Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова төртүнчү ирет Азия чемпиону болду

© Sputnik / Абзал КалиевКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Тыныбекова этаптык беттештерде Индия, Казакстан, Корея жана Өзбекстандын спортчуларын жеңип, финалга чыккан.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынан алтын медаль утуп алды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от United World Wrestling Asia (@uww.asia)

Тыныбекова финалда монголиялык балбан менен кез келип, натыйжада 11:0 эсеби менен жеңишти камсыздады.
Ал 62 килограммдык салмак категориясында күрөштү. Этаптык беттештерде Индия, Казакстан, Корея жана Өзбекстандын спортчуларын жеңип, финалга чыккан.
Айсулуу Тыныбекова ушуну менен төртүнчү ирет Азия чемпиондугун багындырууда. Буга чейин Таиланддагы (2016), Индиядагы (2017) жана Кытайдагы (2019) турнирлерден алтын менен кайткан. Ал эми былтыр Нур-Султанда дүйнө чемпиону болуп, Токио Олимпиадасына жолдомо алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0