Street workоut спортунун чеберлери: машыгуубузду президент көрүп таң калган

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчө спорттун федерациясынын президенти Эмир Мырзабеков
Көчө спорттун федерациясынын президенти Эмир Мырзабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
Жазылуу
Акыркы кезде көчө спорту тууралуу сиз да угуп калсаңыз керек. Чындыгында Street workоut борбордо кулачын жайып, өзгөчө жаштар арасында кызыгууну жаратып жаткан чагы.
Спорт аянтчасындагы турниктерде машыгуучу спорттун бул түрү коомдогу ар кыл курактагы жана ар кандай социалдык абалдагы адамдардын башын бириктирет. Муну Кыргызстанда өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан Эмир Мырзабеков жана машыктыруучу Кутман Молдакунов Sputnik Кыргызстан агенттигине келип маек куруп кетишти.
— Street workоut деген эмне?
Эмир Мырзабеков: — Street workout — бул көчө гимнастикасы. Мында таза абада, бекер машыгуу мүмкүнчүлүгү берилет. Кыргызстанда, өзгөчө айылдарда финансылык жана материалдык шарттын жоктугунан атайын залдарда машыгып, спорт менен алектенүү үчүн көйгөй жаралбай койбойт. Биз алгач жөн гана таза абада машыгууну баштаганбыз. Кийин спорттун бул түрүнө да кызыгуу жаралып, 2013-жылы Бишкекте Street workout — Көчө спорту федерациясы ачылган. Биз ошол федерацияны өнүктүрүүнү колго алдык. Бизге башында 13 жаштан 25 жашка чейинки балдар көп келе баштаган. Алгачкы жылдары 20 бала келсе, азыр 5000ге чейин жетти. Бул спорт менен каалаган кишинин баары машыкса болот. Кайсы спортко барба, мейли бокс же күрөш болсун, сага күч керек. Дене бойдун даярдыгын тийиштүү деңгээлге жеткирүү үчүн да эшикте турникте тартылып, түртүлүп ар кыл көнүгүүлөрдү жасайбыз.
— 2013-жылы федерация түзүлүп, андан кийин аталган ышкыбоздор спорту өнүккөнүн айттыңыз. Буга чейин Кыргызстанда воркаут спорту бар беле?
© Sputnik / Табылды КадырбековStreet workоut спортунун машыктыруучусу Кутман Молдакунов
Тренер по Street workout Кутман Молдакунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Street workоut спортунун машыктыруучусу Кутман Молдакунов
Кутман Молдакунов: — Бул спорт башында "Гетто воркаут" деген ат менен пайда болгон. Тарыхына кайрылсак, алгач АКШда спорт залдарга барууга мүмкүнчүлүгү жок кара терилүү адамдар эшикте же жаш балдардын спорт аянтчасында машыга башташкан. Кийинчерээк өнөрлөрүн видеого тартып, аны интернетке жүктөп, бара-бара аталган көчө спорту башка өлкөлөргө да тараган. Сиз айткандай, алгач 2010-жылы Кыргызстанда ушул спорттун түрү менен машыккан балдардын тобу пайда болду. Бирок аларды эч ким таанычу эмес. Мисалы, менин байкем интернеттен воркаут спортунун тасмасын көрүп калып жалгыз эле машыгып баштаган. Ал бирге машыкканга башка балдарды таба албай бир-эки жыл жүрүп, кийин бул спортко кызыккан беш-алты балага жолугуп калып, анан федерация түптөлгөн.
— Ар бир спорттун түрүндө атайын эрежелер болот эмеспи. Көчө спорту өзүнө кандай эреже, шарттарды камтыйт?
К.М.: — Биз келген балдарга машыгуунун жол-жобосун, ыкмасын эле көрсөтүп беребиз. Алар ошол боюнча улантып, өнөрүн өркүндөтүп кете берет. Чек жок.
Кыргызстанский велогонщик Евгений Ваккер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
Ысык-Көлдүн абасын, тоолорун сагынам. Велоспортчу Евгений Ваккер менен маек
— Бишкекте акыркы убакта бул спорттун түрүнө кызыккандар жана спорт аянттарында машыккандар көбөйүп баштады. Балдарды кантип чогулта баштадыңар?
Э.М.: — Азыр кудайга шүгүр, 21-кылым, техника өнүккөн. Баары интернетте отурат. Чогуларда интернетке афишаларды чыгарып, элди атайын бир дарекке чакырабыз. Азыр пандемия болгондуктан машыктыруу иштери бир аз токтоп калды. Ага чейин бат-бат уюштуруп турчубуз. Ары-бери өткөн адамдар бизди көрүп, атайын кайрылып сурашат. Көбү кызыгып, кийин келип биз менен машыгып баштайт. Учурда шаарда төрт-беш машыгуучу жайыбыз бар. Ага атайын күндөрдү белгилеп коёбуз. Азыр машыккандардын көбү негизинен студенттер болгондуктан алардын окуусуна ылайыктап убакыт коюп беребиз. Орозого да карап жатабыз.
— Пандемиядан кийин ден соолук маанилүү экенин түшүнүп, ар бир адам иммунитетти чыңдап, өзүнө кам көрүүгө өтө маани берип баштады. Аны менен катар фитнеске, бассейнге барып, ар кандай командалык спорттун түрлөрүнө балдар-кыздарын жиберүүдө. Ошондой эле спортту акча табуучу тармак катары да билебиз. Ал эми воркаутта салттуу түрдө акысыз машыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Сиздер көп убакытты ушул жакта өткөрөсүздөр, анан кантип спорттун бул түрү менен акча табууга болот?
Э.М.: — Спорттун бул түрү аркылуу акча табуу жагын карабайбыз. Биз 6-7-класстан бери воркаут спорту менен машыгып келебиз. Максатыбыз — ден соолукту, иммунитетти чыңдоо. Бул жерде деле акча табууга болот. Кээде атайын бир машыктыруучунун карамагында жекече машыгууну каалагандар чыгат. Биз машыгуудан кийин элге мастер-класстарды көрсөтөбүз. Балдардын кечелерине, корпоративдерге же тойго да чакыргандар чыгат. Бирок биз аларга акча тууралуу унчукпайбыз, өздөрү каалаганын берип кетишет. Ушундай жолдор менен акча табууга болот.
— Воркаутка кызыгып, машыккандардын саны улам барган сайын өсүп жатыптыр. Аларды кызыктырган жагдай эмне?
М.К.: — Бизде воркаут менен машыгып жүргөн тогуз жаштагы балдар бар. Эң улуусу 60 жаштагы ата. Бул жакта жаш куракка чектөө жок. Биз ар кандай трюктарды жасап жатканда абдан кооз көрүнөт. Бир байке келип "мен турникте жөн гана тартынууга болот деп ойлогом, ушундай көнүгүүлөрдү жасаса да болот турбайбы" деп айткан. Анан дагы Street workоut спортунун максаты — адамдарды бириктирүү. Бизде машыктыруу бекер. Жаш балдарды спортко тартууну максат кылабыз. Азыр спорт залга баруу кымбат турат, дароо эле 2000-3000 сом төлөйсүң. Анан, албетте, акчасы аз жаштар клубга барат.
© Фото / Федерация уличных видов спортаStreet workоut менен машыгуу
Занятие по Street workоut в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Street workоut менен машыгуу
— Воркаут боюнча эл аралык деңгээлдеги бир катар чемпионаттар, мелдештер өтүп, мыкты спортчулар дүйнөлүк чемпионаттарда чогулуп турушат экен. Бизде чемпионаттар же турнирлер өтүп турабы?
Э.М.: — Кыргызстанда бир жылда элүүдөн ашык иш-чара болот. Биринчи бөлүгүндө балдарды машыктыруу, экинчисинде элди чогултуп мастер-класс тартууланат. Ал эми үчүнчүсүндө мелдештер өткөрүлөт. Workaut Fest деп аталган ачык мелдештер өтүп, ага тогуз жаштан 70 жаштагыларга чейин катыша берет. Алар өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтөт. Калыстар тобу мыктыларды тандап, алар кийинки өтүүчү республикалык чемпионаттарга катышат. Ар бир атлетке үч мүнөт берилет, ошол убакыт аралыгында болгон өнөрүн көрсөтүшү керек. Бирок ошол үч мүнөттүк трюктарын ишке ашырууга спортчу үчүн төрт-беш жыл керектелет.
Альпинист Эдуард Кубатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Эверест чокусун багындыруу үчүн бараткан Эдуард Кубатов менен маек
— Воркаутка жаңы келген үйрөнчүктөр кандай жаракаттарды алып, кандай ката кетиришет? Анткени көп учурда машыктыруучусу жок эле машыгууга туура келип калат эмеспи. Буларга кандай кеңеш бересиңер?
Э.М.: — Жаңы келип жаткан балдар дароо эле турникке секире калышат. Эч качан мындай кылууга болбойт. Себеби туура эмес кыймылдагандан колун кокустатып, булчуңдарын оорутуп алышы мүмкүн. Алгач 15 мүнөттөй машыгып, денени жибитип, анан турникке чыгуу керек. Айрымдар биз жасап жаткан трюктарды өз алдынча жасаганга аракет кылышат. Окшошпой калганда гана бизге кайрылып, ага да убакыт керек экенин түшүнөт. Бирок бизде чоң жаракат алгандар болгон эмес.
© Фото / Федерация уличных видов спортаВоркаут менен каалаган кишинин баары машыкса болот.
Занятие по Street workоut в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Воркаут менен каалаган кишинин баары машыкса болот.
— Дүйнөлүк аренада эркектер гана эмес, кыздар да воркаут менен машыгышат. Бизде бул жагынан кандай?
Э.М.: — Бизде да воркаут менен машыккан кыздар бар. Мындан эки-үч жыл мурун Бишкекте ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда парк ачылган. Ошондо биз да өнөрүбүздү тартууладык. Кыздарыбыздын турникке тартынганын көрүп мамлекет башчысы таң калган. Азыр Айсулуу Исаева аттуу машыктыруучубуз кыздар менен иштешет. Негизи кыздар бир аз уялчаак келгендиктен воркаут менен машыккан эркектерге караганда саны эки эсе аз. Учурда эки жүздөй кыз-келин бар. Көбүнчөсү эркектердей булчуңдарыбыз чыгып кетет деп коркушат, бирок андай болбойт.
— Эми эл аралык мелдештер, ошол эле Азия континентинде жана КМШ өлкөлөрүндө өткөн чемпионаттар бар. Биздин спортчулар бул жаатта ийгилик жарата алдыбы?
К.М.: — Street workout федерациясы буга чейин бир канча ирет чет мамлекеттерге барган. 2013-жылы Казакстанда воркаут боюнча дүйнөлүк чемпионат болгон. Ошол жерден 130 өлкөнүн ичинде 76-орунду алганбыз. Андагы биздин деңгээл менен алып караганда, бул аябай жакшы көрсөткүч. Ал убакта эч ким воркаутту түшүнбөгөндүктөн чет жакка чыгарда демөөрчүлөрдү издеп кыйналчубуз. Андан кийин спорттун бул түрүнө өкмөт да кызыгып, колдоо көрсөтө баштады. Шаарда жаңы спорт аянтчасы ачылса бизди да чакырат. Чемпионаттарда жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүбүз аябай жакшы. Азыр да чет өлкөдө өткөн мелдештерге барууда каражат жагынан кыйынчылыктар жаралып калат. Бирок пандемияда турнирлер да онлайн өткөндүктөн видео жөнөтүүдөбүз. Потенциалыбыз жогору, анткени мыкты спортчу балдар өсүп чыкты. Спорттук аянттарды куруп, дүйнөлүк мелдештерди өткөргөн компаниялар бар. Алар бизге да жардам берип жатат. Буюрса пандемиядан чыгып алсак, балдарыбызды чет өлкөлөргө жөнөтөбүз.
Жаңылыктар түрмөгү
0