Караколдо жаш балбандар арасында "Сейтек. Семетей. Манас" турнири өтөт

© Sputnik / Зульфия ТургуноваБалбандан беттеш учурунда. Архив
Балбандан беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2021
Жазылуу
Турнир грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мурдагы капитаны Каныбек Жолчубековдун демилгеси менен өтөт.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Ысык-Көлдө жаш балбандар арасында грек-рим күрөшү боюнча "Сейтек. Семетей. Манас" турнири өтөт. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы кабарлады.
Мелдеш 18-21-июнь күндөрү Каракол шаарында болот.
Турнир кадеттер арасында өткөндүктөн 15-17 жана 10-14 жаштагы спортчулар катыша алат. Белгилүү балбан Каныбек Жолчубеков каалоочулардын бардыгын бул таймашка катышууга чакырды.
"Урматтуу күрөш сүйүүчүлөр, "Сейтек, Семетей, Манас" турнирин уюштурууну пандемия убагында ойлоп тапканбыз. Биринчи мелдеш Таласта болгон, эми Караколдо өткөрөлү деп жатабыз. Келип катышып кетиңиздер", — деди Жолчубеков.
Ооруга карабай Паралимпиадага жолдомо уткан Арстанбектин тагдыры. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Ооруга карабай Паралимпиадага жолдомо уткан Арстанбектин тагдыры. Видео
Эске салсак, Каныбек Жолчубеков студенттер арасында эки жолку дүйнө чемпиону, жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, ошондой эле Азия оюндарынын вице-чемпиону. Спортчу килемде 60 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келген. Улуттук курама команданын капитаны болчу. Былтыр спорттон кетүүнү чечкенин жар салган. 
Ал 1989-жылы 8-октябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылында туулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0