Отборочный тур к Чемпионату мира-2022. Кыргызстан — Монголия - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча беттеши. Тексттик трансляция

Жазылуу
Бүгүн, 7-июнда, Кыргызстан менен Монголиянын футболчулары 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында мелдешет. Оюн Япониянын Осака шаарында өтөт.
F тайпасында Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунда келе жатат. Монголиядан тышкары Япония жана Мьянма менен ойношу керек. Кийинки баскычка 12 мыкты команда кирет. Кыргызстан Монголияны утканда гана андан кийинки оюндарга катыша алат.
Монголия бешинчи орунда келе жатат, кыргызстандык спортчуларды утса төртүнчү орунга илинет.
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
14:57 07.06.2021

Беттештин аяктаганы тууралуу ышкырык жаңырды. Монголия Кыргызстандын курама командасын 1:0 эсебинде утуп алды. Голду беттештин 34-мүнөтүндө атаандаштын чабуулчусу Мижиддорж Оюунбаатар стандарттык абалдан чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттап гол киргизди. Бул беттештеги жалгыз жана монголдор үчүн жеңүүчү гол болду.

14:52 07.06.2021

90-мүнөт Кыргызстандыктардын кезектеги чабуулу ийгиликсиз аяктады. Асмандагы топту Мирлан Мурзаев башы менен дарбазага багыттады. Дарбазачы топту тосуп алды. 

14:50 07.06.2021

Ар бир кагылышууда монгол оюнчулары чөпкө жатып алып жатышат. Анткени алар үчүн ар бир секунда маанилүү болуп турат.

14:48 07.06.2021
14:47 07.06.2021

Кайрат Жыргалбек уулу кезектеги чабуулда айып аянтына бийиктен чыгарып берген тобун дарбазачы кармап алды.

14:46 07.06.2021
14:45 07.06.2021

84-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Тамерлан Козубаев атаандаштын чабуулчусуна каршы орой ойноп, сары айып кагазы менен жазаланды.

14:44 07.06.2021

82-мүнөт. КР кезектеги бурчтан чыгарып берүү жасады. Бир катар талаштан соң Мустафа Юсупов башы менен дарбазага багыттаган тобун дарбазачы кармап алды. 

14:35 07.06.2021

Беттештин 73-мүнөтүндөгү Ак шумкарлардын кезектеги чабуулу коргоочулар тарабынан кайтарылды.

14:34 07.06.2021

Гүлжигит Алыкуловдун ордуна Абай Боколеев кирди. Бүгүн кыргызстандык “Месси” күтүлгөндөй оюн көрсөтө алган жок.

14:31 07.06.2021
14:29 07.06.2021

Кыргызстандыктардын кезектеги чабуулун Фархат Мусабеков жасады. Тилекке каршы, топ дарбазадан сыртка кетти. Беттештин 70-мүнөтү жүрүп жатат.

14:27 07.06.2021

КРдин башкы машыктыруучусу бир катар оюнчуларды алмаштырды. Жарым коргоочу Турсунали Рустамовдун ордуна Одилжон Абдрахманов, жарым коргоочу Эдгар Бернхарттын ордуна Ахледдин Исраилов кирди.

14:24 07.06.2021

КР коргоочусу Мустафа Юсупов атаандашынын чабуулун эреже бузуу менен токтоткону үчү сары айып кагазы менен жазаланды. Беттештин 63-мүнөтү жүрүүдө. 

14:19 07.06.2021

Кыргызстандык оюнчулар кайрадан бурчтан чыгарып берүү мүкүнчүлүгүн алды.

14:18 07.06.2021

11-катар санындагы монгол оюнчусу эрежеден сырт ойногону үчүн сары айып кагазын алды. Ал оюн токтотулгандан кийин убакытты созуу үчүн топту тээп салды.

14:16 07.06.2021

55-мүнөт Ак шумкарлар кезектеги чабуулун жасап, бурчтан тебүү мүкүнчүлүгүн алды.

14:10 07.06.2021

Монголия курамасынын 4 катар санындагы Дулгуун аттуу оюнчусу орой ойногону үчүн сары айып кагазын алды.

14:10 07.06.2021

Экинчи тайм башталар замат монгол футболчулары бурчтан тебүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

14:06 07.06.2021
14:06 07.06.2021

Бул улуттук курама команданын Дүйнө чемпионатына тандоо этабында Монголия командасы менен экинчи беттеши. 2019-жылдын 15-октябрында Улан-Батордогу беттеште Кыргызстан курамасы 2:1 эсебинде уткан. Анда голдорду кыргызстандыктардан Гүлжигит Алыкулов менен Мирлан Мурзаев киргизген.

13:51 07.06.2021

Биринчи тайм аяктап, оюнчулар тыныгууга чыгышты. Биринчи таймда топко ээлик кылуу көрсөткүчү боюнча Кыргызстан курама командасы алда канча алдыда болду. 45 мүнөттүктүн ичинде көптөгөн чабуулдарды жасаганы менен голсуз аяктап жатты. Тилекке каршы азырынча 0:1 эсебинде атаандаш команда алдыда.

13:46 07.06.2021

Биринчи бөлүккө эки мүнөт кошумча убакыт берилди.

13:46 07.06.2021

44-мүнөттө Кыргызстан курамасынын кезектеги чабуулу ийгиликсиз аяктады.

13:44 07.06.2021

Оюндун 43-мүнөтүндө стандарттык абалдан тебүү мүмкүнчүлүгү берилди. Дарбазадан 20 метрдей аралыктан Александр Мищенко тээп, таамайлык жетишкен жок.

13:37 07.06.2021

Гүлжигит Алыкулов атаандаштын дарбазасына таамай топ тепти, бирок сокку жетишпей калды. Монгол дарбазачысы топту киргизбей кармап калды.

13:36 07.06.2021
13:34 07.06.2021

Тилекке каршы, оюндун 33-мүнөтүндө Монголия Кыргызстандын дарбазасына гол киргизди.

13:32 07.06.2021

Каршылаш тарапка эки ирет гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк болду. 

13:30 07.06.2021
13:27 07.06.2021

Оюндун биринчи бөлүгү бүтөйүн деп калды. Кыргызстандыктар топту көбүрөөк көзөмөлдөп, техникага басым жасап атышат. Команда толук курамда чыкпай калганы сезилүүдө.

 

 

13:26 07.06.2021

Дарбазачынын жоктугу футболчуларга психологиялык жактан кыйын болууда. Алар ката кетирип албайлы деп өтө абайлап жатышат окшойт.

13:24 07.06.2021

Кайрат Жыргалбек уулу топ талашып атып атаандашын бет тушка тээп алды.

13:23 07.06.2021

Жарым коргоочунун катасынан улам улуттук курама команданын дарбазасына гол кирип кете жаздады. Дарбазачы-коргоочу Айжар Акматов бул абалдан чыгууга көмөктөштү. 

13:22 07.06.2021
13:19 07.06.2021

Монголиянын командасынын оюнчусу эреже бузгандыгы үчүн сары карта алды.

13:18 07.06.2021

Кыргызстандын курама командасы топту көбүрөөк көзөмөлдөп, пас берип жатат. Азырынча эки тарап тең топ киргизе элек. 

13:13 07.06.2021

Футбол сүйүүчүлөрү Asia Mall соода борборуна футбол көрүүгө топтолду. Оюнду туруп көргөндөр да бар.

Фанатская зона для просмотра матча Кыргызстан — Монголия - Sputnik Кыргызстан
13:12 07.06.2021

Кыргызстандык футболчулар атаандаштын дарбазасына эки ирет топ киргизгенге аракет кылып, бирок аз калганда ийгилик жылмайбай калып атты.

13:05 07.06.2021

Кыргызстандык спортчулар катуу чабуул жасай баштады. 

13:01 07.06.2021
13:00 07.06.2021

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучулук штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков жана Кашуба Валерий коронавируска шектелип оюндан четтеди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.


Мелдеш азыр Японияда өтүп, курама команда Монголия менен беттешет.


"Техникалык утулууга дуушар болуп калбаш үчүн дарбазачылар жок ойноого аргасызбыз. Ооруга шек жаратып жаткандар тууралуу беттешке аз убакыт калганда, эки саат мурун билдиришти. Командада бардыгынын тапшырган тестти таза чыккан болчу", — деп айтылат маалыматта.
Шартка байланыштуу коргоочу позициясындагы Айзар Акматов дарбазачы болот.

 

12:27 07.06.2021

Бүгүн командалар экинчи ирет футбол талаасында жолугат. 2019-жылы 15-октябрда Кыргызстандын курама командасы Монголиянын футболчуларын 2:1 эсебинде жеңген. Мелдеш Улан-Батор шаарында өткөн.
Биринчи таймда улуттук курама командадан алгачкы топту Гүлжигит Алыкулов, экинчи голду Мирлан Мурзаев киргизген

12:20 07.06.2021

Белгилей кетсек, дүйнөлүк чемпионатка тандоонун алкагында команда ар бир атаандашы менен экиден оюн өткөрөт. Бирөө өлкөсүндө, экинчиси каршылаш тараптын жеринде болот. Тайпалар арасындагы биринчи беттеш Улан-Батордо өтүп, кийинкисин Кыргызстандан ойношмок. Бирок пандемиядан улам бардык мелдештер Японияда өтүп калды. Ошондуктан бул оюндун ээси катары улуттук курама команда эсептелине берет.

 

12:01 07.06.2021

Кыргызстандык футболчуларга UFC чемпиону Валентина Шевченко баштаган белгилүү адамдар колдоо сөзүн айтып, ийгилик каалады. Видеодон Футбол федерациясынын жетекчиси Канатбек Маматовду, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетектчиси Канат Шабданбаевди, грек рим күрөшүнүн балбандары Атабек Азисбеков, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековду, дзюдочу Юрий Краковецкийди, актер Нурсултан Курсанали уулун жана башкаларды көрүүгө болот.

11:52 07.06.2021

Улуттук курама команданын беттешке чейинки машыгуусу. Спортчулар бир нече күн мурун Японияга учуп барган.

11:48 07.06.2021
11:45 07.06.2021

Кыргызстан менен Монголиянын футболчуларынын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталат. Шаардыктар оюнду Vefa Center жана Asia Mall соода борборлорунан көрө алышат. Түз эфирлерди КТРК Sport, Kyrgyz Sport TV жана Sportrecs платформасынан тапса болот.

11:44 07.06.2021

Футбол боюнча улуттук курама команданын капитаны, жарым коргоочу Валерий Кичин бүгүнкү оюнга катышпайт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Маалыматка караганда, 2019-жылы Кыргызстан Тажикстан менен ойногон учурда Кичин эки сары карточка алган. Буга байланыштуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Тартип комитети аны беттештен убактылуу четтеткен. Капитандык милдетти Мирлан Мурзаев аткарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0