UFC уюмунун президенти Дана Уайт. Архивдик сүрөт

Дана Уайт: Шевченко удаасы менен эки супер беттеш өткөрүшү мүмкүн

169
(жаңыланган 12:22 21.04.2021)
UFC 261 мелдешинде Валентина Жессика Андраде менен кез келсе, кытайлык чемпион Вэйли Чжан менен Роуз Намаюнас титулдук беттешке чыгышат.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Жессика Андраде менен беттешинде титулун ийгиликтүү коргогондон кийин удаасы менен эки супер беттеш өткөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу UFC уюмунун президенти Дана Уайт Yahoo Sports маалымат булагына берген маегинде билдирди.

Кыргызстандык спортчу менен бразилиялык атлет 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.

Шевченко муну менен бешинчи ирет UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоо үчүн кармашка чыгат.

Ушул эле турнирде кыз-келиндер дивизионунун эң жеңил салмагынын чемпиону, кытайлык Вэйли Чжан менен экс-чемпион Роуз Намаюнас таймашат.

"Эгерде алдыдагы мелдеште Валентина Шевченко менен Вэйли Чжан өз атаандаштарын жеңип алса, анда алардын бири-бири менен кармашы сунушталып жатат", — деген Уайт.

Кыргызстандык спортчу бул супер беттешти да утса, анда промоушендин жетекчилиги бразилиялык Аманда Нуньес менен реванш-беттеш уюштуруу жагын колго алышы ыктымал.

"Эгерде Шевченко жеңип алса (ред. — Вэйли Чанг менен беттеште), анда ал Нуньес менен кайрадан кармашка чыгышы мүмкүн, муну карап көрөбүз", — деген UFC башчысы.

Эскерте кетсек, кыргызстандык чемпион кыз Нуньес менен эки жолу кармашып, экөөндө тең калыстардын чечими менен упай айырмасында жеңилген. Алгачкы жолу UFC 196 мелдешинде бразилиялык спортчуга калыстардын бирдей чечими менен жеңиш ыйгарылса, UFC 215 таймашында калыстардын көбү Нуньеске упай беришкен.

Экинчи ирет жеңилген соң Валентина промоушендин жеңил салмак дивизионуна которулуп, чемпион болгон. Ошондон бери "Нуньес менен бүтпөй калган иштер" тууралуу айтып келет. 2019-жылдын баш ченинде бразилиялык спортчу Шевченко менен жеңил салмакта титулдук беттеш өткөрүү ниетин билдирип чыккан.

169
Белгилер:
Дана Уайт, Аманда Нуньес, Жессика Андраде, беттешүү, Валентина Шевченко
Тема:
Валентина Шевченко Жессика Андраденин беттеши (19)
Тема боюнча
Шевченко: Нуньес мен көздөгөн акыркы атаандаш
UFC Шевченко менен Андраденин беттешине карата проморолик жарыялады
UFC мушкери кыргызстандык Антонина Шевченко. Архив

Антонина Шевченко UFC берген 50 миң доллар бонусту кайда коротконун айтты. Видео

132
antonina-shevchenko-ufc-50-min-dollar-bonus-korotuu 15-майда Шевченко UFC уюмундагы алтынчы беттешине чыгат. Ага америкалык мушкер кыз Андреа Ли атаандаш болот.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. UFC мушкери кыргызстандык Антонина Шевченко өткөн беттеште алган бонусун кантип коротконун, кезектеги атаандашы америкалык Андреа Ли менен кантип таанышканын айтып берди. Бул тууралуу спортчу UFC Russia уюмунун YouTube каналына берген маегинде билдирди.

"Алган бонустардын баарын мен учууларга коротуп жатам. Буга чейинки беттештерде алган сый акыларыма мыкты учак сатып алгам. Менин көптөн бери максат кылып жүргөн көксөөм орундалды", — деген ал.

Белгилеп кетсек, Антонина эки ирет, 2019-жылдын августунда жана 2020-жылдын ноябрындагы мелдештерде мыкты кармаш тартуулагандыгы үчүн 50 миң доллардан бонус сый акы алган.

Кыргызстандык мушкер кыз, ошондой эле, учурдагы атаандашы менен кантип таанышып калганын да айткан.

"Биз АКШга көчүп келгенде Хьюстондо жашап калдык. Андреа Ли дагы Техастан болот. Биз анын кикбоксинг боюнча беттешин көргөнбүз. Валентина да ал мелдешке катышкан. Жолукканбыз, сүйлөшкөнбүз, бирок бирге машыккан эмеспиз", — деди Антонина.

Эске сала кетсек, 16-майдын таңында (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдеши өтөт. Анда кыргызстандык Антонина Шевченко промоушендин алкагында алтынчы беттешине чыгып, КГБ каймана аттуу Андреа Ли менен кармашат.

132
Белгилер:
учак, бонус, беттешүү, UFC, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Өзү деле билчү... Рамзан Кадыров Хабибди UFC уюмунун долбоору деп атады
Ай-буйга келтирбей... UFC апрелдеги кызыктуу жеңиштердин видеосун чыгарды

Футбол боюнча Европа чемпионатынын расмий ыры жаңырды. Видеоклип

58
(жаңыланган 12:18 14.05.2021)
Чемпионаттын расмий ырын голландиялык ди-джей Мартин Гаррикс, ошондой эле Ирландиянын U2 Bono жана The Edge рок тобунун мүчөлөрү аткарышты.

Трек We are the people ("Биз — элбиз") деп аталат.

"Жаңы ырымды (Боно жана Эдже катышкан) тартуулай турчу да күн келди. Ал быйылкы жылы өтүүчү футбол боюнча EURO турниринин расмий ыры болот", — деген Гаррикс.

2020-жылга белгиленген Европа чемпионаты коронавирус пандемиясынан улам 2021-жылдын жай айына жылдырылган болчу.

Европа биринчилигин 11-июндан тарта 11-июлга чейин континенттеги 11 шаарда өткөрүү пландалган. Ал үчүн Санкт-Петербург (Россия), Лондон (Англия), Севилья (Испания), Мюнхен Германия), Баку (Азербайжан), Рим (Италия), Бухарест (Румыния), Копенгаген (Дания), Амстердам (Нидерланддар), Глазго (Шотландия) жана Будапешт (Венгрия) шаарлары тандалган.

58
Белгилер:
клип, мелдеш, Европа чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Кыргызстандык дзюдочу кыздар Азия кубогунда намыс талашат
УКМК имараты. Архив

Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз ыйгарганбы? УКМК текшере баштады

0
(жаңыланган 22:55 14.05.2021)
Интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз берген деген маалыматтар тарап жатат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы ички иштер министринин орун басарлары менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басарына генерал наамдары ыйгарылган деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков иштен кетер алдында өткөн дата менен ошол кездеги ички иштер министринин орун басарлары Мирлан Канимет менен  Алмазбек Орозалиевге жана УКМК төрагасынын биринчи орун басары Талант Салиевге генерал наамдарын тапшырып кеткен деген маалымат тараган.

Орозалиев кызматынан 21-октябрда кол жууса, Каниметов 3-апрелде кеткен. Ал эми Салиев жумуштан 16-октябрда бошотулган.

Кыргызстанда канча генерал бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар

0
Белгилер:
УКМК, текшерүү, наам, генерал
Тема боюнча
Садыр Жапаров дагы бир жетекчиге генерал наамын берди