Взвешивание на UFC 261 - Sputnik Кыргызстан

Шевченко чемпиондук наамын коргоого чыкты. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Кыргызстандык белгилүү мушкер, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасында чемпион Валентина Шевченко наамын бешинчи ирет коргоп жатат.
АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында көптөн күттүргөн UFC 261 турнири болуп жатат. Ага 15 миңден ашуун күйөрман келди. Дароо үч мушкер бел курун сактап калуу аракетин көрөт. Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми 2020-жфлф америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.
Азыр беттешип жаткан атаандашы Жессика Андраде эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
11:00 25.04.2021
UFC 261 в Джексонвилле. Роуз Намаюнас и Вейли Чжанг  - Sputnik Кыргызстан, 1920
UFC: Намаюнас кытайлык Жангды сулата тээп уткан соң ыйлап жиберди. Видео
10:12 25.04.2021
09:34 25.04.2021

Шевченко залдагы атаандаштарына кайрылып: "эгер беттеши көрүп, менден кемчилик изпеп жаткан болсоңор убара болбогула, мен кемчилигимди көрсөтпөйм" деди

09:34 25.04.2021

Ал эми Андраде Шевченкодон мынчалык көп тейкдаун күтпөгөнүн айтты.

09:33 25.04.2021

Кыргызстандык мушкер кайсы гана атаандаш болбосун кармашууга даяр экенин жар салды.

09:33 25.04.2021
UFC 261 в Джексонвилле. Валентина Шевченко и Джессика Андраде - Sputnik Кыргызстан, 1920
Шумдук кармашуу! Шевченко Андрадени техникалык нокаут менен утту. Видео
09:21 25.04.2021

Шевченко атаандашын эки колун кармап, бетке сокку жаадырып жатат.

09:21 25.04.2021

Кыргызстандык спортчу бул кармашууда тейкдаундарга басым жасап атат. Бразилиялык атлет айласын таппай калууда. Бирок күрөшүүгө аракет кылганын байкоого болот.

09:20 25.04.2021

Шевченко беттештин жүрүшүн кылдат көзөмөлго алып жатат. Кармаш партерде уланууда.

09:19 25.04.2021

Бразилиялык спортчу муунтуу ыкмасынан чыгып кетти. Жеңиш өтө жакын болчу!

Биринчи раунд аяктады. Спортчулар партерде көбүрөөк кармашты.

09:19 25.04.2021

Шевченко эки ирет оң, сол колдоп бетке таамай сокку тийгизди. Андрадени кайрадан тейкдаунга жыгып, муунтууга аракет кылып жатат.

09:18 25.04.2021

Шевченко атаандашын тейкдаунга жыкты

09:18 25.04.2021

Чемпион кыз беттеш алдында. Кармашууга аз гана убакыт калды.

09:17 25.04.2021

Спортчу машыктыруучусу Павел Федотов жана эжеси Антонина Шевченко менен спорттук аренага келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0