Балбан кыздар Мээрим менен Айпери Азия чемпионатынын финалына чыгышты

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Sachiko HOTAKAКыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова. Архив
Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:00дө башталат. Турнир Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыздар Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм)  Азия чемпионатынын финалына чыгышты. Мелдештин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (United World Wrestling) расмий сайты түз көрсөтүүдө.
Акжолу Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Кыргызстан грек-рим күрөшүнөн Азияда командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи
Финадык беттештер Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:00дө башталат.
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча мелдеш ушул күндөрү (13-18-апрель) Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Кечээ, 14-апрелде, грек-рим түрү боюнча жарыш  жыйынтыкталып, Кыргызстан 138 упай менен жалпы командалык эсепте үчүнчү орунга татыды.
Жаңылыктар түрмөгү
0