Кыргызстандык балбан Лазарев UFC мушкери Романовду көтөрүп чаап утуп алды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКыргызстандык оор салмактагы эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев беттеш учурунда. Архив
Кыргызстандык оор салмактагы эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2021
Жазылуу
Кыргызстандык балбан эми Тажикстандын Рустам Искандариге көңүл жубатуучу таймашка чыгат. Кармаштын жеңүүчүсү венгриялык балбан менен коло байге талашат.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстандык оор салмактагы эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев UFC мушкери, молдовалык Александр Романовду утуп алды. Балбандар Токио Олимпиадасына жолдомо берилүүчү дүйнөлүк лицензиялык мелдеште көңүл жубатуучу этапта кез келишти.
Турнирдин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (United World Wrestling) расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.
Токио шаарында орнотулган Олимпиада шакекчерели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Олимпиадага үч ай калды, Спорт агенттигинин 45 млн. карызы бар. Даярданып жетишеби?
Турнир ушул күндөрү Болгариянын София шаарында өтүп жатат. Лазарев биринчи бөлүктө 1:0 эсебинде утулуп жатып, тик турган позициядан атаандашын көтөрүп чаап, ошол бойдон килемге басып далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздады. Спортчулар экөө тең баштапкы этапта Индия балбаны Сумит Сумитке жеңилген. Ал финалга чыккандыктан Лазарев менен Романов коло байгеге ат салышуу үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыгышкан.
Кыргызстандык балбан эми тажикстандык Рустам Искандариге көңүл жубатуучу таймашка чыгат. Кармаштын жеңүүчүсү венгриялык Хосе Даниэль Диас Роберти менен коло байге талашат.
Эске салсак, молдовалык Александр Романов UFC уюмунун мушкери. Ал промоушенде үч ирет октагонго чыгып, баарында жеңишке жеткен. Жалпысынан ММА спортунда 14 жолу таймашка чыккан болсо, бир да жолу жеңиле элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0