Мушкер Канат Келдибеков ACA уюмунда беттешке чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековМушкер Канат Тайсон Келдибеков. Архив
Мушкер Канат Тайсон Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Жазылуу
Absolute Championship Akhmat уюмунун кезектеги мелдеши Беларустун Минск шаарында өтөт. Келдибековдун атаандашы грузиялык Важа Циптаури болмокчу.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бүгүн, 9-апрелде, кыргызстандык ММА мушкери Канат Келдибеков ACA уюмунда кезектеги беттешине чыгат. Бул тууралуу аталган промоушендин Instagram баракчасына чыкты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ACA MMA (@aca_mma)

Absolute Championship Akhmat уюмунун ACA 121 мелдеши Беларустун Минск шаарында өтөт. Келдибековдун атаандашы грузиялык Важа Циптаури болмокчу.
UFC представил трейлер предстоящего боя Валентины Шевченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Келдибеков ММА спортунда 20 беттешке чыгып, 14үн уткан. Алты ирет жеңилген. Ал эми атаандашы Циптаури 9 жолку беттештин жетөөсүн утуп, бир атаандашына утулган. Дагы бир кармашында тең чыгуу болгон.
Орто салмактын утурумдук чемпиону наамы үчүн россиялык Магомедрасул Гасанов менен болгариялык Никола Дипчиковдун таймашы кеченин башкы беттеши болот.
Дагы бир кыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашов алган жаракатына байланыштуу бул мелдешке катышпайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0