Ысык-Көл IX эл аралык марафонунда кыргызстандык жубайлар Илья Тяпкин менен Мария Коробицская баш байгени утуп алды

35 өлкө катышкан Ысык-Көл марафонунда кыргызстандык жубайлар баш байге алды

346
(жаңыланган 14:28 15.05.2021)
42 чакырымга чуркоодо алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ысык-Көл IX эл аралык марафонунда кыргызстандык жубайлар Илья Тяпкин менен Мария Коробицская баш байгени утуп алды. 

  • Церемония награждения победителей 9-ого Международного марафона Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization в селе Бактуу-Долоноту Иссык-Кульской области
    Ысык-Көл IX эл аралык марафонунда кыргызстандык жубайлар Илья Тяпкин менен Мария Коробицская баш байгени утуп алды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Церемония награждения победителей 9-ого Международного марафона Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization в селе Бактуу-Долоноту Иссык-Кульской области
    Бүгүн, 15-май күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган “Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization” эл аралык марафону өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Церемония награждения победителей 9-ого Международного марафона Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization в селе Бактуу-Долоноту Иссык-Кульской области
    Иш-чарага 35 өлкөдөн 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Церемония награждения победителей 9-ого Международного марафона Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization в селе Бактуу-Долоноту Иссык-Кульской области
    Жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ысык-Көл IX эл аралык марафонунда кыргызстандык жубайлар Илья Тяпкин менен Мария Коробицская баш байгени утуп алды

Бүгүн, 15-май күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган “Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization” эл аралык марафону өттү.

Иш-чарага 35 өлкөдөн 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору катышты. Жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты.

Марафондун (42 чакырым) жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундардын көбүн кыргызстандыктар ээлеп, Тажикстандын бир спортчусу үчүнчү орунду алды.

Эркектер арасында:

  • Илья Тяпкин – 1-орун, 2 саат 27 мүнөт 48 секунд;
  • Жоодарбек Көчкөнбаев – 2-орун, 2 саат 29 мүнөт 50 секунд;
  • Шакиржан Маматкулов (Тажикстан) – 3-орун, 2 саат 37 мүнөт, 56 секунд.

Кыз-келиндер арасында:

  • Мария Коробицская – 1 орун, 2 саат 39 мүнөт, 40 секунд;
  • Дарья Маслова – 2 орун, 2 саат 44 мүнөт 53 секунд;
  • Гүлшаной Сатарова – 3-орун, 2 саат 46 мүнөт.

Алдыңкы орундарга медалдан сырткары 140, 100 жана 70 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Марафондун ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Муратбек

Азымбакиев, Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов катышты.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган жеңил атлеттерге Олимпиадага, дүйнө чемпионатына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.

346
Белгилер:
баш байге, Ысык-Көл облусу, жөө күлүк, марафон
Тема боюнча
Күчтүүлөр жеӊсин! Жапаров Ысык-Көлдөгү марафондун ачылышына катышты. Сүрөт
Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев. Архив

Дзюдочу Владимир Золоев Олимпиада оюндарына жолдомо утту

16
(жаңыланган 16:06 23.06.2021)
Спортчу 2018-жылдан тарта 12 турнирге катышып, жалпы 2 380 упай топтоп, натыйжада жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жаралган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, спортчу 2018-жылдан тарта 12 турнирге катышып, жалпы 2 380 упай топтоп, натыйжада жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жаралган.

Белгилей кетсек, Владимир Золоев Азия жана Океаниянын учурдагы чемпиону. Килемде 81 килограмм салмактагылар арасында күч сынашат.

Токио Олимпиадасы

Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат.

Кыргызстандан маанилүү оюнга учурда 16 спортчу жолдомо утту. Тагыраагы, балбандар Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, суучул Денис Петрашов ок атуу боюнча Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, дзюдочу Владимир Золоев, фехтование боюнча Роман Петров алды. Ошондой эле Параолимпиададан алгачкы лицензияны ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов багындырган.

16
Белгилер:
жолдомо, спорт, дзюдо, Олимпиадалык оюндар, Владимир Золоев, Кыргызстан
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Олимпиадага лицензия алды. Сүрөт
Ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова Олимпиадага жолдомо алды

Согончогу менен гол киргизген футболчу. Бразилияда тартылган видео

73
(жаңыланган 10:32 23.06.2021)
Бразилиядагы футбол боюнча чемпионатта "Фламенго" жана "Брагантино" командаларынын ортосундагы мелдештин бешинчи турунда футболчу топту дарбазага согончогу менен киргизди.

Өзгөчө топту оюндун 12-мүнөтүндө "Брагантино" командасынын коргоочусу Адерлан де Лима Силва киргизген. Айып талаадан берилген топту дарбазанын тушунан согончогу менен тээп гол жараткан.

Оюн "Брагантино" командасынын пайдасына 3:2 эсеби менен аяктаган. Акыркы голду аталган команданын футболчулары соңку мүнөттөрдө киргизишкен.

30 жаштагы Адерлан де Лима Силва команданын оң жактагы коргоочусу. Ал 2021-жылы клуб менен эркин агент катары келишим түзгөн. Ага чейин "Брагантино" командасында макулдашуунун негизинде маал-маалы менен ойночу.

73
Белгилер:
видео, гол, чемпионат, Бразилия
Тема боюнча
Башын мыкчып... Гаитинин дарбазачысы өзүнө гол киргизип алган видео
Нью-Йорк шаарындагы талкаланган дүкөн. Архив

Рекорддук чек: АКШдагы инфляция дүйнөлүк экономикага кооптуу экени айтылды

0
(жаңыланган 16:42 23.06.2021)
АКШда 2008-жылдагы глобалдык каржылык каатчылыгынан бери мындай инфляция кайталана элек болчу. Бирок жөнгө салуучу орган монетардык саясатты катаалдатуудан баш тартууда.

Deutsche Bank мындай аракетсиздиктин аягы жакшы бүтпөй турганын эскертишти. Бул – бүтүндөй дүйнөлүк экономика үчүн опурталдуу абал. Аталган державада акчанын нарксызданышы дүйнөгө кандай таасир этери тууралуу Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Инфляциянын күч алышы

Май айында АКШда жылдык инфляция беш пайызга чыкты. Ал эми керектөөчүлүк баалардын, энерготашуучу жана азык-түлүк сымал туруксуз товарларды кошпогондо, базалык индекси (инфляция деңгээли) былтыркыга салыштырмалуу 3.8 пайызга өстү. Бул – 1992-жылдын июнунан берки эң жогорку көрсөткүч. Автомобиль, техника, мебель, авиабилет, кийим-кече, азык-түлүк – баары кымбаттады.

Дүйнөлүк банктын экономисттери инфляцияны даректөө саясатын жүргүзгөн өлкөлөр, анын ичинде Россия чочулай турган жагдай жок экенин айтышат. Көрсөткүчтү максаттык диапазондун чегине кайтарууга болот. Анткен менен Кошмо Штаттарда кырдаал башка. Федералдык резервдик системанын бир чара көрө турган түрү жок. Март айында эле бул тутумдун башчысы Жером Пауэлл таргеттин (даректөөнүн) эки пайызга утурумдук көтөрүлүшүндө эч кандай көйгөй жоктугун билдирген.

Керектөөчүлүк баалардын өсүшүнүн себептери түшүнүктүү. Пандемия башталгандан тарта америкалык бийлик акча басуучу станокту болушунча иштетүү менен каатчылыкка каршы чара көрүүгө алты-тогуз триллион долларга дейре сарптаган. Ал эми Жо Байдендин келиши менен өлкө экономикасына дагы эки триллиондой каражат салынды. Бул – негизинен социалдык өбөлгөлөрдүн гиганттык топтому.

Ири карыз жана чабалдаган доллар

Акчанын каптаганы мамлекеттик карызды болжол менен төрттөн бирге жогорулады. Эми бул 28 триллион долларга (жылдык ички дүң өндүрүмдүн дээрлик 130 пайызы) арбын. Экономисттер экономикага жаңы акча салуу жакшы натыйжага алып келбейт. Өндүрүш көлөмүн тийиштүү деңгээлге чыгарбастан, акчанын ашыкча айланышынын айынан бюджетке күч келет, баалар көтөрүлөт.

Инфляциялык тобокелдик кийинкиге жылдырылган керектөөчүлүк суроо-талапты да күчөтөт. Пандемия убагында америкалык керектөөчүлөр 1,6 триллион доллар топтоп, эми акырындап коротууга киришти. Жаңы басылган купюралардын күчтүү агымы америкалык валютага доо кетирди. Доллардын куну түшүп, инвесторлор үчүн жагымдуулугунан ажырап барат.

2020-жылы евро салыштырмалуу 0,8934төн 0,8149га, дээрлик тогуз пайызга түштү. Быйыл дагы беш-жети пайызга төмөндөшү ыктымал. Дагы бир башка фактор — бюджетке болуп көрбөгөндөй басым. 2020-каржылык жылында бюджеттин таңсыктыгы 16,1 пайызга (3,1 триллион долларга) жеткен. Бул – 1945-жылдан берки эң ири көрсөткүч. Дал ошол жылы өкмөт масштабдуу аскердик операцияларга эбегейсиз каражат бөлгөн.

Суроо жаралат

Ошентсе да экономикалык максаттарга жетүүдө, атап айтканда, эмгек рыногун калыптандырууда "алгылыктуу прогрессти" көрмөйүнчө Федералдык резерв системасы пайыздык чендерди жогорулатууга же активдерди сатып алуу программасын кыскартууга ниеттенбейт. Жөнгө салуучу органдын өз күчүнө гана ишенгендиги жана аракетсиздиги суроо туудурат.

"Күрөшүү үчүн так план зарыл. Салык-бюджеттик саясатты аныктаган адамдар алардын чечимдери кимдерге зыян келтирерин түшүнүүгө тийиш. Америкалыктардын сексен жети пайызы баалардын өсүп жатканына кабатыр.

Пауэлл мырза бул олуттуу маселеге убактылуу тоскоолдук катары кол шилтөөнү токтотуп, инфляциянын кескин секиригин моюнга алууга милдеттүү", — дейт сенатор Рик Скотт.

Экономисттер Федералдык резервдик тутумдун андан да коркунучтуу көрүнүшкө – фондулук рынокто глобалдык көбүктүн түзүлүшүн толугу менен танып жатканына көңүл бурууга чакырат. Акциялардын баасы тарыхый жогорку чегине жетип турганда өтө төмөн пайыздык үстөктөрдү колдоону, балансты айына 120 миллиард долларга жогорулатууну улантуу менен Федералдык резервдик система рынокту ого бетер козутушу мүмкүн.

"Жөнгө салуучу орган экономиканы кыйын шартка кептегени турат, акыры барып инфляциянын максаттуу деңгээлине жетүү үчүн акча-насыя саясатын катаалдатууга мажбур болмокчу", — деп белгилейт Америкалык ишкерлик институтунун талдоочусу Десмонд Лахман.

Алсыздар жабыр тартышы ыктымал

Кандай болсо да бул америкалыктарга гана тургай, бүт дүйнөгө көйгөй жаратарын эскертишет Deutsche Bank талдоочулары. "Кошмо Штаттарда инфляцияны тоготпоо глобалдык экономика үчүн опурталдуу. Анын кесепети, айрыкча коомдун эң аяр катмары үчүн оор болушу ыктымал", — деп түшүндүрөт банктын башкы экономисти Дэвид Фолкертс-Ландау.

Германиядагылар инфляция токтобой турганын, жакынкы жылдары, балким, 2023-жылы каатчылыкка кептеши мүмкүн экенин жоромолдошот. Эксперттер биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жабыр тартарын белгилешет. Өнүккөн экономикада акчанын нарксызданышы инвесторлордун пайыздык чендердин жогорулашына үмүттөрүн арттырат. Бул мамлекеттик облигациялардын кирешелүүлүгүн жогорулатып, натыйжада карыз алуу кыйла кымбатка түшөт. Ошентип, экономисттер өнүгүп келе жаткан рыноктор үчүн глобалдык калыптандыруунун башаты позитивдүү фактордон коркунучка айланганын айтышат. Мисалы, Түштүк Африка жана Бразилияда карыз наркы кооптуу деңгээлге чукулдап калды. Ал жакта мамлекеттик финансы ансыз да туруксуздугу менен айырмаланат.

"Бул өлкөлөр өздөрүндөгү инфляциядан да АКШдагыдан чочулаганы оң", — дешет S&P Global Ratings адистери. Бардар мамлекеттер пандемия маалында көптөгөн өнүккөн өлкөлөргө караганда абдан төмөн пайыздык чен менен карыз алышкан. Маселен, Египет быйыл ИИӨнүн 38 пайызына барабар карызын кайра каржылоого тийиш. Насыяны тейлөө акысы — 12,1%. Гана үчүн пайыз андан да бийик, тагыраак, 15 пайызды түзөт. Ушундай эле көйгөй Бразилияда да бар, Борбордук банкы январдан бери баа басымын чабалдатуу үчүн үстөктөрдү көбөйткөн. Capital Economics адиси Уильям Жексондун айтымында, Бразилия — инфляция жана кирешелүүлүктүн өсүшү экономикалык туруктуулукка кооптуу экенине айкын мисал.

"Бул Борбордук банкты мамлекеттик каржыны кыскартып, карызды тейлөө чыгымдарын арттырган пайыздык чендердин жогорулатууга аргасыз кылды", — дейт аналитик. Мындай абалдан, маселен, Бразилия, Түштүк Африка жана Индия чет өлкөлүк насыякорлорго караганда ички кредиторлорго көбүрөөк үмүт артканы куткарат. Бул капиталдын сыртка агуу көлөмүн төмөндөтөт. Россия бул багытта туруктуу келет, федералдык заемдогу облигацияларда резидент эместердин үлүшү абдан аз. РФ Борбордук банкынын маалыматы боюнча, май айында он пайызды түзгөн (апрелде — 19,7). Федералдык заемдогу облигация ээлеринин арасында 80 пайыздан ашыгы — жергиликтүү инвесторлор, эң оболу банктар жана пенсиялык фонддор. Ал эми резидент эместер — жергиликтүү ири банктардын чет өлкөдөгү "бутактары". Бул санкциялык да, инфляциялык да тобокелдиктерден сактайт.

0
Белгилер:
суроо-талап, насыя, кун, акча, экономика, АКШ, инфляция
Тема боюнча
Америкалык үмүт акталбай калганда... Саммит жыйынтыгына сереп