UFC чемпиону Валентина Шевченко жана бир тууган эжеси Антонина Шевченко. Архив

Дайыма жаныңдамын! Валентина Шевченко жеңилген эжесин колдоп пост чыгарды

178
(жаңыланган 16:18 16.05.2021)
Валентина эжесин жакшы көрөрүн айтып, андан күч-кубат аларын билдирген. Белгилей кетсек, Антонина Шевченко бүгүн америкалык каршылашынан жеңилип калды.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн атаандашынан жеңилип калган эжеси, бир тууганы Антонина Шевченкону колдогон билдирүүсүн соцтармакка жарыялады.

"Сен менин баатырымсың. Дайыма күч-кубат берген, үлгү ала турган адамымсың. Кымбаттуу эже, мен сени аябай жакшы көрөм! Дайыма жаныңда болом", — деп жазган Валентина.

Буга чейин соцтармактын колдонуучулары эжесинин атаандашын Валентина тапанча менен унаа токтотуучу жайда күтүп жатат деп тамашалашкан.

Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко ("Пантера" каймана аты бар) UFC 262 турниринин алкагында америкалык атаандашы Андреа Лиге ("КГБ" каймана аты менен таанымал) утулуп калды.

Ушуну менен Антонина үчүнчү ирет жеңилүү ызасын тартып отурат. Буга чейин ал сегиз жолу жеңишке жеткен.

178
Белгилер:
спорт, билдирүү, колдоо, Антонина Шевченко, Валентина Шевченко
Тема боюнча
Антонина Шевченконун каршылашына жеңилген видеосу тарады
Өзү деле билчү... Рамзан Кадыров Хабибди UFC уюмунун долбоору деп атады
Россия менен Даниянын курама командаларынын ортосундагы Европа футбол чемпионатынын матчында орусиялык Артём Дзюба (сол жакта) жана даниялык Андреас Кристенсен

Евро-2020: плей-офф оюнунун убакыт-сааты

25
(жаңыланган 10:28 24.06.2021)
Sputnik Кыргызстан расписание Бишкек убактысы менен түзүлгөнүн эскертет. Оюндар 26-июнда башталат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Европа чемпионатынын плей-офф оюнунун бардык катышуучулары аныкталды.

Жакында эле тайпалык этаптын акыркы оюну болуп, кийинки стадияга тайпада биринчи, экинчи орунду алган 16 команда өттү. Мындан сырткары, үчүнчү орунду алган төрт мыкты курама команда да плей-офф оюнунда мелдешет.

Мелдештин убакыт-сааты (Бишкек убактысы менен):

  • 26-июнь 22:00, Уэльс — Дания ("Амстердам-Арена", Амстердам);
  • 27-июнь 01:00, Италия — Австрия ("Уэмбли", Лондон);
  • 22:00, Нидерланддар — Чехия ("Пушкаш Арена", Будапешт);
  • 28-июнь 01:00, Бельгия — Португалия ("Олимпико де Севилья", Севилья);
  • 22:00, Хорватия — Испания ("Паркен", Копенгаген);
  • 29-июнь 01:00, Франция — Швейцария (Улуттук стадион, Бухарест);
  • 22:00, Англия — Германия ("Уэмбли", Лондон);
  • 30-июнь 01:00, Швеция — Украина ("Хэмпден Парк", Глазго).

Чейрек финал 2-3-июлда, ал эми жарым финал 6-7-июлда өтөт. Европа биринчилигинин башкы оюну Лондон шаарында 11-июлга пландалган.

Дагы бир жолу расписание Бишкек убактысы боюнча түзүлгөнүн эскертебиз.

25
Белгилер:
Расписание, оюн, футбол, Евро-2020
Тема боюнча
Согончогу менен гол киргизген футболчу. Бразилияда тартылган видео
Роналдуну тааныбай документин текшерген күзөтчү. Будапешттин стадионундагы видео
Жөө күлүктөр. Архивдик сүрөт

Жөө күлүктөр Минскидеги жана Ташкенттеги мелдеште ат салышат

24
Жеңил атлеттер кыска убакытта эки турнирге катышмакчы. Аларды машыктыруучудан тышкары укалоочу да коштоп барат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жеңил атлетика боюнча курама команда эки эл аралык мелдешке катышарын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, спорчулар 24-26-июнь күндөрү Беларустун Минск шаарында жана 27-30-июнь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында боло турчу турнирлерде күч сынашат.

Мелдештерге жөө күлүктөр Мусулман Жоломанов менен Нурсултан Кеңешбеков жөнөтүлүп, алар менен кошо укалоочу Александр Исалаев жана улук машыктыруучу Сатыбек Чокаев жөнөтүлөт.

Курама команда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланууда.

24
Белгилер:
жеңил атлетика, жөө күлүк, мелдеш, спорт, Беларусь, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Түнкү марафондун жыйынтыгы чыгарылды. Тизме
Күн күркүрөп, чагылган чартылдап... Түнкү жарышта чуркаган жөө күлүктөр. Видео
Медициналык кызматкерлер жансыз денени Делидеги ооруканага жеткиришет. Архив

Индиялык адис: COVID-19дун "дельта-плюс" штаммы өтө тез жугат

0
(жаңыланган 11:06 24.06.2021)
Адистин айтымында, "дельта-плюс" штаммын жуктуруп алуу үчүн байтаптын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле жетиштүү.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Индияда табылган коронавирустун "дельта-плюс" (B.1.617.2.1) деп аталган түрү өтө бат жугары аныкталды. Бул тууралуу Бүткүл индиялык медициналык илимдер институтунун директору Рандип Гулерияга шилтеме берип India Today басылмасы жазды.

Анын айтымында, ооруну жуктуруп алуу үчүн байтаптын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле жетиштүү.

"Жаңы штамм мурдагыларга салыштырмалуу өтө бат жугуп жатат. Ага кабылган адамдын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле вирустун жайылышына алып келет. Бул штаммдын антитело менен иммунитетти тоготпогону адистердин тынчсыздандырууда", — деди адис.

Учурда "дельта-плюс" штаммын индиялык окумуштуулар изилдеп, учудагы вакциналар ага канчалык туруштук бере аларын аныктоого аракет кылууда.

"Дельта" штаммы мутациясын улантууда. Өткөн аптада бул штамм Махараштра штатында табылган. Башкалардан ооруп айыккандардын антителосун жана эмделгендердин иммунитетин төмөндөтүп кое алгандыгы менен айырмаланат. Индияда бул штаммга кабылган 22 учур катталды.

0
Белгилер:
коркунучтар, штамм, коронавирус, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID: Республикалык штаб министрликке жаңы тапшырмаларды берди
Индияда коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону айтылды