Аягына чейин кармашып. Эрназар Акматалиев Алматы мелдешинен алтын байге утту

© Фото / UWW / Kadir CaliskanКыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Эрназар Акматалиев. Архив
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Эрназар Акматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
65 килограмм салмакта ат салышкан спортчу квалификациялык мелдештин чейрек финалынан тарта күрөшүп, бардык атаандаштарын уткан.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Эрназар Акматалиев Токио Олимпиадасына лицензия берилүүчү мелдеште чемпион болду. Турнирдин жүрүшүн United World Wrestling уюму түз алып көрсөттү.
Алтын байге үчүн таймашта ал ирандык Амирмохаммед Язданачератини 15:13 эсебинде утуп алды.
65 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев жарым финалда өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу Ильяс Бекбулатов менен кармашты. Кыргыз балбаны 8:0 эсебинде утулуп жатканына карабай аракетин улантып, адегенде эки, анан төрт упайлык ыкма жасап, анын артынан эле атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишке жеткен.
Ири эсеп менен утулуп жатып жеңишке жеткен Акматалиевдин кубанган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Ири эсеп менен утулуп жатып жеңишке жеткен Акматалиевдин кубанган видеосу
Ал эми чейрек финалда түркмөн атлети Керим Ходжаковду 5:1 эсебинде жеңип алган.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азиялык квалификациялык турнир Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Анда финалга чыккан атлеттерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.
Буга чейин ата мекендик грек-рим күрөшүнүн балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов жана кыздар күрөшүнөн Айпери Медет кызы бул мелдеште чемпион болуп, алтын медаль тагынышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0