Тоо марафону. Архив

Ысык-Көлдө июнда тоо марафону өтөт

83
Жыл сайын бул спорттук иш-чарага Кыргызстандан жана коңшу Казакстандан 300гө жакын жөө күлүк катышып жүрөт.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 2021-жылдын 19-июнунда Ысык-Көл облусунда Tien – Shan Trail Race аттуу тоо марафону старт алат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, агенттиктин жетекчиси Канат Шабданбаев "Ак-Сай Трэвел" компаниясынын директору Елена Калашникова менен жолугуп, тоо марафонуна даярдык көрүү маселесин талкуулаган.

"Бул спорттук иш-чараны өткөрүү тоо марафонун жарнамалоо жана сергек жашоону жайылтуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул жылы да марафон көптөгөн спорт сүйүүчүлөрүн жана кесипкөй спортчуларды чогултат деп ишенебиз. Ал эми биз алардын коопсуздугу үчүн бардык шарттарды түзүп, чыныгы спорттук майрам тартуулашыбыз керек", — деди Шабданбаев.

Tien – Shan Trail Race аттуу тоо марафону Кыргызстанда 2018-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Жыл сайын иш-чарага Кыргызстандан жана коңшу Казакстандан 300гө жакын жөө күлүк катышат. Анда 3, 10, 22, 42 чакырымга чуркоо пландалган. Тоо марафону тууралуу кененирээк маалымат trail.kg сайтында жазылган.

83
Белгилер:
спорт, тоо, марафон, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Акактап келе жаткан атаандашына суу сунган Көчкөнбаевдин ич жылыткан видеосу

Нокаутка кеткен Макгрегор. Мушкердин Порье менен экинчи ирет беттешкен видеосу

67
(жаңыланган 12:56 24.06.2021)
UFC уюмунун YouTube каналына ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун америкалык Дастин Порье менен болгон экинчи беттеши жарыяланды.

Мелдеш ушул жылдын 24-январында UFC 257 турниринин алкагында өткөн. Порье Макгрегорду экинчи раундда нокаутка кетирген. Бул ирландиялык спортчунун карьерасындагы биринчи нокаут.

Эске салсак, мушкерлер алгачкы жолу 2014-жылы күч сынашкан. Анда Порье техникалык нокаут менен утулуп калган. 11-июль күнү экөө үчүнчү ирет бири-бирине каршы рингге чыгат.

67
Белгилер:
видео, беттешүү, Дастин Порье, Конор Макгрегор, UFC
Тема боюнча
Жети секундда сулата чапты. UFC 263 мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
Баш көтөртпөй... Абдыкааров OPEN FC Гран-при мелдешинин финалына чыккан видео
Франциянын футболчусу Килиан Мбаппе Португалия менен Франциянын беттешинде

Евро-2020: плей-офф оюнунун убакыт-сааты

97
(жаңыланган 13:24 24.06.2021)
Sputnik Кыргызстан расписание Бишкек убактысы менен түзүлгөнүн эскертет. Оюндар 26-июнда башталат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Европа чемпионатынын плей-офф оюнунун бардык катышуучулары аныкталды.

Жакында эле тайпалык этаптын акыркы оюну болуп, кийинки стадияга тайпада биринчи, экинчи орунду алган 16 команда өттү. Мындан сырткары, үчүнчү орунду алган төрт мыкты курама команда да плей-офф оюнунда мелдешет.

Мелдештин убакыт-сааты (Бишкек убактысы менен):

  • 26-июнь 22:00, Уэльс — Дания ("Амстердам-Арена", Амстердам);
  • 27-июнь 01:00, Италия — Австрия ("Уэмбли", Лондон);
  • 22:00, Нидерланддар — Чехия ("Пушкаш Арена", Будапешт);
  • 28-июнь 01:00, Бельгия — Португалия ("Олимпико де Севилья", Севилья);
  • 22:00, Хорватия — Испания ("Паркен", Копенгаген);
  • 29-июнь 01:00, Франция — Швейцария (Улуттук стадион, Бухарест);
  • 22:00, Англия — Германия ("Уэмбли", Лондон);
  • 30-июнь 01:00, Швеция — Украина ("Хэмпден Парк", Глазго).

Чейрек финал 2-3-июлда, ал эми жарым финал 6-7-июлда өтөт. Европа биринчилигинин башкы оюну Лондон шаарында 11-июлга пландалган.

Дагы бир жолу расписание Бишкек убактысы боюнча түзүлгөнүн эскертебиз.

97
Белгилер:
Расписание, оюн, футбол, Евро-2020
Тема боюнча
Согончогу менен гол киргизген футболчу. Бразилияда тартылган видео
Роналдуну тааныбай документин текшерген күзөтчү. Будапешттин стадионундагы видео
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан коммуналдык кызматкер. Архив

Шашылыш билдирүү! Эртең-бүрсүгүнү айрым аймактарда сел жүрөт

0
(жаңыланган 14:44 24.06.2021)
ӨКМ 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаай турганын айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Ага ылайык, 25-26-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Ушул жума ичиндеги аба ырайы тууралуу синоптиктер кенен маалымат берген.

0
Белгилер:
сел, жаан-чачын, аба ырайы, ӨКМ
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы