Бишкек мэриясы: маршрутка айдагандар толугу менен ишке чыкты

© Sputnik / Эмиль СадыровМаршрутка. Архив
Маршрутка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Борбор калаада кичи автобустун айдоочулары 2-июндан тарта иш таштап, жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышкан болчу.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкектеги маршрутка айдоочулары ишке чыккандыгын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
"Маршруткалар чыкты. Иш калыбына келди. Бааны көтөргөндөр боюнча сүрөт жана видео далилдерди (0554) 18-21-85 WhatsApp номерина жибериңиздер", — деп билдирди мэрия.
Подписание договора о поставке не менее 350 автобусов японской марки ISUZU в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Бишкек мэрия 350 автобус боюнча келишимге кол койду. 1-партиясы июлда келет
Белгилей кетсек, кичи автобустун айдоочулары 2-июндан тарта иш таштап, жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышкан.
Ишемби күнү, 5-июнда, Бишкекте айрым маршруткалар каттамга чыгып, бирок өз алдынча эле жол кирени 15 сомго көтөрүп алышкан. Мэрия мындай айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирген. Эртеси акырындан шаардыктарды ташып, ишке чыга башташкан.
Жол кире Бишкек шаардык кеңеши чечим кабыл алган убакка чейин мурункудай эле 10 сом бойдон калмай болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0