Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив

Жогорку Кеңешке шайлоо 31-октябрь күнү болушу мүмкүн. Депутаттын божомолу

106
(жаңыланган 13:22 07.06.2021)
Мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеште 90 мандат болот. 55и партиялык тизме менен келсе, калган 45и бир мандаттуу округдан шайланат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо 31-октябрь күнү өтүшү мүмкүн. Мындай божомолун парламент депутаты Дастан Бекешев айтты.

Парламентарий депутаттарды шайлоо боюнча мыйзам долбоорун окуп чыкканын өзүнүн Telegram каналы аркылуу билдирди. Ага ылайык, Жогорку Кеңеште 90 мандат болот. 55и партиялык тизме менен келсе, калган 45и бир мандаттуу округдан шайланат.

Бекешев жаңы мыйзам долбоорундагы өзгөчөлүктөрдү санап берди:

  • "бир мандаттуулар" өзүн-өзү көрсөтсө дагы партиянын атынан кайрадан чыкса болот;
  • бир партия бардык 55 мандатты ала алат. Депутаттын айтымында, мурда 120 мандаттын ичинен бир партия 60ын гана алчу;
  • партия жетекчилери талапкерлердин тизмесин өзү түзөт. Андагы өзгөрүүлөргө шайлоочулар таасир эте албайт;
  • округдан чыккан талапкер күрөө катары 100 миң сом, партиялар 1 миллион сом төлөйт;
  • үй комитеттеринин жетекчилери үгүт иштерине катыша албайт;
  • саясий кызматтагы адамдар шайлоого катыша албайт. Эгер талапкер болом десе, ал кызматын тапшырышы керек.

Мыйзам долбооруна ылайык, президент Жогорку Кеңешке шайлоону добуш берүүгө 100 күн калганда же 90 күндөн кечиктирбей белгилеши керек.

Добуш берүү күнү болуп азыркы Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү аяктаган айдын акыркы дем алышы белгиленет.

106
Белгилер:
добуш берүү, Дастан Бекешев, Жогорку Кеңеш, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо (36)
Тема боюнча
Жапаров ЖКдан айрым мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүүнү суранды. Тизме

Нокаутка кеткен Макгрегор. Мушкердин Порье менен экинчи ирет беттешкен видеосу

654
(жаңыланган 12:56 24.06.2021)
UFC уюмунун YouTube каналына ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун америкалык Дастин Порье менен болгон экинчи беттеши жарыяланды.

Мелдеш ушул жылдын 24-январында UFC 257 турниринин алкагында өткөн. Порье Макгрегорду экинчи раундда нокаутка кетирген. Бул ирландиялык спортчунун карьерасындагы биринчи нокаут.

Эске салсак, мушкерлер алгачкы жолу 2014-жылы күч сынашкан. Анда Порье техникалык нокаут менен утулуп калган. 11-июль күнү экөө үчүнчү ирет бири-бирине каршы рингге чыгат.

654
Белгилер:
видео, беттешүү, Дастин Порье, Конор Макгрегор, UFC
Тема боюнча
Жети секундда сулата чапты. UFC 263 мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу
Баш көтөртпөй... Абдыкааров OPEN FC Гран-при мелдешинин финалына чыккан видео
Франциянын футболчусу Килиан Мбаппе Португалия менен Франциянын беттешинде

Евро-2020: плей-офф оюнунун убакыт-сааты

124
(жаңыланган 13:24 24.06.2021)
Sputnik Кыргызстан расписание Бишкек убактысы менен түзүлгөнүн эскертет. Оюндар 26-июнда башталат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Футбол боюнча Европа чемпионатынын плей-офф оюнунун бардык катышуучулары аныкталды.

Жакында эле тайпалык этаптын акыркы оюну болуп, кийинки стадияга тайпада биринчи, экинчи орунду алган 16 команда өттү. Мындан сырткары, үчүнчү орунду алган төрт мыкты курама команда да плей-офф оюнунда мелдешет.

Мелдештин убакыт-сааты (Бишкек убактысы менен):

  • 26-июнь 22:00, Уэльс — Дания ("Амстердам-Арена", Амстердам);
  • 27-июнь 01:00, Италия — Австрия ("Уэмбли", Лондон);
  • 22:00, Нидерланддар — Чехия ("Пушкаш Арена", Будапешт);
  • 28-июнь 01:00, Бельгия — Португалия ("Олимпико де Севилья", Севилья);
  • 22:00, Хорватия — Испания ("Паркен", Копенгаген);
  • 29-июнь 01:00, Франция — Швейцария (Улуттук стадион, Бухарест);
  • 22:00, Англия — Германия ("Уэмбли", Лондон);
  • 30-июнь 01:00, Швеция — Украина ("Хэмпден Парк", Глазго).

Чейрек финал 2-3-июлда, ал эми жарым финал 6-7-июлда өтөт. Европа биринчилигинин башкы оюну Лондон шаарында 11-июлга пландалган.

Дагы бир жолу расписание Бишкек убактысы боюнча түзүлгөнүн эскертебиз.

124
Белгилер:
Расписание, оюн, футбол, Евро-2020
Тема боюнча
Согончогу менен гол киргизген футболчу. Бразилияда тартылган видео
Роналдуну тааныбай документин текшерген күзөтчү. Будапешттин стадионундагы видео
Москвадагы эл аралык мамилелер институту. Архив

Москвадагы эл аралык мамилелер институтуна сунушталган КР жарандары. Тизме

0
(жаңыланган 00:10 25.06.2021)
Талапкерлерди министрликтин Сынактык тандап алуу боюнча комиссиясы аныктап, алардын ЖРТда алган упайы жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгы эске алынган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. КРдин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтуна кабыл алууга сунушталган кыргызстандыктардын тизмесин жарыялады.

Мекеменин маалымат кызматы абитуриенттерди тандоо иши Россия менен Кыргызстандын ТИМинин ортосундагы кызматташуу программасынын алкагында жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

"Сынактык тандап алуу боюнча комиссия ЖРТнын жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктарын алды. Ошондой эле тандалган багыттар боюнча эң жогорку баллга ээ болгон талапкерлердин тизмесин бекитти", — деп айтылат маалыматта.

Талапкерлердин тизмеси

Бакалавриат

  • Абдымаликова Айзада Абдымаликовна (багыты эл аралык мамилелер)
  • Чалбаев Ильдар Уланбекович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Абылгазиева Айша Таалайбековна (багыты чет өлкөлүк аймак таануу)
  • Эрматова Саадат Сэйитбековна (багыты юриспруденция)
  • Мукаева Бермет Айдарбековна (багыты юриспруденция)
  • Маликова Дарин Маликовна (багыты экономика)

Магистратура

  • Бердиев Арген Равшанович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Караева Айжана Мааданбековна (багыты юриспруденция).
0
Белгилер:
тизме, талапкер, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
МГИМО кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алат. Шарт-талабы
Кыргызстандын 10 мыкты бүтүрүүчүсү тандап алган окуу жайлар
Россиялык университет кыргызстандык студенттерди кабыл алууда. Шарт-талабы