Денис Петрашов Европадагы турнирде дагы эки коло медаль алды

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов. Архив
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Спортчу бир нече күн мурун 100 метр аралыкты кыска убакытта сүзүп өтсө, бүгүн ошол эле турнирде 50 жана 200 метр аралыкта сүздү. Үчөөндө тең коло алды.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов эл аралык "Марк Нострум" мелдешинде дагы эки коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясы билдирди.
Эске сала кетсек, мындан бир нече күн мурун Петрашов ушул эле турнирде 100 метрди брасс ыкмасы менен бир мүнөт 1,96 секундда сүзүп өтүп, үчүнчү орунду алган.
Ал эми кийинки дистанцияда брасс ыкмасы менен 50 метр аралыкты 28,30 секундада, ал эми 200 метрди эки мүнөт 12,18 секундада сүзүп өтүп, натыйжада эки коло алган.
Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Кыргызстандык балбан кыздар Түркиядагы мелдеште төрт медаль утушту
Эске салсак, "Марк Нострум" — серия менен өткөн лицензиялык турнир. Биринчиси 29-30-май күндөрү Монте-Карлодо (Монако), 1-2-июнда Каннда (Франция) жана 5-6-июнда Барселонада (Испания) болот.
Белгилей кетсек, Петрашов 2019-жылдын июль айында Түштүк Кореяда өткөн дүйнө чемпионатында сууда сүзүүнүн брасс түрүнөн 100 метр аралыкты бир мүнөт 0,94 секундада багындырып, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. Ал кыргызстандык спортчулардан алгачкы болуп Олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0