Белгилүү балбандардын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов. Архив

Сыймык! Бегалиевди таптаган Ахметов Олимпиада оюндарында рефери болот

156
(жаңыланган 11:38 22.05.2021)
UWW ири мелдешти тескей турчу 50 кишини бекиткен. Калыстарды тандоо процесси эки жылга созулуп, катуу талаптар коюлуп, добуш берүү жүргөн.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Белгилүү балбандардын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарында калыстык милдетти аркалайт. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы билдирди.

Ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов. Архив
© Фото / пресс-служба Госагентства спорта
Ага ылайык, Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Олимпиадада оюндарды тескей турчу 50 кишини бекиткен. Реферилерди тандоо процесси эки жылга созулуп, катуу талаптар коюлуп, добуш берүү жүргөн. Талапкерлердин буга чейин калыстык кылган турнирлерине өзгөчө көңүл бурулган.

Белгилүү машыктыруучу Мейрамбек Ахметов Кыргызстанда бир топ балбанды тарбиялаган. Шакирттеринин бири Канат Бегалиев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль алып кайткан. Ошондой эле Арсен Эралиевдин жана Акжол Махмудовдун да машыктыруучусу.

Sputnik Кыргызстан редакциясы буга чейин Ахметов менен баарлашып, эмгек жолу тууралуу сүйлөшкөн.

156
Белгилер:
Токио, Олимпиадалык оюндар, Мейрамбек Ахметов, машыктыруучу, рефери, күрөш
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (160)
Тема боюнча
Мейрамбек Ахметов: Пекинде Канат Бегалиевди уурданып жүрүп колдоп келгем
Фехтование боюнча спортчу Роман Петров Олимпиада оюндарына жолдомо алды
Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов. Архив

Акжолдун Токиодо калыстык кылып жаткан машыктыруучусу балбанды сүрөй албайт. Себеби

278
(жаңыланган 14:21 03.08.2021)
Кечээ, 2-августта, кыргызстандык адис Ахметов Токиодо грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмактагы балбандардын финалдык беттешине башкы калыстык кылды.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов Токиодогу Олимпиада-2020да эл аралык деңгээлдеги калыстык милдетти аткарып жүрөт. Анын иш учурундагы сүрөтүн Кыргызстандын спорттук күрөш федерациясы социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.

Кечээ, 2-августта, кыргызстандык адис грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта беттешкендердин финалын башкы калыс катары тейледи. Анда кубалык Луис Альберто Орта Санчес менен япониялык Кинечиро Фумита беттешкен. Кубалык балбан упай айырмасында утуп, олимпиада чемпиону болду. Мындан сырткары, 77 килограмм салмакта өзүнүн шакиртинин (Акжол Махмудов - ред.) атаандаштары болгон ирандык Мухаммедали Гераи менен кубалык Йосванис Пена Флорестин кармашына калыстык кылды.

Жогоруда белгилегендей, Ахметов Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта финалга чыккан кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу. Бирок спорттогу эрежелерге ылайык, арбитр болуп жүрсө, өзүнүн тарбиялануучусу беттешке чыкканда жанына барууга, кеп-кеңешин айтып багыт берип турууга тыюу салынган. Андан улам, устаты алтын медаль үчүн күчүн үрөп жаткан шакиртине барып, багыт бере албайт. 

278
Белгилер:
Мейрамбек Ахметов, Акжол Махмудов, грек-рим күрөшү, калыс
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (160)
Тема боюнча
Айсулуу менен Акжолдун күрөшү "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт
Мейрамбек Ахметов: Пекинде Канат Бегалиевди уурданып жүрүп колдоп келгем
Бүгүн борбор калаанын Ала-Тоо аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт

Айсулуу менен Акжолдун күрөшү "Ала-Тоо" аянтында чоң экрандан көрсөтүлөт

259
(жаңыланган 12:37 03.08.2021)
Бүгүн Акжол Махмудов алтын медаль талашса, Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бүгүн борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык балбандар саат 15:15те килемге чыгып баштайт. Бул учурда аянтка фан-зона уюштуруп, чоң экрандан көрсөтүү чечими кабыл алынган.

"Келгиле, спортчуларыбызды биргеликте колдойлу", — деп жазган Надырбеков.

Ошондой эле "Азия Молл" соода борборунда дагы фан-зона уюштурулары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалдык беттеште алтын медаль талашат.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

Мындан сырткары, Махмудовдун финалдык беттеши анын кичи мекени Араван районундагы "Белек" кинотеатрында дагы чоң экрандан көрсөтүлөт. Муну президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу маалымдады.

259
Белгилер:
'Ала-Тоо' аянты, күрөш, түз эфир, Союзбек Надырбеков
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (160)
Тема боюнча
Акжол алтын үчүн ким менен күрөшөт? Венгриялык Тамаш Лёринцтин таржымалы