Тыныбекова баштаган балбан кыздар Таллинде Poland Open мелдешине даярданат

© Фото / UWW / Sachiko HOTAKAКыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2021
Жазылуу
Спортчу кыздарды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, дарыгер Бактыгүл Алишева жана массажист Константин Еремич коштоп барат.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы Poland Open рейтингдик эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Мелдеш 8-14-июнь күндөрү Варшава шаарында (Польша) өтөт.
"Спортчулар мелдешке даярдануу үчүн 22-майдан 7-июнга чейин Таллин шаарында (Эстония) өтө турган эл аралык окуу-машыгууга катышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстандык боксчу Азат Усеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Азат Усеналиев баштаган боксчулар Азия чемпионатында күчүн сынайт
Машыгуу жыйынына Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг) Мээрим Жуманазарова (68 кг), Нураида Анаркулова (59 кг) жана Назира Марсбек кызы (59 кг) катышары белгилүү болду.
Спортчу кыздарды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, дарыгер Бактыгүл Алишева жана массажист Константин Еремич коштоп бармакчы.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0