Дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону Евгений Ваккер. Архивдик сүрөт

Ысык-Көлдүн абасын, тоолорун сагынам. Велоспортчу Евгений Ваккер менен маек

218
(жаңыланган 13:27 25.04.2021)
Дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону Евгений Ваккер бир нече жылдан бери Германияда жашап, иштеп келет. Белгилүү велоспортчу жакында эле 47 жашка толду.

Кыргызстандын желегин далайга желбиретип, бир топ спорттук мелдештерди багындырган мекендешибиз менен кабарчыбыз маек курду.

— Сиз менен бир нече жыл мурун байланышканда машыктыруучулукка ыктап жатканыңызды айткан элеңиз. Учурда Германияда эмне иш кылып жатасыз?

— Спорттук ишмердүүлүгүмдү жыйынтыктагандан кийин машыктыруучу болууга бир катар мамлекеттерден сунуш түшкөн, бирок алар менен кызматташуу узакка созулган жок. Кувейтте машыктыруучу болуп, кийин Өзбекстандан чакыруу келип кичине тажрыйба алмаштык. Бирок контракт түзгөнгө жетишкен жокпуз. Азыр Германияда бала-бакырам менен жашап, иштеп жатам. Бул жакта төрт-беш жаш спортчуга техникалык маселелерди, машыгуу шарттары боюнча кеп-кеңеш берип жумасына бир жолу велосипед тебебиз. Спорттон такыр эле алыстап кеткен жокмун, баягыдай жеке өзүм үчүн велосипед тээп турам. Организм ошого көнүп калган, кадимкидей талап кылат. 

Двукратный чемпион мира и четырехкратный чемпион Азии по велоспорту Евгений Ваккер
© Фото / предоставлено Евгением Ваккером
Дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону Евгений Ваккер бир нече жылдан бери Германияда жашап, иштеп келет

— Акыркы жолу Кыргызстанга качан келип кеттиңиз?

— Үч жыл мурун барып кеткем. Аябай сагындым. Мага мамлекет мурун батир белек кылган. Буюрса аны өзүмө каттатып Кыргызстанга барып жашасам деген тилек менен жүрөм. Жакынкы убакытта досторума, машыктыруучума кезигип, алар менен чер жазып сүйлөшүп отурууну эңсөөдөмүн. Ошондой эле бул жактын аба ырайы, климаты да башкача, Кыргызстанга жетпейт. Ысык-Көлдүн абасын, кооздугун, тоолорун сагынам.

— Үй-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз, уул-кыздардын арасында ата жолу менен кетчүлөр барбы?

— Үч балабыз бар. Жубайым иштейт, балдар окуп жатышат. Азырынча велоспортко кызыккандар жок, бирок спорттун башка түрлөрүнө аралашып жүрүшөт. 

Двукратный чемпион мира и четырехкратный чемпион Азии по велоспорту Евгений Ваккер с семьей на отдыхе
© Фото / предоставлено Евгением Ваккером
Евгений Ваккер: Кыргызстанга үч жыл мурун барып кеткем. Аябай сагындым. Мага мамлекет мурун батир белек кылган. Буюрса аны өзүмө каттатып Кыргызстанга барып жашасам деген тилек менен жүрөм

— Кезинде сизди коңшу мамлекеттер улуттук команда курамында түрдүү эл аралык мелдештерге катышуу сунушу менен келгенин билебиз. Алардан кантип баш тарткансыз?

— Ал маалда Кыргызстандан каржылоо боюнча көйгөйлөр жаралып, мен эмне кыларымды билбей калган маал эле. Ошондо Казакстан тарап жарандыгымды алмаштырып, биздин улуттук курама команданын атынан мелдештерге катышып бербейсиңби деп келген. Машыктыруучум Эркен Акрамовдун аракети менен калып калгам. Ал кезде казактар ар бир спорттун түрүнө жакшы акча бөлчү, бизде ал жылдары спорт каралбай калган. Ошол учурда чет мамлекеттерге кеткендер, спортту таштап салгандар көп болду.

— Кийин польшалык "Лидер" клубуна мүчө болуп Европада карьераңызды улантып калдыңыз. Ал жылдар спорттогу ишмердүүлүгүңүзгө кандай таасир этти?

— Алгач мага немецтердин бир клубу кызыгып, алардын жардамы менен Европага келип, түрдүү спорттук иш-чараларда өзүмдү көргөзө баштадым. Кийин төрт жылдай польшалык "Лидер" клубунун мүчөсү болуп жүрүп, кайра Германияга келип калдым. Ошентип спорттун аркасы менен ар кайсы мамлекеттерде болдум. Жыл сайын өзүмдүн спорттук көрсөткүчтөрүмдү жогорулатуу үчүн тынымсыз эмгектенип жүрүп, анын аркасы менен дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону болдум, бир эле Азия оюндарында беш күмүш, бир коло медаль тагындым. Негизи эле спортчу бир жерде токтоп калбай мелдештерге байма-бай катышып, өзүн өстүрүп атаандаштарын жакшы билиши керек. Европадагы жылдарым мени бир топ өстүрүп, өзүмдү жакшы формада кармап турууга шарт түздү. Андан сырткары, кошумча киреше таап үй-бүлөмдү да бакканга мүмкүнчүлүк берди. 

Серебряный призер из Кыргызстана, велогонщик Евгений Ваккер во время церемонии награждения на 17-х Азиатских играх в Инчхоне, Южная Корея. 27 сентября 2014 года
© AP Photo / Lee Jin-man
Евгений Ваккер: жыл сайын өзүмдүн спорттук көрсөткүчтөрүмдү жогорулатуу үчүн тынымсыз эмгектенип жүрүп, анын аркасы менен дүйнөнүн эки, Азиянын төрт жолку чемпиону болдум, бир эле Азия оюндарында беш күмүш, бир коло медаль тагындым

— 2010-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарына операциядан толук айыкпай эле катышып күмүш медаль тагынганыңызды көпчүлүк спорт сүйүүчүлөр азыркыга чейин айтып келишет. Ошол учурларды кичине эстей кетсеңиз...

— Европадан Кыргызстанга Азия оюндарына даярдык көрүү үчүн учуп келип түндө мейманканада түнөгөм. Эртеси эртең менен ичимдин ооруганы басылбай койду. Машыктыруучума айтсам, ал хирург агасы Эрнест Акрамовго алып барды. Анализдерди карап сокур ичегини алыш керек деди, бир сааттан кийин эле операциялык столго жатып калдым. Аябай капа болдук. Себеби биз атайын мелдешке даярданганы Бишкекке келгенбиз, ал спорттук мелдешти көптөн бери күтүп да жүргөнбүз. Ийри отуруп, түз кеңешип Азия оюндарына катышууга, ал жактан байге алууга аракет кылууну сүйлөшүп операциядан үч күн өткөндөн кийин Ысык-Көлгө даярдык көргөнү кетип калдык. Мелдешке даярданууга ыңгайсыздык жараткан учурлар болуп турду. Анткени скальпель тийген жерим толук бүтө элек болчу, оорутуп да калчу, бирок каалоом күч эле. Эки-үч жумадан кийин Кытайга учуп кеттик, ал жактан марага экинчи келип күмүш медаль тагынып калдым. Алтын тагынган атаандашыман төрт-беш секунддай эле артта калгам. Ошондо бир чети кубанып, бир чети кичине аракет кылсам алтын тагынмак экенмин деп кайгыргам. 

Двукратный чемпион мира и четырехкратный чемпион Азии по велоспорту Евгений Ваккер в Бишкеке
© Фото / предоставлено Евгением Ваккером
Евгений Ваккер: эгер өлкөдө велоспортту алдыга жылдыруу, өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер баштала турган болсо, мен ар дайым кол кабыш кылганга, жаштарды даярдоого катышууга даярмын

— Көптөгөн мамлекеттерде машыгып, айрымдарында машыктыруучу болдуңуз. Кыргызстандагы велоспорттун келечеги жөнүндө эмне дейсиз...

— Биринчиден, биздин өлкөнүн жайгашкан жери спорттун көп түрү үчүн абдан ыңгайлуу. Жаратылыш шартыбыз спортчуларды тез калыбына келтирүүгө, күч-кубат топтоого жардам берет. Айрым чет элдиктер атайын бийик тоолуу өлкөгө машыгуу үчүн учуп барышат. Тоо чыдамкайлыкты арттырып, күч-кубат берет. Ошондуктан биз машыгууга деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктиктеги Ысык-Көлгө барчубуз. Ал жакта өткөн эки-үч жума эле организмге бир топ жардам берчү, өзүбүздү да жакшы сезип калчубуз. Ошондуктан Кыргызстанда велоспорттун келечеги кең.

Экинчиден, Кыргызстанда велоспортту өнүктүрүү сөзсүз кыйынчылыктар менен коштолот. Себеби ага мамлекет тарабынан да акча бөлүнбөйт. Негизи велоспорт кымбат делген спорттун катарына кирет. Мисалы, кымбат велосипед, атайын форма, автоунаа, жабдуу керек. Анан тамак-аш, жатакана жана башка бир топ көйгөйлөр бар. Эгер өлкөдө велоспортту алдыга жылдыруу, өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер баштала турган болсо, мен ар дайым кол кабыш кылганга, жаштарды даярдоого катышууга даярмын. Муну менен катар Кыргызстанда машыгып, Европанын деңгээлинде спорттук мелдештерде өз күчүн сынагысы келген мекендештерге көмөктөшө алам.

Бизде аталган спорттун түрүнө кызыгып машыгып жүргөн балдар жок эмес. Аларга каржылык, устаттык колдоо болбосо, ийгиликтерди жаратуу өтө оор. Кыргызстанда узак убакыттан бери велоспортту мамлекет көз жаздымда калтырып келгендиктен, аны калыбына келтирүү да көп убакыт талап кылынат.

218
Белгилер:
маек, Евгений Ваккер, велоспорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Эл аралык спорт чебери болгон алгачкы кыргыз кызы. Жөө күлүк Сатарова менен маек
Аягына чейин кармашкам. Хабиб менен беттешкен кыргыз мушкер Турсунбектин маеги
Бегалиев: атактуу спортчулар жаштар менен тажрыйбасын бөлүшсө спорт өнүгөт
Андреа Ли менен Антонина Шевченко беттеш учурунда

UFC Антонина Шевченко менен анын атаандашына бирдей гонорар берди

100
(жаңыланган 14:36 18.05.2021)
Шевченко сый акысынын көп бөлүгүн спорттук иш-чарага катышып бергени үчүн, азыраак суммасын жарнамалык кызмат көрсөткөнү үчүн алган.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Антонина Шевченко Хьюстондогу UFC 262 турниринде 46 миң доллар тапты. Бул тууралуу SportsDaily спорттук басылмасы жазды.

Дем алыш күнү өткөн турнирде Антонина Шевченко америкалык спортчу Андреа Лиге утулуп калган. Каршылашы экинчи раундда колду кайруу ыкмасын колдонгон.

Кыргызстандык спортчу ММАде жалпысынан тогуз беттеште жеңүүчү болуп, үч жолу жеңилген.

Шевченко соңку кармашы үчүн атаандашы сыяктуу эле 46 миң доллар тапкан. Ал 40 миңин спорттук иш-чарага катышканы үчүн, калган алты миң доллары жарнама үчүн төлөнгөн.

Каршылашы Андреа Ли беттешкени жана жеңиши үчүн 20 миң доллар, медиа жумалыгына катышкандыгы үчүн алты миң доллар алган.

UFC 262 турниринде эң көп сый акыга Хабиб Нурмагомедовдун салмагында жаңы чемпион болгон Чарльз Оливейра алды. Ага 455 миң доллар төлөнгөн. Анын атаандашы Майкл Чендлерге 380 миң доллар берилген.

100
Белгилер:
беттешүү, гонорар, Андреа Ли, Антонина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Макгрегор жарыкка келген уулунун сүрөтүн көрсөттү
Антонина Шевченконун каршылашына жеңилген видеосу тарады
Чарльз Оливейра жеңил салмакта чемпион болуп, Хабибдин ордун ээледи. Видео
Кыргызстандык боксчу Азат Усеналиев. Архив

Азат Усеналиев баштаган боксчулар Азия чемпионатында күчүн сынайт

50
Мелдеш 21-майдан 1-июнга чейин Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Анда улуттук команданын алты мушкери күчүн сынайт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатына катыша турган спортчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 21-майдан 1-июнга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында өтөт. Азия чемпионатын багындырууга спорт чеберлери жана эл аралык даражадагы спорт чеберлери Мирлан Түркбай уулу (49 кг), Азат Усеналиев (52 кг), Акылбек Эсенбек уулу (57 кг), Нурадин Рустамбек уулу (69 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (75 кг), Эркин Адылбек уулу (81 кг) аттанышат.

Спортчуларды башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев жетектеген топ алып барат.

Белгилей кетсек, курама команданын мушкерлери мелдешке Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жиберилүүдө.

Ата мекендик мушкерлер буга чейин Азия чемпионатына Бишкекте даярдык көрүшкөнү айтылган.

50
Белгилер:
Кыргызстан, мелдеш, Азия чемпионаты, бокс
Тема боюнча
Кыргызстандык дзюдочулар Азия кубогунда 3 алтын медаль тагынды. Сүрөт
Аткаминер. Архив

Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасынын" башкы директору болуп дайындалды

0
(жаңыланган 22:54 18.05.2021)
Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директору болуп дайындалганын аталган мекемеден билдиришти.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.

Бүгүн, 18-майда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев Шерботоевди ишкананын жамаатына тааныштырды.

Министр жаңы директорго ийгилик каалап, почтанын ишине олуттуу колдоо көрсөтөрүнө ишене турганын айтты. Ал эми Шерботоев артылган ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

"Учурда байланыш жана коммуникация тармагынын санариптик трансформациялоо багытында динамикалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Биргелешкен аракеттер менен почта ишин өркүндөтөбүз", — деди ал.

Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

0
Белгилер:
Эсен Шерботоев, жетекчи, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
"Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт
"Кыргыз почтасы" элди алдамчылардан сак болууга чакырды