаңыланган 14:10 07.04.2021)
Кечээ Кыргызстандын футбол союзунун башчысы Бахрейнде Азия футбол конфедерациясынын президенти менен жолуккан.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Азия футбол конфедерациясы кыргыз футболун өнүктүрүүгө жардам берет. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча союздан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде Бахрейнде Кыргызстандын футбол союзунун президенти Канатбек Маматов Азия футбол конфедерациясынын президенти Салман бин Ибрагим Аль Халиф менен жолуккан. Анда тараптар пандемия шартында Кыргызстандагы футболду өнүктүрүү, колдоо маселесин талкуулашканы айтылат.

Жыйынтыгында АФК тарап буга чейин токтотулган каржылоону 2022-жылдан баштап жандандыра тургандыгын айткан.

Белгилер:
каржылоо, Азия футбол конфедерациясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын футбол адистери АФКнын беттештерин тейлөөгө дайындалды
КР футболунун 100 жылдыгы, өлкөгө келчү Жанни Инфантино. КФС президентинин маеги
Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде

Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченконун алсыз жактарын атады

(жаңыланган 13:22 20.04.2021)
Шевченко бразилиялык спортчу менен UFC 261 мелдешинде кез келет. Кыргызстандык мушкер кыз бешинчи ирет UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоо үчүн кармашат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченкону грэпплинг (күрөш) жагынан алсыз деп атады. Бул тууралуу ал Globo Esporte телеканалына берген маегинде айтты.

Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилль шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.

"Шевченко грэпплинг жагынан алсыз деп ойлойм. Мен атаандашымды тордо кармаганда өзүмдүн канчалык күчтүү экенимди жана өз мүмкүнчүлүгүмө канчалык ишенимдүү экенимди дайыма айтып келем", — деген ал.

Эң жеңил салмактын экс-чемпиону беттеш учурунда Шевченконун "алсыз жагын пайдалана турганын" белгилеген.

"Мен атаандашымды бир канча ыкма менен жерге жыга алам. Жыгып алсам, анда ал тура албайт", — деп белгилеген Андраде.

Анын айтымында, Шевченконун ыкчам соккулары, өзгөчө бутка тепкени кооптуу болуп саналат.

Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.

Белгилер:
маек, беттешүү, Жессика Андраде, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири
Бишкек мэриянын спортчуларга сыйлыктары

Бишкек мэриясы Айсулуу, Жоламан, Дарья баш болгон спортчуларды сыйлады

(жаңыланган 14:30 20.04.2021)
Мэрия спорттогу талыкпас эмгеги жана жетишкендиктери үчүн бир катар спортчуларга 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучуларга 50 миң сомдук сертификаттарды ыйгарды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы эл аралык аренада ийгилик жараткан шаардагы спорттук мектептердин тарбиялануучулары менен машыктыруучуларды сыйлаганын кабарлады.

  • И. о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов вручил 100 тысяч сомов Айсулуу Тыныбековой, успешно выступившей на международных соревнованиях
    Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Айсулуу Тыныбекова менен
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • И. о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов вручил 100 тысяч сомов Мээрим Жуманазаровой, успешно выступившей на международных соревнованиях
    Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Мээрим Жуманазарова менен
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • И. о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов вручил 100 тысяч сомов Жоломану Шаршенбекову, успешно выступившему на международных соревнованиях
    Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Жоламан Шаршенбеков менен
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • И. о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов вручил 100 тысяч сомов Дарьей Масловой, успешно выступившей на международных соревнованиях
    Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Дарья Маслова менен
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • И. о. мэра Бишкека Бактыбек Кудайбергенов вручил 100 тысяч сомов Айпери Медет кызы, успешно выступившей на международных соревнованиях
    Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Айпери Медет кызы менен
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 5
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Айсулуу Тыныбекова менен

Анда спортко талыкпас эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн бир катар спортчулар 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучуларга 50 миң сомдук сертификаттар берилди.

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун буйругу менен балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы, грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков, Атабек Азисбеков жана Үзүр Жузупбековго, эркин күрөш чебери Эрназар Акматалиевге, жөө күлүк Дарья Масловага жана дзюдочу Владимир Золоевге 100 миң сомдук сертификат берилди.

Мэрдин милдетин аткаруучунун чечими менен спортчуларды таптаган машыктыруучулар Нурбек Изабеков, Хаким Махмудов, Уран Калилов, Кубат Мамбетов, Андрей Тупик, Рахмадил Жуманазаров, Ырысбек Мамышев, Абдужалил Юнусов, Татьяна Борисова 50 миң сомдук сертификат алышты.

Мындан сырткары, мэрия шаардын спортуна кошкон эмгеги үчүн баш калаадагы айрым спорттук мектептердин жетекчилерине ыраазычылык кат жана эстелик белектерди ыйгарганы маалым болду.

Белгилер:
сыйлоо, спортчу, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандык Эрназар Алматыдагы мелдеште мыкты ыкма жасаган спортчу болду. Видео
Атаандашы 7-раунддан кийин чыкпай койду. Боксчу Акжолдун жеңиши видеодо
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду

(жаңыланган 16:25 20.04.2021)
Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган. Кошумча маалымат берилери айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Кабарды Sputnik агенттигине жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тастыктады.

Маркум быйыл июль айында 79 жашка чыкмак.

Айрым маалыматтарга караганда, Мария Айтматова ооруканада көз жумган.

Эскерте кетсек, Чыңгыз Айтматов экөөнүн Ширин жана Эльдар аттуу балдары бар.

Белгилер:
Мария Айтматова, оору, өлүм, Чыңгыз Айтматов
Тема боюнча
Журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жашында каза болду