Сүйүнчү! Айпери каршылаштарын баш көтөртпөй жеңип, Олимпиадага жолдомо алды

© Фото / Facebook / United World WrestlingБорец Айпери Медет Кызы
Борец Айпери Медет Кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жазылуу
76 килограмм салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандашын толук артыкчылык менен утту.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде чемпион болду. Мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүүдө. 
Токиодогу олимпиадалык шакектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Сүйүнчү! Акжол, Жоламан, Үзүр Олимпиада оюндарына жолдомо алды
Кыргызстандын балбан кызы Корея, Өзбекстан, Индия жана монголиялык балбан кыздар менен кармашып, баарын 10 упай айырма менен утуп, өз салмагынын чемпиону болду. Муну менен ал Токио Олимпиадасына лицензия алууга жетишти.
Мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат.
Кыргызстандык балбан кыздар Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Назира Марсбек кызы (57 килограмм) өз салмактарында олимпиадалык лицензия үчүн таймашып жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0