Кыргызстан — Мьянма беттеши - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстан — Мьянма беттеши. Тексттик трансляция

Жазылуу
Бүгүн Япониянын Осака шаарында футбол боюнча 2022-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Мьянма менен Кыргызстан курама командалары беттешет.
Атаандаш команда шарттуу түрдө талаа ээси катары саналат. Бул Кыргызстандын тандоо турундагы жетинчи оюну. 15-июнда тайпанын лидери Япония менен кездешет. Теориялык жактан алганда улуттук команданын кийинки этапка чыгууга мүмкүнчүлүгү бар.
Sputnik Кыргызстан беттештин жүрүшүн онлайн-репортаж аркылуу айтып берет.
Мазмуну
14:20 11.06.2021
14:00 11.06.2021
13:46 11.06.2021
13:33 11.06.2021
13:29 11.06.2021
13:21 11.06.2021
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
14:59 11.06.2021

Кыргызстан бул жеңиши менен 10 упай топтоп, тайпада экинчи орунга чыкты. Биринчиде 15 упай менен Япония турат. Ал эми Тажикстан курама командасы да 10 упай топтогон. Киргизилген голдордун саны боюнча Кыргызстан артыкчылык кылганы үчүн экинчи сапка көтөрүлдү.
Эми 15-июнда Крестининдин шакирттери тайпа лидери Япония менен кездешет. Ал эми Ак Шумкарлар менен экинчи орунду талашып жаткан Тажикстан курама командасы Мьянма менен кез келет.

14:51 11.06.2021

Кошумча берилген убакыт бүттү. Кыргызстан 8:1 ири эсебинде утуп алды. Бул курама команданын тарыхындагы рекорддук эсеп болду.

14:49 11.06.2021

Калыс беттешке эки мүнөт кошуп берди. 

14:48 11.06.2021

Кезетеги чабуул, ашырылып берилген топту Ахлиддин Исралиов дарбазага таамай багыттай албай калды. Оюндун соңку мүнөттөрү жүрүп жатат.

14:45 11.06.2021

19-катар санындагы Эльдар Молдожунусовдун капталдан тепкени дарбаза мамысынан сыртка кетти. 

14:41 11.06.2021

Оюндун акыркы 10-мүнөтү жүрүп жатат. Мьянмалыктардын тепкен тобун коргоочу Айзар Акматов артка кайтарды. Эске салсак, Айзар Монголия менен беттеште дарбазага турган болчу.

14:36 11.06.2021

Оюндун 78-мүнөтүндө Эльдар Молдожунусов коргоочудан топту тартып алып, жакшы позицияда турган Мирлан Мурзаевге чыгарып берди. Ал мүмкүнчүлүктү пайдаланып гол киргизди. Эсеп 1:8 болду.

14:36 11.06.2021

Мьнямалыктар 6-номердеги оюнчусун чыгарып, ордуна 14-номердеги футболчусун киргизди. Беттештин 77-мүнөтү

14:34 11.06.2021

Беттештин экинчи бөлүгүнүн 74-мүнөтү. Мьянмалыктар активдүү ойноп башташты. Кезектеги чабуулун уюштуруп, офсайт болуп калды.

14:30 11.06.2021

Беттештин 68-мүнөтү жүрүп жатат. 

14:27 11.06.2021

6-катар санындагы оюнчунун тепкен тобу таамай болду. Эсеп 1:7

14:25 11.06.2021

65-мүнөттө мьянмалыктарда алмашуу болду. 17-номердеги оюнчуну 23-катар санындагы футболчу алмаштырды.

14:23 11.06.2021

Бүгүнкү беттештеги алгачкы голдун автору, 7-номердеги Турсунали Рустамов алмаштырылды. Анын ордуна Мустафа Юсупов кирди.

14:21 11.06.2021

Абай Боколеев жетинчи голду киргизди. Ага Одилжон Абдурахманов чыгарып берди.

14:19 11.06.2021

Мирлан Мурзаевдин 30 метрдей алыстыктан тепкен тобу каршылаштардын дарбазасына кирип кетти. Эсеп 0:6. Кыргызстан алдыда.

14:18 11.06.2021

Беттештин 58-мүнөтүндө кыргызстандыктар кезектеги чабуул уюштуруп, алмашууга кирген Одилжон Абдурахмановдун тепкен тобу командалашына тийип калды. 

14:17 11.06.2021

Кыргызсандык 15-катар санында жарым коргоочу Муролим Ахмедов Эдгар Бернхартты алмаштырса, Гүлжигит Алыкуловдун ордуна Эльдар Молдожунусов кирди.

14:15 11.06.2021

Мьянмалыктарга каршы дагы бир чабуул жасалып, команда капитаны КРдин айып аянтынын ичинен дарбазадан бийик тээп алды.

14:13 11.06.2021

Беттештин 54-мүнөтү. Мьянма чабуул жасап, биринчи жолу Кыргызстандын дарбазасын көздөй тепти. Бирок топту дарбазада турган чабуулчу Эрнист Батырканов тосуп алды.  

14:11 11.06.2021
Отборочный тур к Чемпионату мира-2022. Кыргызстан — Мьянма - Sputnik Кыргызстан
14:09 11.06.2021

Гүлжигит Алыкуловдун сол капталдан койгон чабуулун коргоочу эреже бузуу менен токтотту.

14:08 11.06.2021

Экинчи бөлүктүн 48-мүнөтү. Кыргызстандын курамында алмашуулар болду. 22 номердеги Алимардон Шүкүрөвдун ордуна 23-катар санындагы Ахлиддин Исраилов кирди. Ал эми Одилжон Абдурахманов Фархат Мусабековдун ордун алмаштырды.

14:05 11.06.2021

Оюн башталары менен коргоочу Турснали Рустамов орой аракети үчүн сары айып кагазы менен жазаланды.

14:02 11.06.2021

Биринчи тайм 0:5 эсебинде кыргызстандыктардын артыкчылыгы менен аяктады. 

14:01 11.06.2021
14:00 11.06.2021
13:59 11.06.2021
13:57 11.06.2021

Биринчи бөлүктө "Ак Шумкарлар" чабуулга ыктаган мыкты оюн көрсөттү. Бул бир жагынан сүйүнүчтүү болгону менен тайпадагы жалпы көрсөткүчтө зыяны тийиши мүмкүн. Анткени, Мьянма ири эсепте утулса, анда бешинчи орунга түшүп калат. Кыргызстан тандоо турунда Тажикстан курамасы менен оюнду экинчи орунда жыйынтыктап калса, анда киргизген голдордун айырмасы эсептелет. Мындай учурда "Ак Шумкарлардын" Мьянмага киргизген топтору эсепке кирбей калат.

13:49 11.06.2021
Фан-зона для просмотра матча Кыргызстан — Мьянма - Sputnik Кыргызстан
13:48 11.06.2021

Эсеп 0:5. Кыргызстан алдыда!

13:47 11.06.2021

Мирлан Мурзаев кайчылаш деп аталган сокку менен бешинчи голду киргизди!

13:46 11.06.2021

Биринчи бөлүккө калыс 1 мүнөт кошуп берди.

13:45 11.06.2021

Алимардон Шүкүров — АЗАМАТ!!! Эсеп 0:4

13:44 11.06.2021

Оюндун биринчи бөлүгү бүтөрүнө аз калды. Ак шумкарлар оюн талаасына ээлик кылып, Мьянманын дарбазасын көздөй тынымсыз чабуул коюп жатат. Албетте бул каршылаш команданын дарбазачысынын да, оюнчуларынын да айласын кетирүүдө.

13:43 11.06.2021

Комментаторлордун айтымында, Мирлан Мурзаев үчүн бул 61-жолу өтүп жаткан оюн.

13:43 11.06.2021

Мьянманын чабуулун коргоочу Айзар Акматов жокко чыгарды.

13:40 11.06.2021

Кайрадан оюнга кайталы. Кезектеги чабуул. Алимардон Шүкүровдун айып аянтынын ичинен тепкенин дарбазачы тосуп, топ талаа сыртына чыгып кетти. Бурчтан тебүү ийгиликтүү болгон жок.

13:38 11.06.2021
13:37 11.06.2021

Бул улуттук команданын 2019-жылдын 19-ноябрынан берки алгачкы голдор. Анда Бишкектеги Тажикстан менен болгон беттештин 83-мүнөтүндө Тамирлан Козубаев эсеп санын теңеген.

Андан кийинки оюн жакында эле Монголия менен болгон. Анда Кыргызстандын футболчулары 1:0 эсеби менен утулуп калган.

13:34 11.06.2021

Мында Фархат Мусабеков мыктылыгын көрсөттү!

13:32 11.06.2021

Кыргызстандыктар чеберчилик жагынан ат чабым алдыда экени көрүнүп турат. Оюн көбүнесе атаандаштардын бөлүгүндө өтүүдө.

13:29 11.06.2021

Оюндун 28-мүнөтүндө Гүлжигит Алыкулов коргоочуну буйтап өтүп, жакынкы бурчка тээп гол киргизди. Эсеп 0:2! Кыргызстандыктар алдыда!

13:27 11.06.2021

Мьянмалыктарда алмашуу болуп, 7-номердеги оюнчунун ордуна 9-номердеги футболчу чыкты.

13:26 11.06.2021

Кыргызстандыктардын кезектеги контр чабуулу, тилекке каршы, ишке ашпай калды.

13:25 11.06.2021

Мьянманын 14-номердеги оюнчусу КРдин жарым коргоочусу Алимардон Шүкүровду бетке тээп, орой ойноду. Калыс дароо кызыл айып кагазы менен жазалап, мьянмалыкты беттештен четтетти.

13:22 11.06.2021

Оюндун 22-мүнөтү. ГООООЛ!!!!! Мирлан Мурзаевдин капталдан көтөрүп берген тобун коргонуудан ойноп жаткан Турсунали Рустамов башы менен дарбазага багыттап койду.

13:20 11.06.2021
13:18 11.06.2021
Фан-зона для просмотра матча Кыргызстан — Мьянма - Sputnik Кыргызстан
13:17 11.06.2021

Ак шумкарлар агрессиялык чабуулун улантып жатат. Гүлжигит Алыкуловдун коргоочуну буйтап өтүп тепкен тобун дарбазачы тосуп алды. Беттештин 17-мүнөтү.

13:13 11.06.2021

Кыргызстандыктардын киргизген голун калыс офсайд деп санап, жокко чыгарды.

13:11 11.06.2021

Кыргызстандыктар кезектеги бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алышты. Натыйжа чыккан жок.

13:07 11.06.2021

Бешинчи мүнөт. Кыргызстандыктар мыкты чабуул жасап, Алимардан Шүкүровдун тепкен тобу дарбазанын сыртынан торго тийди. Бул азырынча беттештеги эң кооптуу учур.

13:04 11.06.2021

Бул беттеш экинчи жолугушуу болуп саналат. Бүгүн Мьянма шарттуу түрдө талаа ээси болуп саналат. Буга чейин 2019-жылдын 10-октябрында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болгон беттеште Ак шумкарлар 7:0 эсебинде уткан.

13:03 11.06.2021

Кыргызстандыктар биринчи чабуулда эле бурчтан чыгарып берүүгө мүмкүнчүлүк алышып, бирок ийгиликсиз болуп калды.

13:00 11.06.2021

Мьянма курама командасынын администратору каза болгонуна байланыштуу беттеш бир мүнөттүк аза күтүү менен башталды.

12:58 11.06.2021

Эскерте кетсек, кыргызстандык оюнчулар ак түстөгү форма кийип чыгышкан.

12:54 11.06.2021
Фан-зона для просмотра матча Кыргызстан — Мьянма - Sputnik Кыргызстан
12:52 11.06.2021
12:47 11.06.2021

Кыргызстан бул беттеште төрт-үч-үч схемасы менен чыгат, башкача айтканда, төрт коргоочу, үч жарым коргоочу жана үч чабуулчу болот.

Борбордук жарым коргоочу Эдгар Бернхарт, ага оң жагынан Алимардон Шүкүров, сол жагынан Фархат Мусабеков көмөктөшөт.

Абай Боколеев алдыңкы чабуулда. Мирлан Мурзаев менен Гүлжигит Алыкулов эки капталдан ойношот.

Мустафа Юсупов, Ахлиддин Исраилов, Алмаз Маликов, Элдар Молдожунусов, Муролим Ахмедов жана Одилжон Абдурахманов запаста болушат.

 

12:46 11.06.2021
Сборная Кыргызстана по футболу - Sputnik Кыргызстан, 1920
Дарбазага чабуулчу турат. Мьянмага каршы чыкчу КР футболчулары
12:27 11.06.2021

Азыр футболчулар оюн талаасында даярдык көрүп жатышат.

Отборочный тур к Чемпионату мира-2022. Кыргызстан — Мьянма - Sputnik Кыргызстан
12:25 11.06.2021

КФСтин жетекчилиги жогорку футболдук уюмдарга, уюштуруу комитетине, Кыргызстандын Япониядагы элчилигине кырдаалды жөнгө салуу боюнча кайрылуу кат жолдогон. Футболдук союз азыркыга чейин алардан эч кандай жооп боло электигин кошумчалады.

12:24 11.06.2021

Бүгүнкү оюнга коргоочулар Валерий Кичин, Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев жана дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токотаевдер чыкпайт. Откеев COVID жуктурган деп шектелгендиктен "кызыл" зонага, ал эми калгандар "сары" зонага алынган. Мындан сырткары, коргоочулар Тамерлан Козубаев менен Кайрат Жыргалбек уулу ашыкча эскертүү алганы үчүн оюнга катыша албай калды.

12:23 11.06.2021

Улуттук команда 7-июнда 2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Монголия менен беттешип, 1:0 эсебинде утулган. Тандоо этабынын калган оюндары ушул күндөрү борборлоштурулган форматта Япониянын Осака шаарында өтүп жатат.

Кыргызстандын үч дарбазачысы тең COVID илдетине шектелип Монголия менен беттешке киргизилген эмес. Дарбазага коргоочу Айзар Акматов турган. КФС белгилегендей, кыргызстандык айрым футболчулар оюндан четтетилгени беттешке эки саат калганда эскертилген.

12:22 11.06.2021

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасына жардам берүү үчүн дарбазачы Павел Матяш Японияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан футболдук союзунун өкүлү Нурдин Букуев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, COVID жуктургандар менен байланышта болгон деп шектелген кыргызстандык футболчулар Японияда өтүп жаткан оюндарда такыр ойнобой калышы толук мүмкүн.

"Япониянын футболдук ассоциациясы, Эл аралык футбол федерациясы, Азия футбол конфедерациясы жана башка тиешелүү уюмдар көйгөйдү чечүү үчүн зарыл делген бардык аракеттерди жасап жатышат. Бирок Япония өкмөтүнүн эрежесине каршы эч кандай чара көрө албай жатабыз. Биздин кеңейтилген тизмеде дарбазачы Павел Матяш бар эле, аны жибердик. Бул боюнча машыктыруучулар штабына жана оюндарды уюштуруп жаткан тарапка да маалымдалды. Ал бүгүн беттештин экинчи бөлүгүнө жетишип калмак, бирок үч күндүк карантинге алынышы керек. Башкача айтканда, 15-июнда Япония менен боло турган беттешке кирип калат деп үмүттөнүп жатабыз", — деген Букуев.

12:20 11.06.2021

Кыргызстандыктар оюн талаасына ак түстөгү кийим менен чыгышат. 

12:20 11.06.2021
12:17 11.06.2021

Кыргызстан футболдук союзу улуттук команданын курамын жарыялады.

12:16 11.06.2021

Тилекке каршы, биздин улуттук команда үчүн турнир бир катар кыйынчылыктар менен коштолууда. Коронавируска кабылган деген шек менен жана айып кагаздардын айынан алдыңкы футболчулар оюнга катыша албай турат.

12:15 11.06.2021

Саламатсыздарбы, футбол күйөрмандары! Sputnik Кыргызстан агенттиги ушу тапта Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан мелдештен түз трансляция жүргүзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0