Курама команданын капитаны Мирлан Мурзаев. Архивдик сүрөт

Футбол: Кыргызстан Мьянманын дарбазасына киргизген голдордун видеосу

289
(жаңыланган 16:15 11.06.2021)
Курама команданын капитаны Мирлан Мурзаев хет-трик жасады. Ага тиешелүү үч голдун экөө оюндагы эң кооз гол болду деп айтсак болот.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн мьянмалык атаандаштарын 8:1 эсебинде утуп алды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik.kg)

Курама команданын капитаны Мирлан Мурзаев хет-трик жасады. Ага тиешелүү үч голдун экөө оюндагы эң кооз гол болду деп айтсак болот. Андан тышкары, Турсунали Рустамов, Гүлжигит Алыкулов, Алимардон Шүкүров, Фархат Мусабеков жана Абай Боколеев атаандаштын дарбазасына бирден топ киргизишти.

Бүгүнкү оюн кандай өткөндүгүн толугу менен билгиңиз келсе, Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясын окуңуз.

289
Белгилер:
видео, футбол, гол, Мьянма, Кыргызстан
Тема боюнча
Футбол: Кыргызстан гол киргизүү көрсөткүчү боюнча жеке рекордун жаңыртты
Кыргыз футболчулары Мьянманы караандатпай утуп алды
Гаитинин курама командасынын дарбазачысы Жосуэ Дюверге оюн учурунда

Башын мыкчып... Гаитинин дарбазачысы өзүнө гол киргизип алган видео

185
(жаңыланган 16:29 17.06.2021)
Голкипердин оңтойсуз аракетинен атаандаш команда упай алып кетти. Гаити менен Канада 2022-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын алкагында беттешкен.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Гаитинин курама командасынын дарбазачысы Жосуэ Дюверге өзүнө гол киргизип алганын Eurosport жазды.

Тайпанын коргоочусу дарбазачыга топту тээп берген. Ал топту токтотом деп бутунун ортосунан өткөрүп жиберген, анан кайра аны сыртка чыгарам деп тоголонуп бараткан топко буту жетпей калган.

​Гаити Канада менен 2022-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын алкагында беттешкен. Жыйынтыгында Канада 3:0 эсеби менен утту.

185
Белгилер:
видео, гол, дарбазачы, футбол, Канада, Гаити
Тема боюнча
45 метрден тебилген гол менен дарбазачы кошо кирип... Евро–2020нын видеосу
Фжылдызы Криштиану Роналду

Роналдуну тааныбай документин текшерген күзөтчү. Будапешттин стадионундагы видео

201
Стадиондун кызматкери атактуу португалиялык спортчуну документин алып көргөнөн кийин гана кое берген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Будапешттеги стадиондо футбол жылдызы Криштиану Роналдуну тааныбай койгон күзөтчүнүн видеосу социалдык тармактарда тарап жатат.

Роликти ESPN каналы да жарыялаган. Окуя Евро-2021де Португалия менен Венгриянын беттеши алдында болгону айтылды.

​Кийим которгон жайга бараткан Португалия курама командасынын чабуулчусун стюарддардын бири токтотуп, документтерин сураган.

Видеодон күзөтчү футболчунун документтерин карап, баары дал келгенине ынангандан кийин гана кое бергени көрүнүп турат.

Роликтин алдындагы комментарийлерде атактуу футболчу тагынып жүргөн бет кабынан улам да таанылбай калганын айткандар болууда.

201
Белгилер:
стадион, бет кап, футбол, Евро-2020, күзөтчү, Криштиану Роналду
Тема боюнча
Голу эсептелбей калган Роналду капитандык лентасын ыргытып салды. Видео
Түнкүсүн Бишкектин борборунун көрүнүшү. Архив

Бишкектин жарымы жарыксыз калды. Энергетика министринин түшүндүрмөсү 

0
(жаңыланган 22:56 17.06.2021)
Жарык Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө өчкөн.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда жарык Казакстандын энергосистемасында авариялык кырдаал жаралгандыктан өчтү. Бул тууралуу "Улуттук электр түйүнү" ишканасынын маалымат кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева билдирди.  

Буга чейин ордо калаанын тургундары соцтармакка жарык өчкөнүн жазышкан. Ал тургай электр жарыгы Жогорку Кеңештин имаратында да жок болгон. Анын себебин энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймурзаев өлкө боюнча жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткени менен түшүндүргөн.  

"Коңшу мамлекетте авария болуп, Токтогул ГЭСи былтыркыдай кырдаалды  жөнгө салды", — деди ал.  

Ишкананын маалымат кызматы саат 19:28те "Л-514 Фрунзенская-Шу" линиясында авария болгонун билдирди.  

"Борбор Азиянын бириктирилген энергосистемасы Казакстандын түндүгүндөгү бирдиктүү энергосистемадан өзүнчө бөлүнүп чыккан. Өлкө боюнча автоматтык түрдө жыштыкты жөнгө салуу жабдуусу иштеп кеткен. Саат 20:26лар чамасында "Фрунзенская-Шу" линиясы транзитке кошулуп, саат 20:55те жарык берилди", — деди Саргашкаева. 

Электр кубаты Чүйдүн Москва, Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунда жана Бишкек шаары менен Токмоктун айрым бөлүктөрүндө өчкөн.

0
Белгилер:
себеп, жарык өчүрүү, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эч кандай энергетикалык кризис жок, өчүрүү да болбойт. Министрлик үн катты
Өчүрүп чык! Электр кубаты үчүн аз акча төлөөнүн 10 жолу