Оор атлетчилер Өзбекстанда өтө турган Дүйнө чемпионатына барат

© Sputnik / Владимир АстапковичОор атлетчи. Архив
Оор атлетчи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Өлкө намысын коргоо үчүн эки спортчу бир машыктыруучусу менен жөнөтүлөт. Мелдеш 21-31-май күндөрү Ташкент шаарында болот.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасы өспүрүмдөр арасында өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Турнир 21-31-май күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында болот.
Дүйнө биринчилигине Эльзар Таиров (61 кг.) жана Ишимбек Муратбек уулу (67 кг.) катышып, аларды улук машыктыруучу Элдияр Шатманов коштоп барды.
Курама команда мелдешке агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0