Футбол күйөрмандары. Архив

Монголия менен оюнда кыргыз футболчулары фаворит. Букмекерлер божомолу

68
(жаңыланган 12:50 07.06.2021)
Бүгүн, 7-июнда, Япониянын Осака шаарында экинчи тандама турдун оюну өтөт. F тайпасындагы Кыргызстан менен Монголиянын курама командалары беттешет.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Букмекерлер Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын Монголия менен болгон оюнда фаворит деп эсептейт.

Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча беттеши.
© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союза
Бүгүн, 7-июнда, Япониянын Осака шаарында экинчи тандама турдун оюну өтөт. Ушул тапта Кыргызстандын футболчулары F тайпасында үчүнчү орунда келе жатат. Команданын эсеп куржунунда жети упайы бар. Ал эми Монголиянын командасы үч упай менен бешинчи орунда турат. Кыргызстандын курама командасы тайпадан суурулуп чыгуу үчүн монголиялык атаандаштарын жеңиши керек. Эгер Монголия жеңип калса, тайпадагы төртүнчү орунга илинүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Атаандаштардын командасы үчүн бул аталган турдагы соңку оюн болуп эсептелет.

Эске салсак, бул турдун алкагында Улан-Батор шаарында кыргызстандыктар монгол спортчуларын 1:2 эсебинде утуп алган.

Marathonbet букмекери мындай коэффициенттерди сунуштап жатат: кыргызстандыктардын жеңиши үчүн — 1,065, моңголдорго — 28, теңме-тең чыгат дегендер — 12.

Favbet букмекериники бир аз башкача прогноздор. Кыргызстандыктар жеңет дегендер — 1,03, Монголияга жан тарткандар — 50, теңме-тең дегендер — 12,5.

Белгилей кетсек, коэффициент канчалык төмөн болсо, ошончолук жеңишке жакын дегенди билдирет. Демек, букмекерлерде ата мекендик командага ишенгендер абдан көп.

68
Белгилер:
божомол, букмекер, футбол, Монголия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча беттеши (10)
Тема боюнча
Валерий Кичин Япониядагы бүгүнкү оюнга чыкпайт. Себеби
Валентина Шевченко кыргыз футболчуларына ийгилик каалады. Видео
Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев. Архив

Дзюдочу Владимир Золоев Олимпиада оюндарына жолдомо утту

40
(жаңыланган 16:06 23.06.2021)
Спортчу 2018-жылдан тарта 12 турнирге катышып, жалпы 2 380 упай топтоп, натыйжада жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жаралган.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Токиодо өтө турчу XXXII жайкы Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, спортчу 2018-жылдан тарта 12 турнирге катышып, жалпы 2 380 упай топтоп, натыйжада жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жаралган.

Белгилей кетсек, Владимир Золоев Азия жана Океаниянын учурдагы чемпиону. Килемде 81 килограмм салмактагылар арасында күч сынашат.

Токио Олимпиадасы

Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат.

Кыргызстандан маанилүү оюнга учурда 16 спортчу жолдомо утту. Тагыраагы, балбандар Атабек Азисбеков, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Эрназар Акматалиев, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, суучул Денис Петрашов ок атуу боюнча Каныкей Кубанычбекова, оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков, дзюдочу Владимир Золоев, фехтование боюнча Роман Петров алды. Ошондой эле Параолимпиададан алгачкы лицензияны ядро ыргытуу спортунун чебери Арстанбек Базаркулов багындырган.

40
Белгилер:
жолдомо, спорт, дзюдо, Олимпиадалык оюндар, Владимир Золоев, Кыргызстан
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Кыргызстандык оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков Олимпиадага лицензия алды. Сүрөт
Ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова Олимпиадага жолдомо алды

Согончогу менен гол киргизген футболчу. Бразилияда тартылган видео

122
(жаңыланган 10:32 23.06.2021)
Бразилиядагы футбол боюнча чемпионатта "Фламенго" жана "Брагантино" командаларынын ортосундагы мелдештин бешинчи турунда футболчу топту дарбазага согончогу менен киргизди.

Өзгөчө топту оюндун 12-мүнөтүндө "Брагантино" командасынын коргоочусу Адерлан де Лима Силва киргизген. Айып талаадан берилген топту дарбазанын тушунан согончогу менен тээп гол жараткан.

Оюн "Брагантино" командасынын пайдасына 3:2 эсеби менен аяктаган. Акыркы голду аталган команданын футболчулары соңку мүнөттөрдө киргизишкен.

30 жаштагы Адерлан де Лима Силва команданын оң жактагы коргоочусу. Ал 2021-жылы клуб менен эркин агент катары келишим түзгөн. Ага чейин "Брагантино" командасында макулдашуунун негизинде маал-маалы менен ойночу.

122
Белгилер:
видео, гол, чемпионат, Бразилия
Тема боюнча
Башын мыкчып... Гаитинин дарбазачысы өзүнө гол киргизип алган видео

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

0
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

0
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?