Суперлигага кирген Европанын футбол клубдарынын логотибтери. Иллюстративдик сүрөт

Футбол боюнча европалык Суперлига ишин баштабай жатып токтотту

131
(жаңыланган 11:16 21.04.2021)
Европалык Суперлига континенттеги 20 мыкты клубду бир лигага чогулткан долбоор болгон. Алды менен 12 алдыңкы клуб ага катышууга макулдук берген.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Европадагы бир катар алдыңкы клубдар Суперлига турнирине катышуудан баш тарткандыктан мелдеш токтотулду. Бул тууралуу аталган уюмдун уюштуруучуларынын билдирүүсүнө таянып "Чемпионат" маалымат булагы жазды.

Эскерте кетсек, европалык Суперлига континенттеги 20 мыкты клубду бир лигага чогулткан долбоор болгон. Алды менен "Манчестер Юнайтед", "Арсенал", "Челси", "Тоттенхэм", "Манчестер Сити", "Ливерпуль" (баары – Англия); "Реал Мадрид", "Барселона", "Атлетико" (баары – Испания); "Интер", "Милан" жана "Ювентус" (баары – Италия) жаңы Суперлига мелдеши уюшулганын жар салышты. Турнирди өткөрүүнүн форматы жарыяланып, 20 команданы катыштыруу пландалганы айтылган.

Мындай демилге Дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) жана Европа футбол ассоциацияларынын союзу (УЕФА), улуттук лигалардын, атактуу футболчулардын, машыктыруучулардын жана көпчүлүк күйөрмандардын нааразычылыгын жараткан.

Суперлиганы түзүүгө макулдук берген айрым клубдардын күйөрмандары команданы мелдешке катышуудан баш тартууга чакырып митингге чыгышты.

Англиялык "Манчестер Сити" жана "Челси" клубдары алгачкылардын болуп жаңы уюмдан баш тарткан. Кийинчерээк мелдешти уюштурууга катышкан англиялык алты клубдун баары уюмдун катарынан чыгарын расмий жар салды.

Журналист Роб Харрис өзүнүн Twitter баракчасына Суперлига мелдеши токтотулганын жазып чыкты. 

"Англиялык клубдардын кысым астында ушундай чечим кабыл алууга аргасыз болгонун айтканына карабастан, биздин сунуш европалык мыйзамдарга жана эрежелерге толук дал келет деп ишенебиз. Учурдагы шарттарды эске алып, бүтүндөй футбол коомчулугун кызыкчылыгын ар дайым башкы орунга коюу менен биз долбоорду өзгөртүүнүн мүмкүн болушунча ылайыктуу жолун караштырабыз", — деп которгон Суперлиганын билдирүүсүн "Чемпионат".

Ал эми Суперлиганын расмий сайтында бул боюнча азырынча эч кандай маалымат айтыла элек.

131
Белгилер:
баш тартуу, клуб, топ, Суперлига, футбол
Тема боюнча
"Кыргызстандык Месси" алматылык клуб менен келишимин узартты
Кыргызстандык жаш футболчулар Гиннесс рекордун жаратууга аракет кылып жатат
КР футболчулары кыз-келиндердин зомбулукка кабылышына каршы акция уюштурду
UFC боюнча ирландиялык мушкер Конор Макрегор. Архив

Макгрегор жарыкка келген уулунун сүрөтүн көрсөттү. Сүрөт

28
(жаңыланган 23:04 17.05.2021)
Макрегордун үй-бүлөсү бир кыз менен бир уулду тарбиялап жаткан. Спортчу жакында эле үчүнчү наристелүү болгон сүрөтүн жарыялады.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. UFC боюнча ирландиялык мушкер Конор Макрегор жаңы төрөлгөн уулунун сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына койду.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Conor McGregor Official (@thenotoriousmma)

Ал ымыркайга Райан деген ысым энчилегенин билдирди.

"Макрегорлордун кланы эми беш кишиден турат. Жакшынакай уул төрөлдү... Кудай, мага жана менин үй-бүлөмө берген жакшылыктарың үчүн ыраазымын", — деп жазган спортчу.

Макрегор менен Ди Дэвлин быйыл үй-бүлө курууга кам урган. Экөөнүн бир уул жана бир кызы бар болчу. Эми үчүнчү наристеси жарыкка келди.

28
Тема боюнча
Forbes Конор Макгрегордун жылдык кирешесин жарыялады
Ысык-Көлдө өткөн Run the Silk Road — Shanghai Cooperation Organization марафонунун катышуучулары

Акактап келе жаткан атаандашына суу сунган Көчкөнбаевдин ич жылыткан видеосу

46
(жаңыланган 22:52 17.05.2021)
Тяпкин жеңишке жетип, ал эми суу сунган ак жүрөк атаандашы марага экинчи болуп келген. Ал эми аялдар арасында Тяпкиндин жубайы өзгөчөлөнгөн.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ысык-Көлдө өткөн Run the Silk Road — Shanghai Cooperation Organization марафонунда көңүлдү жылыткан бир окуя болуп өткөндүгүн уюштуруучулар белгилешти.

Жөө күлүктөр Илья Тяпкин жана Жоодар Көчкөнбаев 30 чакырым аралыкты басып өткөндө биринчи спортчу жанына суу алганга жетишпей калган. Көчкөнбаев андан бир нече – 20 метрдей аралыкта артта келе жатканы менен колунда суусу болгон. Ал суусун ууртап, бир аз өзүнө чачып, андан соң Тяпкинге жете келген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Марафон Run the Silk Road (@runthesilkroad)

"Бир караганда суу ага бир аз болсо да күч берип тез чуркагандай боло баштаган. Бирок Жоодардын башка планы болгон, ал Тяпкинди кууп жетип, ага суу берген", — дешти уюштуруучулар.

Таймашка карабай акырында Тяпкин марага биринчи, ал эми Жоодар эки мүнөт төрт секундага артта келген.

15-май күнү Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization эл аралык марафону өттү.

Иш-чарага 35 өлкөдөн 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору катышты. Жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты.

Марафондун (42 чакырым) жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды

Эркектер арасында:

  • Илья Тяпкин – 1-орун, 2 саат 27 мүнөт 48 секунд;
  • Жоодарбек Көчкөнбаев – 2-орун, 2 саат 29 мүнөт 50 секунд;
  • Шакиржан Маматкулов (Тажикстан) – 3-орун, 2 саат 37 мүнөт, 56 секунд.

Кыз-келиндер арасында:

  • Мария Коробицская – 1 орун, 2 саат 39 мүнөт, 40 секунд;
  • Дарья Маслова – 2 орун, 2 саат 44 мүнөт 53 секунд;
  • Гүлшаной Сатарова – 3-орун, 2 саат 46 мүнөт.
46
Белгилер:
видео, спортчу, жөө күлүк, марафон, Кыргызстан
Тема боюнча
Күйөөсү да, аялы да алтын утуп... Ысык-Көлдү бойлой жарышкан 3000 жөө күлүк. Видео
35 өлкө катышкан Ысык-Көл марафонунда кыргызстандык жубайлар баш байге алды
Керилген кыздар, койкойгон жигиттер. Көлдөгү марафондун көз сүйүнткөн сүрөттөрү
Түркиянын Диярбакыр шаарында көчөдө бараткан адамдар. Архив

Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүттү. Эрдоган элге кайрылды

0
Эрдоган карантинден улам элдин чыдамы кетип турганын билерин, бирок Түркия локдаундун натыйжасынан улам пандемияны кайрадан көзөмөлдөп калганын айткан.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда пандемиянын эң кыйын учуру бүткөнүн, эми мындан ары коронавирус боюнча чектөө чараларын киргизбөөгө ишеним артып турганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Эрдоган буга чейин Түркияда пандемия учурунда эң узак локдаун — 29-апрель, саат 19.00дөн тарта 17-май, саат 5:00гө чейин чектөө жарыялаган эле.

ИИМден башка бардык уюмдар менен мекемелер бул мезгил ичинде өзүнүн ишин токтоткон. Өлкөнүн ичиндеги шаар аралык каттамдар бийликтин уруксаты менен гана жүргөн. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги аталган өлкөдө сутка ичинде коронавирус чыккан учур 10 512 болгонун, бул 1-мартка караганда бир топ азайгандыгын билдирди. Ал пандемия башталгандан тарта 6 эсеге түшкөн, 16-апрелде көрсөткүч 63 082 эле.

"Биз баарынын чыдамы кетип турганын билебиз. Кабыл алынган чаралар менен локдаундун натыйжасынан улам пандемияны кайрадан көзөмөлдөй алдык. Биз эң кыйын абалдан өттүк, эми мындай катаал чаралар башка жолу киргизилбейт деп ишенем. Бирок баары өзүбүзгө байланыштуу болот. Эл тиешелүү чараларды тоготпой койбошу керек", — деген Эрдоган бүгүнкү телекайрылуусунда.

Анын айтымына караганда, чектөө муну менен бүтүп калбай 1-июнга чейин уланат жана жакын арада бул боюнча маалымат берилет.

Буга чейин Түркиянын ИИМи карантин акырындап алына баштаарын, бирок 1-июнга дейре саат 21:00дөн саат 5:00гө чейинки коменданттык саат уланарын айткан. Андан сырткары, ишемби, жекшембидеги күндөрдөгү чектөө да алынган эмес.

Ал эми шаар аралык поезддик каттамдар акырындап калыбына келери, кафе-ресторандар тамакты жеткирип берүү системасы менен иштей турганы кабарланды.

0
Белгилер:
карантин, коронавирус, локдаун, Режеп Тайип Эрдоган, Түркия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Түркияда коронавируска байланыштуу чектөөлөр акырындык менен алынууда