Ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов. Архив

Спортчу Арстанбек Базаркулов Паралимпиадага жолдомо алды

102
(жаңыланган 16:26 19.05.2021)
Спортчу Швейцарияда өткөн Гран-при мелдешинде коло медаль алган. Мындай көрсөткүч атлеттин паралимпиадалык жолдомо алуусу үчүн жетиштүү болду.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов Токиодо өтө турган XVI Паралимпиада оюндарына лицензия утту. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул Кыргызстандын курама командасы үчүн XVI Паралимпиада оюндарына алгачкы жана азырынча жалгыз лицензия болуп саналат.

Спортчу 7-18-май күндөрү Швейцариянын Ноттвиль шаарында өткөн Гран-при мелдешинде спорттук снарядды 7,98 метр алыстыкка ыргытып, коло медаль жеңген. Мындай көрсөткүч атлеттин паралимпиадалык жолдомо алуусуна жетиштүү болду.

Кыргызстандык фехтование боюнча спортчу Роман Петров (ортодо)
© Фото / пресс-служба Государственного агентства спорта
Ал жеңил атлетиканын аталган түрүнөн үч лицензиялык мелдеште көрсөткөн жыйынтыгы боюнча паралимпиадалык нормативди аткарган.

Арстанбек Базаркулов 6-14-февраль күндөрү Дубай шаарында (БАЭ) өткөн Гран-при лицензиялык мелдешинде ядро ыргытуу боюнча 5-орунду ээлеген. Тунисте өткөн Гран-при мелдешинде (13-22-март) 4-орунга чыккан болчу.

XVI Паралимпиада оюндары Япониянын борбору Токиодо 2021-жылдын 24-августунан 5-сентябрына чейин өтөт.

Белгилей кетсек, спортчунун аталган мелдештерге катышуусу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

102
Белгилер:
Арстанбек Базаркулов, паралимпиадалык оюндар, лицензия
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (159)
Тема боюнча
Эркек киши Олимпиадада аялдар менен күч сынашат
Олимпиадага үч ай калды, Спорт агенттигинин 45 млн. карызы бар. Даярданып жетишеби?
Бүгүн борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт

Айсулуу менен Акжолдун күрөшү "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт

208
(жаңыланган 12:37 03.08.2021)
Бүгүн Акжол Махмудов алтын медаль талашса, Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бүгүн борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык балбандар саат 15:15те килемге чыгып баштайт. Бул учурда аянтка фан-зона уюштуруп, чоң экрандан көрсөтүү чечими кабыл алынган.

"Келгиле, спортчуларыбызды биргеликте колдойлу", — деп жазган Надырбеков.

Ошондой эле "Азия Молл" соода борборунда дагы фан-зона уюштурулары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалдык беттеште алтын медаль талашат.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

Мындан сырткары, Махмудовдун финалдык беттеши анын кичи мекени Араван районундагы "Белек" кинотеатрында дагы чоң экрандан көрсөтүлөт. Муну президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу маалымдады.

208
Белгилер:
'Ала-Тоо' аянты, күрөш, түз эфир, Союзбек Надырбеков
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (159)
Тема боюнча
Акжол алтын үчүн ким менен күрөшөт? Венгриялык Тамаш Лёринцтин таржымалы
Украинский борец Ирина Коляденко (в синем)

Айсулуу жарым финалда кармаша турган Ирина Коляденконун таржымалы

163
(жаңыланган 11:31 03.08.2021)
Тыныбекованын жарым финалдагы атаандашы Ирина Коляденко 2021-жылдагы Европа чемпиону. Дүйнө жана Европа мелдештеринин байге ээси.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Олимпиада-2020 мелдешиндеги жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен кез келет.

Айсулуунун атаандашы Ирина Коляденко 23 жашта. Учурдагы Европа чемпиону. Мындан сырткары, ал 2019-жылдагы дүйнө биринчилигинде жана 2020-жылдагы Европа чемпионатында байгелүү орундарды ээлеген.

62 килограмм салмакта ат салышкан украиналык спортчу Олимпиада-2020 мелдешинде Нигерия (баштапкы этап) жана Кытай (чейрек финал) өлкөлөрүнүн спортчуларын уткан. 

Айсулуу Тыныбекова учурда 29 жашта. 2019-жылы өткөн дүйнө биринчилигинде чемпион болгон. 2020-жылдагы дүйнө кубогу мелдешинде да алтын медаль тагынган. Рио-2016 Олимпиадасына катышып, бешинчи орунга жеткен. Кыргызстандык балбан кыз Азиянын төрт жолку  чемпиону.

Азыркы тапта Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун рейтингинде 62 килограмм салмактагы балбан кыздардын арасында биринчи орунда турат.

Айсулуу чейрек финалда румыниялык, баштапкы этапта латвиялык спортчуларды жеңди.

Жарым финалык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө болот.

163
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, Олимпиада-2020, жарым финал, таржымал
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (159)
Тема боюнча
Айсулуу Тыныбекова Токиодо алгачкы беттешин 8:0 менен ишенимдүү утту. Видео
Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты. Видео
Москва метросунда полиция кызматкерлери. Архив

Россияда кыргызстандыктар массалык түрдө текшерилип жатабы? Расмий жооп

0
(жаңыланган 13:53 03.08.2021)
Буга чейин Россиянын Москва шаарында 180дей мигрант мушташкан. Бул боюнча жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандыктар болгон.

БИШКЕК, 3-авг. – Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык тармактардагы "кыргызстандыктарды РФте массалык түрдө текшерип жатышат" деген билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

"Учурда Россиянын компетенттүү органдары "Кузьминки" метросунда болгон окуяга катыштыгы болушу мүмкүн делген чет элдиктерди издөөсүн улантууда. Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери өлкө аймагында тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багытталган", — дешти элчиликтен.

Ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүк 15-июндагы Россия президентинин коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу боюнча жарлыгына ылайык, чет элдиктерди же жарандыгы жок адамдарды текшерүү иштери дагы болуп жатканын кошумчалады. Маалыматка караганда, бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жаранды өлкөдөн чыгарып салуу жолу каралган эмес.

Буга чейин Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. Анда 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан. Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, жаран, текшерүү, элчилик
Тема боюнча
Кыргызстандык абитуриенттер россиялык ЖОЖго түйшүксүз өтө алат
Кыргызстандыктар Москва — Казань жолун салып иштемекчи