Спорттун 10 түрү боюнча "Кыргызстандын бермети" турнири өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМушкер мелдешүү учурунда. Архив
Мушкер мелдешүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Мелдешке онго чукул мамлекеттин келиши күтүлүп жатат. Уюштуруучулар 8 жаштан 40 жашка чейинки спорчуларды катышууга чакырып өтүштү.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өлкөдө спорттун 10 түрү боюнча "Кыргызстандын бермети" турнири өтөрүн уюштуруучулар билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Бекболсун Советбеков (@bekbolsun_sovetbekov)

Мелдеш 5-июлдан 11-июлга чейин Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында болот.
Турнирдин программасына ушу-саньда, маст-рестлинг, тай бокс, грэпплинг, кикбокс, кармашуу, таэквондо, К-1, армрестлинг, аралаш мушташ камтылган.
Уюштуруучулар мелдешке 10го чукул мамлекеттин спортчулары келиши күтүлүп жатканын айтты. Ошондой эле 8 жаштан 40 жашка чейинки спортчуларды катышууга чакырып өтүштү.
Жаңылыктар түрмөгү
0