Келе жаткан жекшембиде Масалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Карта

© Sputnik / Табылды КадырбековМасалиев көчөсүндөгү унаалар. Архив
Масалиев көчөсүндөгү унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Мэрия мындан улам шаардыктардан 13-июнь, жекшембиде, жүрө турган маршрутун алдын ала аныктап алууну суранды.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкекте дуатлон боюнча чемпионат өтүп, андан улам Түштүк магистралдын бир бөлүгү 13-июнда жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Масалиев көчөсүнүн түндүк тарабы тосулуп, түштүк жагынын батышты көздөй кеткен багыты гана ачык болот", — деп айтылган маалыматта.
Мэрия мындан улам шаардыктарды ал жекшемби күнү жүрө турган маршрутун алдын ала аныктап алуусун суранды.
© пресс-служба мэрии города БишкекБишкекте дуатлон боюнча чемпионат өтүп, андан улам Түштүк магистралдын бир бөлүгү 13-июнда жабылат
Маршрут перекрытия части Южной магистрали из-за соревнований по дуатлону - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкекте дуатлон боюнча чемпионат өтүп, андан улам Түштүк магистралдын бир бөлүгү 13-июнда жабылат
Спорттук таймаш борбор калаанын түштүк тарабында, тагыраагы, "Ынтымак" паркында (Масалиев менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилиш аймагында) өтмөкчү.
Иш-чара эртең мененки саат 7:00дөн 13:30га чейин болот.
Бул 12-15 жаштагы балдар үчүн "СуперСпринт" аралыгына, андан сырткары, жеке жана командалык эстафета менен "Спринт" аралыгында Кыргызстандын Триатлон федерациясы өткөрө турган таймаш.
  • "СуперСпринт" аралыгы – 2 чакырым жөө чуркоо, 8 чакырым веложарыш жана 1 чакырым жөө чуркоо;
  • "Спринт" аралыгы – 5 чакырым жөө чуркоо, 20 чакырым веложарыш жана 2,5 чакырым жөө чуркоо.
Катышуучуларга ар кыл категориядагы медалдар ыйгарылмакчы. Иш-чарада 200 киши активдүүлүгүн көрсөтөрү дайын болду. Алардын арасында коңшу өлкөлөрдүн да спортчулары келмекчи.
Дуатлон боюнча жарыш адатта триатлон сезонун ачат, бирок COVID-19 боюнча оор кырдаалдан улам жайга жылдырылган.
Дуатлон – триатлондун үч этаптан турган бир дисциплинасы. Анын катышуучусу аталган этаптардын баарынан токтобой өтүшү керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0