Жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Нур-Султанга чуркоого камынып жатат

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстандык 46 жаштагы жөө күлүк Оболбек Осмонбеков. Архив
Кыргызстандык 46 жаштагы жөө күлүк Оболбек Осмонбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Жазылуу
Жөө күлүк буга чейин Ат-Башыдан Бишкекке чуркап келген. Жакында эле борбор калаадан Ош шаарына чейин чуркап барган болчу.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстандык 46 жаштагы жөө күлүк Оболбек Осмонбеков жакынкы аралыкта Бишкектен Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына чуркайт. Маалыматты Sputnik агенттигине спортчу өзү тастыктады.
Осмонбековдун айтымында, ал Нур-Султанга кыргыз-казак элдеринин достугун жана спортту даңазалоо максатында чуркамакчы.
"Нур-Султанга Бишкектен орозо аяктаганда, болжол менен май айынын акырында жолго чыгабыз. Азырынча даярдыктар көрүлүүдө. Нур-Султанга чейин эч кандай ашуу жок, жол түз. Болжолдуу эсептөөбүз боюнча, 1 200 чакырым аралыкты түзөт. Коштоп жүрчү унааларга эки элдин достугун жана спортту даңазалаган ураандар жазылат. Ушу тапта демөөрчү да издеп жатабыз", — деди жөө күлүк.
Жөө күлүк Оболбек Осмонбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Бишкектен Ошко чуркачу жөө күлүк Осмонбеков: азап тартып деп жактырбагандар бар
Эске салсак, Оболбек Осмонбеков ушул жылдын 24-мартында Бишкек шаарынан Ошко чуркап, сегиз күндө 671 чакырымды басып өткөн. Ал эми былтыр Ат-Башы районунан Бишкекке 400дөн ашык чакырым чуркаган. Муну менен ал жаштарды дени сак жашоого чакырып, спорт менен достошууга үндөп келет.
Маалым болгондой, Осмонбеков спорттун бул түрү менен 2017-жылдан бери машыгат. Буга чейин ал бир катар ультрамарафондорго катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0