Футболчу оюн учурунда. Архив

Футболчу Кайраттын "Каганатка" киргизген голу мыкты деп аныкталды. Видео

169
Бул сыйлыкка жети талапкер тандалып, күйөрмандардын тандоосуна коюлган. Мыкты голдун автору социалдык тармактардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын премьер лигасындагы (КПЛ) Абдыш-Ата клубунун оюнчусу Кайрат Изаковдун голу апрель айында мыкты деп табылды. Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от БАТКЕН Мы с тобой! (@kyrgyzpremierleague)

Маалыматка ылайык, бул сыйлыкка жети талапкер тандалган. Мыкты голдун автору социалдык тармактардагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от БАТКЕН Мы с тобой! (@kyrgyzpremierleague)

22-апрелде КПЛдин 7-турунун алкагында "Абдыш-Ата" өз үйүндө Оштун "Каганат" клубун кабыл алып, 2:1 эсебинде уткан. Беттештин 66-мүнөтүндө Изаков айып аянтынын сыртындагы стандарттык абалдан дарбазанын алыскы бурчуна таамай тээп киргизген. Бул гол кооздугу менен эле эмес, командага жеңиш алып келгени үчүн да баалуу болду.

Канттык команда жети оюндан 13 упай топтоп, мелдештик жарышта төртүнчү сапта келе жатат.

169
Белгилер:
Кайрат Изаков, сурамжылоо, ФК "Абдыш-Ата", гол, мыкты, футбол
Тема боюнча
Гүлжигит Алыкулов экинчи ирет Азия боюнча "Аптанын футболчусу" болду
Италиялык футболчу 65 метр аралыктан укмуштуудай гол киргизди. Видео

45 метрден тебилген гол менен дарбазачы кошо кирип... Евро–2020нын видеосу

109
(жаңыланган 11:30 15.06.2021)
Чехиянын курама командасынын чабуулчусу Патрик Шик Европа чемпионатынын тарыхындагы суктанарлык голдордун бирин киргизди.

Кечээ Чехия Шотландияны Евро–2020нын алкагында өткөн тайпалык этаптын биринчи турунда жеңип алып, эсеп 2:0 менен аяктады. Биринчи таймдын аягында Шик топту атаандаштарынын дарбазасына башы менен уруп киргизген.

Оюндун 52-мүнөтүндө чехтер чабуулду күчөткөн. Шик каршылаш оюнчулардын дарбазачысы ордунан алысыраак турганын байкап, топту талаанын борборунан туруп тепкен. Видеодон көкөлөп учуп барып, дарбазанын темиринин астынан топ да киргенин, артынан чуркап күүлөнүп токтоно албай дарбазачы да кошо кирип кеткенин көрүүгө болот.

​Оюнчунун голду 45,44 метр аралыктан киргизгени маалым болду. Ошентип, бул Европа чемпионатындагы кеминде 1980-жылдан берки эң алыстан киргизилген топ болуп калды. Мурдагы рекордду немец Торстен Фрингс (35,3 метр) койгон. Лидерлердин үчтүгүндө 1996-жылы 31,27 метрден атаандаштарынын ичин күйгүзгөн Владимир Бесчастных да бар.

​Футбол боюнча Европа чемпионаты былтыр жай айында өтүшү керек болчу, бирок пандемиядан улам аны 2021-жылга жылдырган. Матчтар 11-июлга чейин Европанын бир нече шаарларында өтөт.

109
Белгилер:
дарбазачы, гол, футбол, Европа чемпионаты
Тема боюнча
Италиялык футболчу 65 метр аралыктан укмуштуудай гол киргизди. Видео
Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандашын 3:0 эсеби менен утуп алды

Кыргызстандын футболчу кыздары тажикстандык атаандаштарын утуп алды. Видео

292
(жаңыланган 10:08 15.06.2021)
Душанбеде өтүп жаткан турнирге беш команда катышып жатат. Эки оюндан кийин өлкөнүн курама командасы үчүнчү орунда.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандашын 3:0 эсеби менен утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Бир топту Татьяна Казначеева киргизсе, эки гол Адинай Дүйшөбаевага таандык.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Борбор азиялык футбол ассоциациясынын чемпионаты (CAFA-2021) ушу тапта Душанбе шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Афганистан жана Тажикстандын командалары катышууда. Мелдеш айлампа системасы менен өтүп жатканы айтылды. Жеңүүчү команда чогулткан упайлардын эсеби менен аныкталат.

Ушу тапта кыргызстандык футболчу кыздар эки оюндун жыйынтыгы менен үчүнчү орунда турат. Буга чейин Өзбекстандын командасына 3:1 эсеби менен утулуп калган.

292
Белгилер:
Тажикстан, команда, кыз-келиндер, футбол
Тема боюнча
Футбол: Кыргызстан Мьянманын дарбазасына киргизген голдордун видеосу
Мужчина получает вакцину Johnson & Johnson от COVID-19 во временном пункте вакцинации на вокзале Grand Central Terminal в Нью-Йорке. 12 мая 202 года

900 кишиге мөөнөтү өткөн вакцина сайылып... Нью-Йорктогу окуя

0
(жаңыланган 13:41 15.06.2021)
899 адамга сайылган вакцинанын муздаткычта сактоо мөөнөтү өтүп кеткени эмдөөдөн кийин гана маалым болгон.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Нью-Йоркто 900дөй адамга коронавируска каршы Pfizer жана BioNTech компаниялары иштеп чыккан вакциналар мөөнөтүнөн өткөндө сайылып калгандыгын New York Post басылмасы жазды.

Бейтаптарга окуя тууралуу Таймс-сквердеги эмдөө пунктунун оператору Давид Савицкий маалымдаган. Ал эмдөөдөн өткөн 899 адамга электрондук кат жөнөткөн.

Вакцина бейтаптарга сайылгандан кийин гана муздаткычта туруу мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган.

Адис мындай эмдөө адамдардын ден соолугуна зыяны жоктугун билдирип, вакцина алгандарга кайрадан эмдөөдөн өтүүнү сунуштаган.

0