АКШлык Майк Тайсон британиялык Леннокс Льюис менен беттеш учурунда. Архив

Тайсон эзелки атаандашы Льюис менен беттешерин жар салды. Убакыт-сааты

85
(жаңыланган 10:44 29.04.2021)
Тайсон Льюис менен рингде буга чейин кез келген. 2002-жылдын июнь айындагы кармашта Леннокс техникалык нокаут менен уткан.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Майк Тайсон британиялык атаандашы Леннокс Льюис менен реванш беттешине чыгат. Бул тууралуу ал TMZ порталына берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, эки мушкер тең реваншка даяр экенин билдиришкен. Кармаштын өтө турган күнү аныкталган.

"Мен Льюис менен дагы беттешке чыкканы жатам. Беттеш сентябрда өтөт", — деген Тайсон.

Мушкерлер 2002-жылы кез келген. Анда британиялык спортчу сегизинчи раундда техникалык нокаут менен уткан.

Белгилеп кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында 15 жылдык тыныгуудан соң Тайсон чоң бокска кайрадан келген. Анда ал мекендеши Рой Жонс менен көргөзмө беттешке чыккан. Ардагер мушкерлердин таймашы тең чыгуу менен аяктаган.

85
Белгилер:
Леннокс Льюис, Майк Тайсон, беттешүү, реванш, бокс
Тема боюнча
58 жаштагы бокс легендасы Эвандер Холифилд рингге чыгат
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадион. Архив

Бишкекте 22-23-майда жеңил атлетика боюнча фестиваль өтөт

36
Мелдешке республиканын 14 жаштан ашкан мектеп окуучулары, студенттер, спорттук мектептердин, клубдардын тарбиялануучулары катышат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясы билдирди.

Мелдешке республиканын 14 жаштан ашкан мектеп окуучулары, студенттер, спорттук мектептердин, клубдардын тарбиялануучулары катышат.

Аларга эки түрдөгү программа жана эстафетага катышууга уруксат берилет.

Мелдеш Дүйнөлүк атлетиканын эл аралык эрежелери менен өтөт. Эстафеталык жарышта команда жок болгон же катышуучу үчтөн кем болуп калган учурда мелдеш өткөрүлбөйт.

36
Белгилер:
мелдеш, фестиваль, Бишкек, жеңил атлетика, спорт
Тема боюнча
Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азия чемпионатына даярданууда
Кыздар футболунан Кыргызстандын улуттук командасынын дарбазачысы Айчүрөк Толонова

Футбол боюнча улуттук команданын дарбазачысы Айчүрөк беларустук "Неманга" өттү

111
(жаңыланган 10:54 10.05.2021)
Клуб спортчу менен  2022-жылдын ноябрына чейин келишим түздү. Айчүрөк кечээтен тарта жаңы командасы менен машыгууга киришкен.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыздар футболунан Кыргызстандын улуттук командасынын дарбазачысы Айчүрөк Толонова Беларустун "Неман" клубуна өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Маалыматка ылайык, клуб футболчу менен 2022-жылдын ноябрына чейин келишим түздү.  Айчүрөк кечээтен тарта жаңы команда менен машыгууга киришкен.

"Толонова Кыргызстандын улуттук курмама командасынын ар кандай жаш курактагы топторунда ойногон. 2018-жылы алгачкы жолу өлкөнүн жаштар курама командасынын дарбазасын коргоп чыккан. 2018-жылы өлкөнүн мыкты дарбазачысы наамына татыган", — деп айтылат маалыматта.

2019-жылы кыргызстандык футболчу кыз Казакстандын СДЮСШОР №8 балдар спорттук мектебинин олипиадалык резевдер командасында ойноп, чемпионатта үчүнчү орунга жетишкен.

111
Белгилер:
дарбазачы, Кыргызстан, Беларусь, трансфер, футболчу
Тема боюнча
"Кыргызстандык Месси" алматылык клуб менен келишимин узартты
Индияда COVID-19 өлгөн кишинин сөөгүн туугандары көтөрүп бара жатышат

Ганг дарыясынан коронавирустан көз жумган 30дай адамдын сөөгү табылды

0
Күбөлөрдүн айтымында, сууга ыргытылган адам сөөктөрү 100дөн көп болушу мүмкүн. Аталган окуя элди дүрбөлөңгө салып, жергиликтүү тургундар вирустун тарап кетүүсүнөн кооптонууда.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Индиянын Буксар шаарында Ганг дарыясынан коронавирустан көз жумган 30дай адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу The Times of India басылмасына таянып, РИА Новости кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аталган аймактын администрациясы кишилердин сөөктөрү коңшу штаттан агып келиши ыктымал деп божомолдогон. Бирок жергиликтүү тургундар журналисттерге дарыянын жээгинде жашагандар кремация акысы жана өрттөө кымбат болгондуктан өлгөндөрдү сууга ыргытып жатканын билдиришкен.

Күбөлөрдүн айтымында, сууга ыргытылган адам сөөктөрү 100дөн көп болушу мүмкүн. Аталган окуя элди дүрбөлөңгө салып, жергиликтүү тургундар вирустун тарап кетүүсүнөн кооптонууда.

Бийлик сууну тазалай баштаганын билдирген. Таанылбаган сөөктөр ырым-жырымы менен кремацияланып, чыгымын штаттын өкмөтү өзүнө алган.

Белгилей кетсек, Индия коронавирус жуктургандар боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Оору илештиргендердин саны бул мамлекетте 22, 2 миллиондон ашты.

0
Белгилер:
Ганг дарыясы, коронавирус, сөөк, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19 жуктургандар жана көз жумгандар эң жогорку чегине жетти. ДССУ билдирүүсү
Индияда коронавирус аз келгенсип дагы бир инфекция күчөп жатат