https://sputnik.kg/20210425/ufc-namayunas-zhangdy-utup-chempion-boldu-video-1052253066.html
UFC: Намаюнас кытайлык Жангды сулата тээп уткан соң ыйлап жиберди. Видео
UFC: Намаюнас кытайлык Жангды сулата тээп уткан соң ыйлап жиберди. Видео
Sputnik Кыргызстан
Америкалык белгилүү мушкер Роуз Намаюнас кытайлык Вэйли Жангды жеңип, кайрадан UFC уюмунун чемпиону болду. Сүйүнгөнүнөн көз жашын тыя алган жок. 25.04.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-04-25T10:37+0600
2021-04-25T10:37+0600
2021-12-16T13:59+0600
жаңылыктар
дүйнөдө
спорт
ufc
чемпион
наам
видео
https://sputnik.kg/img/07e5/04/19/1052253025_0:310:3072:2048_1920x0_80_0_0_e1bbc0ec4e1f394da3474f0a17e541a3.jpg
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Спортчулар АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 261 турниринин алкагында кармашты.Беттеш бир раундга эле созулду. Намаюнас Жангды башка тээп сулатып, андан кийин ургулап баштаганда беттеш токтотулду.Натыйжада америкалык спортчу 52 килограмм салмактагылар арасында кайра чемпион болду. Курун 2019-жылы бразилиялык Жессика Андрадеге алдырып жиберген. Ал эми Андраде кытайлык Жангдан коргой албай калган.Кийинчерээк Намаюнас Андраде менен реванш беттеш өткөрүп утуп алган. Бирок анда атаандашы чемпион эмес эле.Баса, биз сөз кылган Жессика Андраде менен бүгүнкү UFC турниринде кыргызстандык Валентина Шевченко кармашып, техникалык нокаут менен чемпиондук наамын коргоп калды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/19/1052253025_0:118:3072:2048_1920x0_80_0_0_9ff382f052c3f463700ae26069d98e4c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, дүйнөдө, спорт, ufc, чемпион, наам, видео
жаңылыктар, дүйнөдө, спорт, ufc, чемпион, наам, видео
UFC: Намаюнас кытайлык Жангды сулата тээп уткан соң ыйлап жиберди. Видео
10:37 25.04.2021 (Жаңыртылды: 13:59 16.12.2021) Америкалык белгилүү мушкер Роуз Намаюнас кытайлык Вэйли Жангды жеңип, кайрадан UFC уюмунун чемпиону болду. Сүйүнгөнүнөн көз жашын тыя алган жок.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Спортчулар АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 261 турниринин алкагында кармашты.
Беттеш бир раундга эле созулду. Намаюнас Жангды башка тээп сулатып, андан кийин ургулап баштаганда беттеш токтотулду.
Натыйжада америкалык спортчу 52 килограмм салмактагылар арасында кайра чемпион болду. Курун 2019-жылы бразилиялык Жессика Андрадеге алдырып жиберген. Ал эми Андраде кытайлык Жангдан коргой албай калган.
Кийинчерээк Намаюнас Андраде менен реванш беттеш өткөрүп утуп алган. Бирок анда атаандашы чемпион эмес эле.
Баса, биз сөз кылган Жессика Андраде менен бүгүнкү UFC турниринде кыргызстандык Валентина Шевченко кармашып, техникалык нокаут менен чемпиондук
наамын коргоп калды.