Кыргызстандык кикбоксчу Тайвань курама командасын машыктырмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык спортчу Ален Офойо. Архив
Кыргызстандык спортчу Ален Офойо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2021
Жазылуу
Европа чемпиону аны адегенде улуттук курама команданын башкы насаатчысына консультант катары чакырышканын айтат. Кийин аны башкы машыктыруучулукка дайындашкан.
БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Ален Офойо Тайвань өлкөсүнүн кикбоксинг боюнча башкы машыктыруучусу болду. Маалыматты Sputnik агенттигине атлет өзү тастыктады.
Европа чемпиону аны адегенде Тайвандын улуттук курама командасынын башкы насаатчысына жардамчы катары чакырышканын айтат.
"Алгач башкы машыктыруучусуна жардамчы болууга сунуш түшкөн. Бир катар мастер-класстардан соң федерация жетекчилиги кикбоксингдин лоу-кик жана кей-уан түрлөрү боюнча мени улуттук командага башкы машыктыруучу кылып дайындады", — деген спортчу.
Ален Офойо — Кыргызстандын таанымал кикбоксчусу, эл аралык класстагы спорт чебери. Спорт сүйүүчүлөр арасында Азия, Европа жана Евразия континенттеринин чемпиону болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0