КРдин мыкты спортчулары Японияга учуп кетүүгө даяр. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Сүрөттөн курама командага алардын капитаны Валерий Кичин, жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов, Эдгар Бернхар жана дагы башкалар келип кошулганын көрүүгө болот.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы толугу менен чогулду. Бул туурасында Кыргызстандын футболдук союзунан билдиришти.
"Оюнчулар Улуттук кураманын карамагына өтүштү. 31-майда жана 1-июнда курама команда Бишкекте кыска мөөнөттүү окуу-машыктыруу жыйынын өткөрөт жана 2-июнда Дүйнө чемпионатынын тандап алуу баскычынын алкагындагы оюндарга даярдык көрүү үчүн Японияга учат", — деп айтылган маалыматта.
Сүрөттөн алардын капитаны Валерий Кичин, жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов, Эдгар Бернхар жана дагы башкаларды көрүүгө болот.
Мурдараак Александр Крестинин жетекчилик кылган штаб курама командага чакырылган оюнчулардын тизмесин жарыялаган.
Беттештердин жүгүртмөсү:
  • Кыргызстан — Монголия, 7-июнь (дүйшөмбү);
  • Мьянма — Кыргызстан, 11-июнь (жума);
  • Япония — Кыргызстан, 15-июнь (шейшемби).
  • Бардык таймаштар Күн чыгыш өлкөсүндө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0