Кыргызстандык дзюдочулар дүйнө чемпионатына аттанат. Тизме

© Фото / пресс-служба правительства КРДзюдо чемпионатын катышчуулары. Архив
Дзюдо чемпионатын катышчуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2021
Жазылуу
Турнир июндун башында Венгриянын Будапешт шаарында өтөт. Ага төрт спортчу менен кошо эки машыктыруучу жана бир дарыгер жөнөтүлөт.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Дзюдо боюнча курама команда дүйнө чемпионатына катышарын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 6-13-июнь күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өтөт.
Чемпионатка аттанчулар:
  • Айбек Кубанычбек уулу — 60 кг;
  • Владимир Золоев — 81 кг;
  • Эрлан Шеров — 90 кг;
  • Юрий Краковецкий — +100 кг.
Спортчуларды дарыгер Иса Бичанов, улук машыктыруучу Сергей Мистрюков жана башкы машыктыруучу Абдужалил Юнусов коштоп кетет.
Курама команданын мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0