Кыргызстандык белгилүү балбан Айпери Медет кызы. Архив

Ыза аралаш жеңиш... Күмүш алган Айпери көзүнө жаш алды. Видео

393
(жаңыланган 22:59 15.04.2021)
Медет кызы Айпери жакында эле лицензиялык турнирди жеңип, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. Кыска убакытта кайра Азия чемпионатында күрөштү.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айпери Медет кызы Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалында жеңилип, күмүш медаль алып калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жазылды.

Спортчу кыз 76 килограмм салмактагылар арасында күчүн сынады. Ал төрт кармаш өткөрүп, финалда казакстандык Элмира Сыздыковага утулуп калды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Спорт Кыргызстан (@sport.kyrgyzstann)

Интернеттеги спорттук баракчалар жүктөгөн видеодон Медет кызы медаль тагынып жатып көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.

Медет кызы жакында эле лицензиялык турнирди жеңип, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. Кыска убакытта кайра Азия чемпионатында күрөштү.

Олимпиада оюндарына лицензия бере турган турнир учурда Алматы шаарында өтүүдө. Азия чемпионаты да ушул эле шаарда 13-18-апрель күндөрү болууда.

393
Белгилер:
Айпери Медет кызы, Азия чемпионаты, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Сүйүнүчтүн көз жашы! Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынан алтын утту. Видео
UFC мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Өзү деле билчү... Рамзан Кадыров Хабибди UFC уюмунун долбоору деп атады

167
Чеченстандын башчысы Кадыров чемпион Хабиб Нурмагомедовго өзүнүн "Ахмат" клубунда каалаган салмактагы спортчу жана сураган гонорары менен беттеш өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Хабиб Нурмагомедов Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) долбоору экенин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров айтып чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кадыров социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыккан. Анын видеосун РИА өзүнүн telegram-баракчасына жайгаштырды.

"Хабиб жакшы спортчу, чемпион, бирок ал 100 пайыз UFC уюмунун долбоору. Себеби уюмдун президенти Дэйна Уайт менен мамилеси жакшы. Адатта мушкерлер беттешке чыкпай койсо рейтингден алып салышат, ага болсо (Хабиб) тийишишкен жок. Өзү деле лиганын долбоору экенин билген. Кандай жол менен бара жатканын туйду, ката кетирбеди, анан чемпиондукка жетти. Эгер ошол калп болсо эмнеге Россиянын же Дагестандын желеги менен чыкпайт. Факт деген факт, ал UFC уюмунун долбоору. Менин пикириме өзү деле кошулса керек", — деген Кадыров.

Ошондой эле Хабиб Нурмагомедовго өзү негиздеген "Ахмат" клубунда каалаган гонорарда, каалаган спортчу менен беттеш өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

"UFC мушкерлердин сазайын берчү ал, "Ахматта" ошенте алабы деген суроо. Хабиб каалаган салмактагы спортчу менен жана сураган гонорарында беттеш өткөрүп берүүгө даярмын. Мурдагы сый акыларынан да көп төлөп бере алам", — деген Кадыров.

Мындан тышкары, Швециянын атынан чыгып жүргөн чечен мушкер Хамзат Чимаевди колдоого алып, чемпиондук курга татыктуу экенин айткан. Акырында Хабибге сөз ыргытып, "жеңилбес болуп кеткен чемпиондорго ийгилик" деген.

32 жаштагы Нурмагомедов 29 ирет беттешке чыгып, бир да жолу жеңилген эмес. UFC уюмунда 2012-жылдан бери күч сынашып келип, 13 ирет жеңишке жеткен. Үч жыл мурун Хабиб калыстардын бир добуштан кабыл алган чечими менен америкалык Эл Яквинтаны утуп, жеңил салмактагы чемпион болгон. Андан кийин Конор Макгрегорду, Дастин Порьени жана Жастин Гэтжини утуп, үч ирет наамын коргогон.

2020-жылдын октябрында Хабиб Гэтжи менен кез келип, уткандан кийин карьерасын жыйынтыктай турганын жар салган болчу. Өз чечимин спортчу апасына берген убадасы менен түшүндүргөн. Бул мушкердин атасы, машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедовдун өлүмүнөн кийинки биринчи жана акыркы беттешүүсү болгон.

167
Белгилер:
долбоор, беттешүү, Рамзан Кадыров, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Кайталангыс ирмемдер. Хабибдин UFC уюмундагы кармаштары бир видеого топтолду
Мушкер мелдешүү учурунда. Архив

Спорттун 10 түрү боюнча "Кыргызстандын бермети" турнири өтөт

57
Мелдешке онго чукул мамлекеттин келиши күтүлүп жатат. Уюштуруучулар 8 жаштан 40 жашка чейинки спорчуларды катышууга чакырып өтүштү.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өлкөдө спорттун 10 түрү боюнча "Кыргызстандын бермети" турнири өтөрүн уюштуруучулар билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Бекболсун Советбеков (@bekbolsun_sovetbekov)

Мелдеш 5-июлдан 11-июлга чейин Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында болот.

Турнирдин программасына ушу-саньда, маст-рестлинг, тай бокс, грэпплинг, кикбокс, кармашуу, таэквондо, К-1, армрестлинг, аралаш мушташ камтылган.

Уюштуруучулар мелдешке 10го чукул мамлекеттин спортчулары келиши күтүлүп жатканын айтты. Ошондой эле 8 жаштан 40 жашка чейинки спортчуларды катышууга чакырып өтүштү.

57
Белгилер:
спорт, турнир, Ысык-Көл
Тема боюнча
Бишкекте 22-23-майда жеңил атлетика боюнча фестиваль өтөт
 Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты

Сокулуктагы дүкөндүн өрттөнгөн видеосу

90
(жаңыланган 22:51 13.05.2021)
Тилсиз жоо менен күрөшүүгө ӨКМден эки бөлүм жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын бир штабы тартылды. Ал саат 20:43тө чектөөгө алынды.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы чарба жана курулушка керектүү материалдарды саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Дүкөн Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:54тө эки бөлүм, ал эми саат 20:14тө өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын штабы тартылган.

Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүгөн.

Ал эми саат 21:56да толугу менен өчүрүлдү.

90
Белгилер:
видео, дүкөн, өрт, Новопавловка
Тема боюнча
Алайда үй өрттөнүп, 56 жаштагы киши каза болду. Сүрөттөр