Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив

Айбат көрсөтүп... Антонина Шевченко менен Андреа Линин көз караштар таймашынан видео

141
(жаңыланган 11:30 15.05.2021)
Кыз-келиндердин жеңил салмактагы рейтингинде Антонина Шевченко 12-катарда болсо, атаандашы Андреа Ли 11-сапта турат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко ("Пантера" каймана атын алган) кезектеги беттеш алдында атаандашы Андреа Ли (КГБ каймана аты менен таанымал) менен көз караштар таймашына чыкты. Атлет кыздардын бири-бирине айбат көрсөтүп, жүз карашкан видеосун UFC Russia уюму өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Посттогу видеого “UFC 262 мелдешинде “Пантера менен КГБ беттеши” деген билдирүү калтырган.

Антонинанын бир тууган сиңдиси, UFC уюмунун кыз-келиндер дивизионунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко постко англис тилинде “Let’s go @antoninapantera!” деген комментарий жазды.

Кыз-келиндердин жеңил салмактагы (57 килограмм) рейтингинде Антонина Шевченко 12-катарда болсо, атаандашы Андреа Ли 11-сапта турат.

Кыргызстандык мушкер кыз муну менен промоушендеги алтынчы беттешине чыгат. Акыркы жолу былтыр ноябрда UFC 255 турниринде бразилиялык Адриана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алган. Мыкты, кызыктуу беттеш көрсөткөнү үчүн UFC уюму ага 50 миң доллар бонус берген.

Анын атаандашы Андреа Ли кикбоксинг спортунун чебери болгон. Кийин ММА спортуна өтүп, 2018-жылдан бери UFC уюмунун мелдештерине чыгып келет. Аралаш мушташ спортунда ал жалпысынан алты беттеш өткөрүп, акыркы үчөөндө жеңилүү ызасын тарткан.

Кармаш 16-майдын таңында (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында өтөт.

141
Белгилер:
Антонина Шевченко, UFC, беттешүү, Андреа Ли
Тема боюнча
Үч жашар Валентина менен жети жаштагы Антонина. Мушкерлердин сейрек сүрөтү
UFC Антонина Шевченко менен Андреа Линин беттешинин расмий постерин чыгарды
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы. Архивное фото

Көтөрүп чапты! Айпери Медет кызынын олимпиада чемпионун жеңген видеосу

617
Кармашта Айпери Медет кызы атаандашына мүмкүнчүлүк берген эмес. Алгач буттан чалып килемге жыкса, экинчисинде белден кармап кулаткан.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бүгүн, 1-августта, кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Олимпиаданын чейрек финалында россиялык Наталья Воробьеваны утуп, жарым финалга чыкты.

Мелдештин видеосу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.

Анда көрүнүп тургандай, кыргызстандык балбан россиялык атаандашын буттан алып, килемге көтөрүп чапкан. 76 килограмм салмак категориясында ат салышып жаткан Медет кызы чейрек финалда олимпиада чемпионуна мүмкүнчүлүк бербей, аны 12:0 эсебинде утту.

Буга чейин ал 6:1 эсебинде казакстандык каршылашын жеңген. Жарым финалда Медет кызы дүйнөнүн беш жолку чемпиону, америкалык Аделина Мария Грей менен кармашат.

617
Белгилер:
Айпери Медет кызы, күрөш, видео
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Бали! Айпери Медет кызы олимпиада чемпионун утуп, жарым финалга чыкты
Шашып кетти. Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыга албай калды
Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак категориясы боюнча катышып жаткан Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды

Шашып кетти. Жоламан Шаршенбеков жарым финалга чыга албай калды

962
(жаңыланган 11:19 01.08.2021)
Беттештин биринчи эле бөлүгүндө Чобану адегенде төрт, андан кийин эки упай алып алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө дагы үч упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздады.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак категориясы боюнча катышып жаткан Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда молдовалык Виктор Чобануга утулуп калды.

Беттештин биринчи эле бөлүгүндө Чобану адегенде төрт, андан кийин эки упай алып алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө дагы үч упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда жеңишти камсыздады.

Машыктыруучу Азат Эркинбаевдин "тик туруп ыкма жасаганда атаандашка жакындап туруп жаса" деген көрсөтмөсүн кыргызстандык балбан жасай алган жок.

Эми Чобану финалга чыгып калса, Жоламан коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

962
Белгилер:
грек-рим күрөшү, Олимпиада-2020, Жоламан Шаршенбеков
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Бекдөөлөт Расулбеков Олимпиадада 6-орунду ээледи. Видео
Экзамен тапшырып жаткан мигранттар. Архив

Россияда мигранттардын экзамен берүү шарттары өзгөрдү

0
(жаңыланган 12:09 01.08.2021)
Россия мигранттардан экзамен алуу жана документтерин жалпы маалыматтык системага киргизүү боюнча эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизди.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Россияда мигранттардан экзамен алууга байланыштуу бир катар токтомдор күчүнө кирди. РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, мындан ары орус тили, тарых жана өлкө мыйзамдары боюнча экзамендин материалдары үч жылга чейин сакталат.

"Орус тили, тарых жана РФтин негизги мыйзамдары боюнча экзамен алуу тартиби жана материалдарды сактоо" токтомуна ылайык, мигрант берген экзамендин жыйынтыгы сертификат алган күндөн тарта үч жыл сакталып, андан кийин жок кылынат.

"Квалификация жана билим алгандыгы тууралуу документтердин федералдык реестри жөнүндө" токтом боюнча, мигранттын документтери жалпы маалыматтык системага киргизилиши зарыл.

Ал эми "Орус тили, тарых жана РФтин негизги мыйзамдары боюнча экзамен алуунун баасы тууралуу" токтомго ылайык, мигранттар убактылуу жашоого уруксат алуу үчүн орус тилинен экзамен тапшырууга эң көп дегенде 5,9 миң рубль төлөшү керек. Ал эми ишке орношуу же патент алуу үчүн орус тилинен экзамен тапшырса баасы 3,8 рубль болот.

0
Белгилер:
Россия, мигранттар, экзамен, мыйзам, токтом
Тема боюнча
25-июлдан тарта Россияга "COVID жок саякаттайм" тиркемеси менен гана кирүүгө болот