Мээрим Жуманазарова Олимпиадага жолдомо ойнотулган мелдештен күмүш байге утту

© Photo / UWW / Gabor MARTINКыргызстанский борец Мээрим Жуманазарова
Кыргызстанский борец Мээрим Жуманазарова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жазылуу
Мээрим Жуманазарова алгачкы кармашында эле кытайлык кыз менен кез келип жеңилип калган болчу. Кийинки баскычтарда өзүнүн мыкты экенин көрсөтүп, финалдык баскычка жетти.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган мелдеште күмүш медаль утту. Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.
68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип калды.
Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде, таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин чейрек финалда казакстандык атаандашы Жамила Бакбергенованы 10:3 эсебинде жеңген.
Борцы греко-римского стиля Жоламан Шаршенбеков и Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жоламан менен Акжол Олимпиадага лицензия берилчү мелдештин чемпиону болду. Видео
Эскерте кетсек, мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Турнирдин финалына чыккан атлеттерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.
Буга чейин 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы бардык атаандаштарын утуп, чемпион болгон.
Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.
Кечээ грек-рим балбандарынын арасында таймаш жүрүп, ата мекендик спортчулар Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм) жана Үзүр Жузупбеков Токио Олимпиадасына жолдомо алышкан.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 12 лицензия болду. Буга чейин балбан Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов жолдомо алышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0