Ысык-Көлдүн жээгиндеги марафон. Архивдик сүрөт

Ысык-Көл марафонуна катышууга кызыккандардын саны 2000ге жетти

95
Аталган марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. 15-майда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүүчү ШКУнун Run the Silk road-Shanghai Cooperation Organization деп аталган IX эл аралык марафонуна катышуу үчүн 20 өлкөдөн эки миң арыз түшкөн. Бул тууралуу көчмө жыйында Эл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров айтканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Жыйында марафондогу жол коопсуздугу, медициналык персоналдын иши, ыктыярчыларды тартуу, мелдеш учурунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так сактоо, катышуучулар жана коноктордун коопсуздугу сыяктуу маселелер талкууланды.

Эскерте кетсек, аталган спорттук ири иш-чара 15-майда Ысык-Көлдө өтөт. ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.

Катышууну каалагандар http://runthesilkroad.com/ сайтынан же Эл аралык марафон дирекциясы аркылуу катталса болот.

95
Белгилер:
арыз, катышуучу, марафон, Ысык-Көл, ШКУ
Тема боюнча
ШКУнун эл аралык марафону 15-майда Чолпон-Ата шаарында старт алат
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион. Архив

Бишкекте 22-23-майда жеңил атлетика боюнча фестиваль өтөт

46
Мелдешке республиканын 14 жаштан ашкан мектеп окуучулары, студенттер, спорттук мектептердин, клубдардын тарбиялануучулары катышат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясы билдирди.

Мелдешке республиканын 14 жаштан ашкан мектеп окуучулары, студенттер, спорттук мектептердин, клубдардын тарбиялануучулары катышат.

Аларга эки түрдөгү программа жана эстафетага катышууга уруксат берилет.

Мелдеш Дүйнөлүк атлетиканын эл аралык эрежелери менен өтөт. Эстафеталык жарышта команда жок болгон же катышуучу үчтөн кем болуп калган учурда мелдеш өткөрүлбөйт.

46
Белгилер:
мелдеш, фестиваль, Бишкек, жеңил атлетика, спорт
Тема боюнча
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия чемпионатына даярданууда
Кыздар футболунан Кыргызстандын улуттук командасынын дарбазачысы Айчүрөк Толонова

Футбол боюнча улуттук команданын дарбазачысы Айчүрөк беларустук "Неманга" өттү

112
(жаңыланган 10:54 10.05.2021)
Клуб спортчу менен  2022-жылдын ноябрына чейин келишим түздү. Айчүрөк кечээтен тарта жаңы командасы менен машыгууга киришкен.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыздар футболунан Кыргызстандын улуттук командасынын дарбазачысы Айчүрөк Толонова Беларустун "Неман" клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Маалыматка ылайык, клуб футболчу менен 2022-жылдын ноябрына чейин келишим түздү.  Айчүрөк кечээтен тарта жаңы команда менен машыгууга киришкен.

"Толонова Кыргызстандын улуттук курмама командасынын ар кандай жаш курактагы топторунда ойногон. 2018-жылы алгачкы жолу өлкөнүн жаштар курама командасынын дарбазасын коргоп чыккан. 2018-жылы өлкөнүн мыкты дарбазачысы наамына татыган", — деп айтылат маалыматта.

2019-жылы кыргызстандык футболчу кыз Казакстандын СДЮСШОР №8 балдар спорттук мектебинин олипиадалык резевдер командасында ойноп, чемпионатта үчүнчү орунга жетишкен.

112
Белгилер:
дарбазачы, Кыргызстан, Беларусь, трансфер, футболчу
Тема боюнча
"Кыргызстандык Месси" алматылык клуб менен келишимин узартты
Кишилер сууну алып жатышат. Архив

Ош шаарында таза суу кайрадан берилбей калды

14
Кырдаалга байланыштуу "Ош шаар суу канал" ишканасы жашоочуларга сууну водовоз менен ташып келип бере турганын билдирди.

БИШКЕК, 11-май. — Sputnik. Ош шаарында ичүүчү сууну берүү кайрадан токтотулду. Бул тууралуу "Ош шаар суу канал" ишканасы билдирди.

Ага ылайык, таза суу нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу өчүрүлүп жатат. Ушундай эле себеп менен Ош шаарында мындан үч күн мурун дагы суу берилбей калган.

Учурда Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондорунда, Достук, Калинин массивдеринде жана башка аймактарда суу жок.

Мындан улам "Ош шаар суу канал" ишканасы жашоочуларга водовоз менен суу ташып келип бере турганын билдирди.

Таза сууну шаардыктар төмөнкү телефондор аркылуу чалып ала алышат:

  • 0 556 039599; 0 556 460585; 0 559 566671; 0 558 140888;
  • 8-11-15; 8-11-51; 5-04-16;
  • 105.
14
Белгилер:
жаан, суу, шаар, дарыя, Ак-Буура, Ош
Тема боюнча
Ош шаарында эки күндөн бери суу жок. Мэрия унаа менен ташымай болду