UFC Нуньес чемпион болуп турган дивизионду жабат

© AFP / Steve MarcusUFCинин эки категория боюнча чемпиону Аманда Нуньес. Архив
UFCинин эки категория боюнча чемпиону Аманда Нуньес. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Спорттук уюм 65 килограмм салмакта атаандаштык жараткан кыз-келиндер жоктугунан дивизионду жаап салууну карап жатат. Нуньес ушул категорияда жана 61 килограмм салмакта чемпион.
БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. UFC президенти Дана Уайт кыз-келиндер арасындагы жарым жеңил салмак дивизионун жабууну чечти. Бул тууралуу Fight Sports TV каналына промоушендин эки категория боюнча чемпиону Аманда Нуньес билдирди.
"Дана бул категорияны жабууну чечти. Мен ал жакта чемпион болгондуктан жабылбай эле турса экен дейм", — деди ал.
Нуньес жарым жеңил салмакта атаандаштык жараткан спортчулар аз экенин белгиледи.
КМШ өлкөлөрүнүн мушкерлери Хабибди узатышты. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2021
КМШ өлкөлөрүнүн мушкерлери Хабибди узатышты. Видео
"Бул категорияда таланттуу спортчуларды табуу кыйын болууда. Крис Сайборг (Bellator уюмунун чемпиону) менен беттешкен кыздарга деле бир нерсе жетишпегендей. Мен аларды жамандаган жерим жок, бирок көбүрөөк иштеп, ордун табышы керек", — деди бразилиялык спортчу.
Нуньес жарым жеңил салмактагы чемпиондук наамды 2018-жылы ошол кездеги чемпион Крис Сайборгду утуп тагынган. Андан бери эки ирет коргоду. Бразилиялык спортчу 61 килограмм салмактагылар арасында да чемпион экени белгилүү. Бул категорияда кыргызстандык Валентина Шевченко менен эки ирет беттешип утуп алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0