Бокс: Мукаш Ырсалиев Олимпиадага жолдомо берчү Европа мелдешин тейлейт

© Sputnik / Табылды КадырбековБокс беттеши. Архив
Бокс беттеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Мелдеш 4-8-июнь күндөрү Франциянын борбору Парижде өтөт. Анда ар бир салмакта алдыңкы сегиз мушкерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. AIBA (Улуттук бокс ассоциациялар федерациясы) уюмунун экстра-класстагы калысы, кыргызстандык адис Мукаш Ырсалиев Токио Олимпиадасына жолдомо берилүүчү Европа чемпионатындагы беттештерди тейлөөгө чакырылды. Бул маалыматты Sputnik агенттигине рефери өзү тастыктады.
Кыргызстандык калыска чакыруу келип, ал макулдугун берген.
"Чакыруу мурда эле келген. 31-майда учуп кетем. Буга чейин Түркия аркылуу деп билет берилген болчу, Стамбулдагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу маршрут өзгөрдү. Эми Москва аркылуу учам", — деген ал.
Мелдеш 4-8-июнь күндөрү Франциянын борбору Парижде өтөт. Анда ар бир салмакта алдыңкы сегиз мушкерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.
 Белгилүү балбандардын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Сыймык! Бегалиевди таптаган Ахметов Олимпиада оюндарында рефери болот
Европа биринчилиги 2020-жылдын 14-мартында Лондондо (Улуу Британия) башталган. Үч күндөн соң коронавирус пандемиясына байланыштуу ал токтотулган. Эми Парижде турнир расписаниедеги төртүнчү күндөн тарта уланат.
AIBA уюмунун олимпиадалык статусу жокко чыгарылгандыгына байланыштуу лицензиялык мелдеш Эл аралык олимпиада комитети тарабынан өткөрүлөт.
Быйыл биринчи жолу бөлөк конфедерациянын калысы башка континенттеги тандоо мелдештерин тейлеген практика колдонулуп жатат.
Эскерте кетсек, Мукаш Ырсалиев AIBA уюмунун экстра-класстагы калысы даражасына жеткен жалгыз адис болуп саналат. Ал эң алгачкы жолу 2012-жылы Европа чемпионатындагы беттештерди тейлеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0